Украина: Байден менен Жонсон дипломатиялык чечимден үмүттөнөт

Сүрөттүн булагы, TASS/GETTY IMAGES
АКШ менен Британиянын лидерлери Украина кризисине байланыштуу дипломатиялык чечим табуудан үмүт өчө элек экенин айтып, бирок кырдаал морт экенин эскертти.
Орусиянын аскердик аракеттеринен улам жаралган кырдаалга карабастан 40 мүнөткө созулган телефон сүйлөшүүдө АКШнын президенти Жо Байден менен Британиянын премьер-министри Борис Жонсон келишимге келүү ыктымалдыгы бар экенине макул болушту.
Чек арага жакын аймакка 100 миңден ашуун аскерди жайгаштырганына карабастан Орусия Украинаны басып алуу планы жок экенин ар дайым айтып келген.
Дүйшөмбү күнү Орусиянын тышкы иштер министри дипломатия “колдонуудан чыга элек” экенин билдирди.
Ондон ашуун өлкө өз жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырып, АКШ абадан сокку уруу “кайсы гана убакта” болбосун башталарын айткан.
Бирок Британия өкмөтүнүн билдирүүсүнө ылайык, Жо Байден менен Борис Жонсон дипломатия үчүн “чечүүчү орун” калганын айтышкан.
“Премьер-министр менен Байден башка дүйнөлүк лидерлер менен жакында эле жүргүзгөн сүйлөшүүсү жөнүндө бири-бирине маалымат беришти”, — делет билдирүүдө.
“Алар дипломатия жана Орусиянын Украинаны коркутуусун токтотуусу үчүн чечүүчү орун калганына макул болушту. Лидерлер Украинага андан ары бастырып кирүү Орусияны узак мөөнөттүү кризиске кептерин баса белгилешти. Анын кесепети Орусияга да, дүйнөгө да тиери айтылды”, — деп кошумчаланат расмий маалыматта.
Жонсон жардам берүү үчүн Британия баарын жасоого даяр экенин айтканы жана ага карата Байден “Сенсиз биз эч жакка барбайбыз, бурадар” деп жооп бергени айтылууда.
Басымга карата Британиянын жообун талкуулоо үчүн Жонсон шейшемби күнү министрлер кабинетинин жыйынын өткөрөрү күтүлүүдө.

Дагы башка окуялар:
- Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерриш “козутуучу чакырыктардан” алыс болууга чакырып, тынчтык жолу менен чечим табуу үчүн ордунан козголбогон бир дагы ташты калтырбай турганын билдирди
- Украинанын президенти Владимир Зеленский өз элине кайрылуу жолдоп, 16-февралды “биримдик күнү” деп атады. Дал ушул датада АКШнын расмийлери Орусия Украинага кол салышы мүмкүн деп айтышкан эле
- Пентагондон айтышкандай, Орусия Украина менен чек арасына жакын аймакта аскердик жабдууларын көбөйткөн жана Орусиянын президенти Владимир Путин эгер аскердик күчтү колдонгусу келсе, көптөгөн варианттарга ээ
- АКШнын Киевдеги элчилиги толугу менен эвакуацияланып, өлкөнүн батышындагы Львов шаарына жайгашууда
- Орусиянын коргоо министри Путинге билдиргендей, Украинанын чек арасына жакын аймактагы өлкөнүн аскердик машыгуулары аяктап, калгандары бүтөйүн деп калды
- Батыш менен макулдашуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө суроого Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “мүмкүнчүлүктөр түгөнө элек, алар албетте түбөлүккө чейин да болбойт, бирок мен аларды улантып, көбөйтөлү деп сунуштайт элем” деп жооп берди
Путин менен жолугушуу учурунда Лавровдун жасаган комментарийи сүйлөшүүлөр чыңалууну басаңдата аларына ачык эле ишарат кылгандай болду. Бирок аналитиктердин айтымында, эки тарап тең Украинанын НАТОго кошулуусу боюнча татаал маселеде аракетке өтпөсө, жол туюк бойдон тура берет.
Кремль Украинанын НАТОго кирүүсүн кабыл албай турганын айтып, аны четке кагууну талап кылган. НАТОнун мүчөлөрү мындай өтүнүчтү кабыл алган эмес.
Дүйшөмбү күнү Германиянын канцлери Олаф Шолц кризистик сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Киевге барган. Ал Украина менен бир экенин билдирүү үчүн аймакка барган Батыштагы акыркы лидер.
Шолцтун айтымында, Орусиянын Украина чек арасына жакын жерде аскерлерин жайгаштырууга “эч кандай акылга сыйчу негиз жок” жана Батыштагы мамлекеттер эгерде Орусия кол сала турган болсо, анда “узак мөөнөттүү жана натыйжалуу санкцияларды” киргизмекчи. (EA)












