НАТО-Россия кармашында Украина суверенитети сыналат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алмаз Кулматов, коомдук ишмер
“Россия Украинага ана кол салат, мына кол салат, мыкты куралданган 100 миң орус аскери чек арага жакын турат, орустар чабуулга даяр, согуш баштала турган болду, чет өлкөлүк дипломаттар Украинадан чыгып кете баштады” деген жаңылыктар дүйнөлүк медиа мейкиндикте соңку мезгилде башкы темага, эмки тил менен айтканда трендге айланды.
Жекшембиге биртоп мамлекет өз жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырды. Чет мамлекеттердин, айрыкча Европа өлкөлөрүнүн Киевде иштеп жаткан элчиликтери ишин убактылуу токтотуп, дипломаттарын санын азайтып, айрымдары чыгарып кеткени, АКШ Киевдеги элчилиги виза берүү ишин кыскартканы байма-бай кеп боло баштады.
Ошол эле учурда Европа шериктештигинин тышкы иштер боюнча өкүлү Жозеп Боррель дипломатиялык өкүлчүлүктөрүбүз жабылган жок, бирок жарандарыбыздын коопсуздугу боюнча тиешелүү чараларыбызды кырдаалга жараша өзгөртүп турабыз, аларга Украинада жүрүү боюнча рекомендацияларды берип жатабыз деп билдирди.
Россия Украинага кол сала турган дата да эки аптадан бери так айтыла баштады. Bloomberg агенттиги орустардын чабуулу 15-февралда башталаарын Вашингтондогу өз булактарына таянып маалымдаса, Spiegel журналы 16-февралды чабуул баштала турган күн деп атады. Согуштун башталаар датасын кабарлаган агенттиктер маалыматты аскерий, саясий жана чалгын кызматтарындагы аноним инсайдердик булактарга таянса, айрымдары президент Джо Байдендин Европа лидерлери менен сүйлөшүүлөрү учурунда кеп болгон имиш деп шилтеме кылып жатышты.
Согуштун башталыш күнү тууралуу ысымы даана аталган, сөзү анык бир гана булакты атоого болот. Бул - Америка президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Джейк Салливан. Вашингтондогу ири чиновниктин айтымында, Путин чабуул баштоо тууралуу чечим кабыл ала элек, бирок орустар Бээжиндеги Олимпиада оюндары аяктаганча кол салышы ыктымал деген божомолун билдирген имиш.
Көрүнүп тургандай, деперсонификацияланган, аты-жөнү белгисиз, аноним же кыйыр булактар, такталбаган, бирок так делген маалыматтар, көбүн эсе имиштер, анан жоон топ аналитиктердин, эксперттердин божомолу.
Абройлуу басылмалардын мындай маалыматтары түркүн медиа каражаттарга чагылгандай тарап, медиа мейкиндикте гана эмес, коомчулукта да кадимкидей дүрбөлөң жаралып, ири алдыда ишкерлер кооптоно баштады.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Маселен, авиакаттамдарды тейлеген камсыздандыруу фирмалары Украина тарапка учмакчы болгон жүргүнчүлөрдү камсыздандырууну токтотсо, айрым авикомпаниялар (мисалы Нидерланддык КLM) учкандан баш тартууда. Биржаларда да кооптонуу сезилүүдө.
Согуш баланчасында башталат деген маалыматтар жалганга чыгышын тилейли, бирок буга кызыктар күчтөр ушул датаны мелжеп, ушул келген олжону колдой чыгарбай, дал болжонгон күнү чагым, провокация уюштурса, анда геосаясий ландшафт кескин өзгөрүп, саясий аракеттер согуш театрына айланат.
Ошентип, эгерде жогорудагы маалыматтар чын болсо, согуштун карааны “калдайып” көрүнүп туру. Маалыматтык, идеологиялык согуш ири державалар ортосунда эч качан токтогон эмес. Күчөгөндөн күчөөдө. Бирок, дагы башка барандуу нерселерди байкабай коюуга болбойт.
Биринчиден, ошол эле учурда, жамгырдай кылып жаа атып, мөндүрдөй кылып ок атып, Украинага кол салмакчы болгон Россия андай ниети жок экенин улам-улам айтат. Чукулда ишке ашчу агрессиянын потенциалдуу курмандыгы Украина айгай салып, эли-журтуна ураан чакырып, аскер күчтөрүн жогорку даярдыкка келтирип, согуш эрежелерине ылайык иштерди шашылыш жүргүзүүгө тийиш эле. Андай кадамдар, аракеттер байкалбайт.
