Украинадан чыккан чыңалуу: Россия дипломатиялык жолду көрүп турат

Эммануэль Макрон

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул аптада Эммануэль Макрон Батыш менен Россиянын ортосунда Украина боюнча курчуган мамилени жумшартуу боюнча дипломатиялык аракеттердин башында болду.

Россиянын Евробиримдиктеги элчиси Би-Би-Сиге анын өлкөсү Украинанын айланасындагы кризисти чечүүгө дипломатия жардам берет деп ишенип жатканын билдирди.

Владимир Чижов Москванын басып кирүү максаты жок, бирок Россияны өзүнүн оюнан кайтууга кысмалаштын кереги жок деп эскертти.

Бул дүйшөмбү менен шейшембидеги активдүү дипломатиялык иш-аракеттерден кийин болуп жаткан сөз.

Россия Украинага басып кирүүгө эч кандай планы жок экенин кайра-кайра айтып келатат.

Бирок Украина менен болгон чек арасында 100 миң аскер топтоп койгондуктан, батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ, орустар качан болбосун чабуул башташы мүмкүн деп жатышат.

2014-жылы Россия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алган. Ошондон бери Украинанын чыгышында конфликт токтобой келатат, Россия колдоого алган жикчилдер бир топ аймакты ээлеп көзөмөлдөп турат, кеминде 14 миң адам жоготуу болду.

Бейшембиде Россия Украинанын коңшусу, өзүнүн союздашы Беларустун аймагында он күндүк аскердик машыгууларды баштаган жатат. Анда 30 миңдей орус аскери катышары күтүлүүдө.

Кремлдин өкүлү биргелешкен машыгуулар сырттан коркунуч күчөгөн убакта болуп жатканын айтууда.

Бирок Чижов мырза Би-Би-Сиге азыркы убакта Беларуска топтолгон орус аскери машыгуулардан кийин өзүнүн туруктуу ордуна кайтып кетет деди.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Джен Псаки бул машыгуулардын региондогу чыңалуунун убагында өтүп жатканын “эскалация” деп атоодо.

Тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жанданышы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Франциянын президенти Эммануэль Макрон жетектеген эки күндүк интенсивдүү дипломатиядан кийин кризистен чыгуунун дипломатиялык жолдору жөнүндө сунуштар айтылууда. Сөз Украинанын чыгышындагы конфликтти токтотууга багытталган Минск келишимин азыркы кризисти чечүүнүн негизи катары пайдалануу жөнүндө.

Украина, Россия, Франция жана Германия 2014-2015-жылдардагы келишимди колдоого алышууда.

Айрым дипломаттар бул келишимдер деэскалацияга жол ачарын белгилеп жатканда, Франциянын АКШдагы элчиси Филипп Этьен Твиттерге аларды “чындап иштей турган саясий чечимдерди” куруу үчүн пайдалануу керек деп жазды.

Президент Макрон сүйлөшүүлөр бейшембиде жанданарын, ал Россия, Украина жана Франция, Германия катышкан “норманд төртилтиги” форматында өтөрүн билдирди.

Чижов Россия Украинанын чек арасынан аскерин чыгарып кетерин айткан жок, анын ордуна Россиянын алдында турган украин аскеринин санын эмнеге эч ким сөз кылбай жатканын сурады.

Бирок, ал кийинки сүйлөшүүлөр кайсы бир деңгээлде натыйжалуу болушу мүмкүн деген оюн билдирди.

«Биз, албетте, дипломатияга дагы эле орун бар деп эсептейбиз», — деди ал Би-Би-Синин Европа бөлүмүнүн башчысы Катя Адлерге.

Владимир Чижов ошондой эле НАТОнун Чыгыш Европада кеңейиши сүйлөшүүлөрдүн эң өзөктүү маселеси деп айтты.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Владимир Чижов ошондой эле НАТОнун Чыгыш Европада кеңейиши сүйлөшүүлөрдүн эң өзөктүү маселеси деп айтты.

Россия Батышка Европадагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өзүнүн бир катар талаптарын билдирген, анын ичинде Украина эч качан НАТОго кабыл алынбасын деп келатат.

Бул талап четке кагылган, анткени батыш өлкөлөрү Украина өзүнүн коопсуздук чараларын өзү гана чечет деп эсептешет.

Бирок Россиянын ЕБдагы элчисинин айтымында, Россия НАТОнун чыгышка кеңейишин бардык сүйлөшүүлөрдүн эң орчундуу пункту деп эсептейт.

«Биз муну унутуп койбойбуз. Аны унутуп коюуга акыбыз жок. НАТОнун кеңейишинин беш толкуну — биз күткөн, сүйлөшкөн эволюция эмес», — деди Чижов Би-Би-Сиге.

Элчинин сөзүндөгү сүйлөшүүлөрдү улантуу керек деген оптимизм россиялык аскердик эскалацияны токтотуу боюнча европалык лидерлердин эки күндүк жигердүү дипломатиясынан кийин пайда болуп отурат.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Москва, Киев жана Берлинге чапкылап, бул иш-аракеттердин башында баратат.

Украин президенти Владимир Зеленский менен шейшембиде жолуккандан кийин Макрон Россия менен Украинанын лидерлери Минск тынчтык келишимин аткарууга даяр экенин ырасташканын билдирди.

Зеленский буга чейин өзүнөн мурдагы президент кол койгон келишимди Донбасстын бир бөлүгүн көзөмөлдөгөн козголоңчул топторго өтө ыңгайлуу болуп калган деп сындап келаткан эле.

Москва болсо украин өкмөтүн келишимди аткарбай жатат деп көптөн бери айтып келатат, дүйшөмбүдө болгон басма сөз жыйында эле орус президенти дал ушул келишимди урматтоого Украинаны чакырды.

“Силерге жагабы-жакпайбы, сулуу, буга баш ийбей кое албайсыңар”,-деди Путин.

Шаршембиде Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песко "Украина боюнча чечим Минск келишимин аткарууга гана негизделиши керек деген позитивдүү билдирүүлөр” бар деп айтты.

Бирок Украина менен Россия бул келишимдин практикада иштешине карата эки ача пикирде, Киев чыгыш региондоруна абдан чоң автономия берилип калат деп кооптонуп турат.