Макрон менен Зеленский жолукту: Франция Украинага 1,2 млрд евро бөлөт

Макрон-Зеленский

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Киевде украин лидери Владимир Зеленский менен жолугушту. Эки өлкөнүн президенттери Украинанын чыгышындагы конфликтти талкуулап, бир катар тармактарда кызматташтык жөнүндө макулдашты, анын ичинде Украинага финансылык жардам жөнүндө да сүйлөштү. Макрон андан мурда Москвада Путин менен жолуккан эле.

Макрон менен Зеленскийдин сүйлөшүүлөрү бир топко созулду: журналисттерге пландалгандан бир саат кеч чыгышты. Ошол себептүү брифинг кыска форматта болду – Макрон менен Зеленскийге украин жана француз медиасынан бирден гана суроо берилди.

 Зеленский жолугушууну ачып жатып, бул француз президентинин Киевке 24 жылдан бери биринчи сапары экенин белгилеп, сүйлөшүүлөрдүн өзөгүндө Украинанын чыгышындагы тынчтык процесси болгонун билдирди.

Макрон-Зеленский

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Украин президенти Макро менен кызматташтык тууралуу бир нече макулдашууга жетишкенин айтты. Финансылык жардамдан сырткары француз компаниялары Украинага коргоо секторун реформалоого жардам беришет, ал эми украиналык темир жол монополиясы Франциядан жаңы локомотивдерди сатып алат. 

“Экономикалык колдоо абдан маанилүү, биз башка өлкөлөр менен да тилектештиктин ушундай кадамын, ушундай кубаттуу кадам Эммануэлдин өзү тараптан болуп жатканын баалайбыз. Франциядан Украинага 1,2 млрд евро макрофинансылык жардам бөлүнүүдө. Бул биздин экономиканы турукташтырууга чынында эле чоң жардам. Биздин азыркы жүрүшүбүз жаман эмес, бирок бул Украинанын экономикалык бекемделиши үчүн күчтүү кадам”, -деди украин лидери.

1,2 млрд еврону Макро дагы өз кезегинде айта кетти, бирок аны макрофинансылык жардам дебей, француз компанияларынын украин долбоорлорун каржылоонун мамлекеттик кепилдиги деп атады. Тийиштүү макулдашуу май айында эле болгон, бирок азыр Макрон Киевге өзү келип аткандан кийин 1,2 млрд боюнча эки келишимге кол коюлду.

Анын бирөө боюнча 900 млн еврого француздардын Alstom локомотивдерин жиберүү каралган, экинчиси боюнча 300 млн еврого куткаруучулар үчун 370 атайын техника алып берилет.

Ал эми макрофинансылык жардамга келсек, аны февралдын башында эле Евробиримдик Украинага убада кылган. Сумма ошол эле - 1,2 млрд евро. Сөз кепилдиктер жөнүндө эмес, Украинага эң төмөнкү пайыз менен бериле турган тикелей, узак мөөнөттү кредиттер жөнүндө болуп жатат.

Өлкөнүн чыгышындагы кырдаал боюнча Зеленский “Норманд форматындагы” жолугушуу саясий кеңешчилер деңгээлинде болгону жатканын айтты. Елисеев сарайы андан мурда Макрон ушундай форматтагы жолугушуу жөнүндө Путин менен макулдашканын жарыялаган.

Макрон эки тарапты сөздө дагы, иште дагы сабырдуулукка чакырды. Ал Путин жана Зеленский менен жолугушуудан кийин Украинанын чыгышындагы кырдаал жөнүндө сүйлөшүүлөр алдыга жылышы мүмкүн жана Россия менен Батыштын ортосундагы чыңалууну азайтууга конкреттүү практикалык чечимдер бар деп айтты.

Журналисттер Зеленскийди Владимир Путиндин Украинаны Минск келишимин аткарууга чакырып, “Жагабы-жакпайбы – чыда, менин сулуум” деп ырдан үзүндү айтканына карата пикирин сурашты.

Украин президенти жооп берип жатып, орусча тилге өтүп, бул конфликтте украиндердин чыдамдуулугунан көп нерсе көз каранды деди.

Макрон менен Кремль: сүйлөшүүнүн жыйынтыгы жөнүндө эки ача билдирүүлөр

Путин менен Макрон дүйшөмбүдө Украинанын айланасындагы кырдаалды алты саат талкуулашты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин менен Макрон дүйшөмбүдө Украинанын айланасындагы кырдаалды алты саат талкуулашты.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Украинанын баш калаасына шейшембиде эртең менен келгенде Макрон Путин менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жаңы билдирүү жасады.

“Мен түшүндүм, жаман жагына кетпейт, эскалация болбойт”,-деди ал журналисттерге аба майданынан.

"Менин максатым оюнду токтотуу, эскалациянын алдын алуу жана жаңы жол ачуу эле,-деди Макрон. – Мен ушул максаттарга жеттим деп эсептейм”.

Андан мурда Москва менен Париж дүйшөмбүдө Москвада болгон сүйлөшүүлөр жөнүндө эки ача билдирүү жасашты.

Financial Times француз булактарына таянып, Москва аскердик аракеттерге барбай турган болду, биргелешкен машыгуулардан кийин Беларустан аскерлерин чыгарып кетүүгө милдеттенди деп кабарлады.

Буга Кремлде дароо эле башкача жооп болду. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус аскерлери машыгуулардан кийин Беларуста калат деген сөз эч качан болгон эмес деди.

"FT, туура эмес мааниде жазды. Москва менен Париж эч кандай бүтүм чыгарышмак эмес, бул мүмкүн эмес", - деди Песков журналисттерге.

Андан соң Елисеев сарайы билдирүү таркатты, анда дагы орус аскеринин Беларустан чыгышы, европалык коопсуздук жөнүндө жыйнактуу диалог жүргүзүү жана “Норманд форматындагы” жолугушууну саясий кеңешчилер деңгээлинде өткөрүү жөнүндө айтылат.

Батыш Москваны Украинанын аймагына жаңы аскердик кол салуу ниетин көздөп, анын чек арасында жайнаган аскер топтоп жатат деп айыптоодо.

Кремль Украина менен согушпай турганын, бирок батыш өлкөлөрүнөн “коопсуздук кепилдиктерин” талап кылып, анын ичинде НАТОго Украина кабыл алынбасын деп жатат.

Түндүк Атлантика альянсы бул талаптарды четке какты.

Бир апта мурда Путин НАТОнун жообуна нааразы экенин билдирди.

“Биз НАТО кеңейбесин, орус чек арасында чоң курал системалары коюлбасын жана блоктун аскердик инфраструктурасы 1997-жылдагы абалга, Россия-НАТО ортосунда негизги актыга кол коюлган учурдагы абалына кайтарылсын деген үч орчундуу талабыздын эч кандай эске алынбаганын көрдүк”,-деди ал венгер премьери Виктор Орбан менен жолугушуудан кийин.

Европа менен АКШ жаңы агрессия Россиянын өзүнө абдан оор санкцияларга алып келет деп эскертүүдө.

Макрон менен Путиндин дүйшөмбүдөгү жолугушуусу бул дипломатиялык конфликттин өнүгүшүндөгү кезектеги кадам болуп калды, бирок байкоочулар деэскалация боюнча эч кандай чоң конкретттүү иш болгон жок деп жатышат. (КС)