Украин бийлиги ашкере токтоо, анча-мынчаны тоотпогон деңгээлге чыккан окшобойбу. Украин коргоо министри Алексей Резников “биз ар кандай сценарийге даярбыз, агрессор Киевге, Одессага, Харьковго, бир да шаарыбызга жолой албайт” деп ишенимдүү билдирди. Мындай токтоолуктун жана ишенимдин артында кубаттуу дем, кудуреттүү күч жаткан чыгар, болбосо эки облусунан, Крым жарым аралынан алеки саатта ажыраган өлкө Россиядан сестениши, тийиштүү даярдык көрүшү керек эле.
Адатта мындай учурларда дароо жаралчу универсал, кимге пайда (Cui bono же Cui prodest) деген юриспруденция менен саясаттагы классикалык суроо азырынча бейжооп.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок окуялардын мындай өңүттө өнүгүшү айрымдарга пайдасын эмитеден тийгизе баштады. Иррационалдуу электораттын адегенде зор колдоосуна ээ болуп, иштей баштагандан бери басыгы жайлай түшкөн, баштагыдай койколоңдогонго чамасы аз Зеленский ички проблемалардан арылбаса да, алыстай түштү. Тыштан экономикалык жардам, саясий колдоо ала баштады. Дүйнөлүк медианын жылдызына айланды. Рейтинги өспөсө да биротоло түшүп кетпей кармалып туру. Украин журту кай бир деңгээлде алаксыды.
НАТО-Россия тиреши орус бийлигине да идеологиялык, саясий пайдасын тийгизди. Орус коомчулугу да тышка алаксыды, ички проблемалар субай жылкыдай алыскы төр жайлоого айдалып, империялык сезими кайра козголду. “Ата мекен коркунучта!” деген пассионардуу, орус журтун не бир эрдиктерге шыктандырып, биримдигин ширелтип келген ураан жаңырбаса деми да абада калкып туру.
АКШ менен Батыштын утушу белгисиз. Европа деле бир беткей эмес. Ар кимисинин өз кызыкчылыгы, өз көздөгөнү бар. Мынча башталган соң мындай чыңалуунун авторлорунун көздөгөнү кантип болбосун. Бар. Бирок али ачыктала элек. Саясат таануудагы акылгөйлөр түркүн ойлорду айтканы менен, чыныгы максат, түпкү ниет белгисиз.
Божомолдордун калың массасында калгыбыз келбейт, бирок мындай карама-каршылыктар эзелки атаандаштыктын, эски кармаштын жаңы күүсү экени талашсыз. Глобалдык кармаштын мындан ары мындан да күчөп, улам бир регионго кулачын жайып, улам бир маселеде курчумагы анык. Болгону форматы өзгөрөт, мазмуну кеңейет. Эски СССРдин курамындагы салттуу таасиринен улам айрылып, таасир этүү географиясы улам кемип бараткан Россиянын тынч калмагы күмөн.
Айрым аналитиктер НАТО-Россия кармашынан улам Кариб кризисин да эстеп, салыштырып жиберишти. Ошол сымал кризистерде лидерлердин интеллекти бийик болсо, аскерий, өнөр жай, кыскасы согуш менен киндиктеш кубаттуу ар кандай бизнестен эркин элита (мисалы Кеннеди) мамлекет башында, жок дегенде кармаштын бир тарабында чечүүчү позицияда болсо, кризис катастрофага айлана электе абалдан чыгып кетүүгө болоорун тарых тастыктап турат.
Адегенде НАТО менен Россиянын пикир келишпестиги боюнча маселеден, андан алда канча мурдагы геосаясий кармаштан улам тутанган чыр Украин өлкөсүн глобалдык тирештин объектисине айлантты. Украина менен Россия сүйлөшө албай келет. НАТО менен Россиянын кармашында Украина өлкөсүнүн суверенитети, аймактык бүтүндүгү сыналат жана Россия менен Европанын коопсуздугуна шек келтирет.
Милиондогон карапайым элге түйшүк жаратат, убайга салат. Суверендүү Украина эл аралык мамилелердин субъектиси катары роль ойноодон калып, талаш-тартыштын объектисине айланмагы толук ыктымал. Мындай өлкөнүн кайрадан субъект даражасына чыгуусу оо далайда барып ишке аша турган татаал маселе, түмөн түйшүк. Биз ала турган сабак ушу. Тарыхта ушундай болуп келген. Коңшулары, өнөктөштөрү менен өз алдынча маселе чече албай калган кезде тыштагылар аралашат, алардын арасында чыныгы жардам бергендери да болот. Бирок сырт мамлекеттердин айрымдары адегенде жакшы ниет менен кол сунат, жардам беримиш болот, далайды убадалайт, анан өлкөнүн аргасы азайганда өнөктөштөн куралга, достон буюмга айлантат.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.












