Украина НАТОго кирүү оюнан баш тартышы мүмкүн

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY
Киев курчуган кырдаалды согушка чейин жеткирбеш үчүн НАТОго кирүү ниетинен баш тартышы мүмкүн экенин Украинанын Лондондогу элчиси Би-Би-Сиге билдирди. Вадим Пристайко Украина бул маселеде “ийкемдүүлүктү” көрсөтүп, олуттуу деңгээлде жол бериши мүмкүн деп жатат.
Украина НАТОго кирсе, Россия өзүнүн коопсуздугуна доо кетет деп кооптонуп, аскердик альянска аны кабыл алынбасын деп талап коюуда. НАТО болсо “эшик жаңы мүчөлөргө ачык болуш керек” деген позицияда турат.
Бирок, Би-Би-Синин дипломатиялык кабарчысы Джеймс Ландейл кабарлагандай, BBC Radio 5Live эфиринде Украина согуш чыгып кетпеш үчүн НАТОго мүчө болуудан баш тартат беле деген суроого бул өлкөнүн Лондондогу элчиси "ооба" деп жооп берди.
Вадим Пристайко негизги тышкы саясат Украинанын Конституциясында бекитилгенин белгилеп, бирок бул багытта мунаса табууга болорун билдирди.
«Биз ийкемдүү болуп, жакшы жолду издеп атабыз. Эгер олуттуу түрдө жол бериш керек болсо, биз буга да бара алабыз»,-деди элчи.
Украинанын айланасындагы тирешүү согушка айланып кетпейби, орус аскери качан болбосун басып кирет деп АКШ кооптонуп жатканда, элчинин билдирүүсү Украинанын өкмөтү кризисти чечүү үчүн эмнеге жана канчалык даяр экенин көрсөткөн өзүнчө бир жаңы белги болуп турат.
Германиянын канцлери Олаф Шольц бүгүн украин лидерлери менен Киевде сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, эртең Москвада Путин менен жолугушат. Бул кырдаалды курчутпай мунаса табуунун дипломатиялык акыркы аракеттери.
Даунинг-стрит өз кезегинде премьер-министр союздаштар менен макулдашкандай, Украинанын экономикасына жана коргонуусуна колдоо көрсөтөрүн билдирүүдө.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жекшембиде Украин бийликтери Россия жана ЕККУнун Венск документине кол койгон башка мүчө өлкөлөр менен 48 сааттын ичинде жолугуп, чек арага топтолгон орус аскеринин маселесин кароо керек деп билдирди.
Украинанын айланасындагs кырдаал чыңалып турганда, Россия менен Беларус он күндүк аскердик машыгууларды баштады.
Ага катышып жаткан аскер саны 30 миңдей бар деген маалыматтар чыгууда. Ак үйдүн басма сөз катчысы Джен Псаки бул машыгуулардын региондо чыңалуунун убагында өүп жатканын “эскалация” деп атоодо.
Россиянын Евробиримдиктеги элчиси Би-Би-Сиге анын өлкөсү Украинанын айланасындагы кризисти чечүүгө дипломатия жардам берет деп ишенип жатканын билдирген.
Россия Украинага басып кирүүгө эч кандай планы жок экенин кайра-кайра айтып келатат.
Бирок Украина менен болгон чек арасында 100 миң аскер топтоп койгондуктан, батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ, орустар качан болбосун чабуул башташы мүмкүн деп жатышат.
2014-жылы Россия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алган. Ошондон бери Украинанын чыгышында конфликт токтобой келатат, Россия колдоого алган жикчилдер бир топ аймакты ээлеп көзөмөлдөп турат, согушта кеминде 14 миң адам жоготуу болду.
Россия Батышка Европадагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өзүнүн бир катар талаптарын билдирген, анын ичинде Украина эч качан НАТОго кабыл алынбасын деп келатат.
Бул талап четке кагылган, анткени батыш өлкөлөрү Украина өзүнүн коопсуздук чараларын өзү гана чечет деп эсептешет.
Британиянын премьер-министри Жонсон өткөн аптада Брюсселге барып, НАТОдогу союздаштары менен сүйлөшүүлөрдү, башкы катчы Столтенберге менен басма сөз жыйынын өткөрдү. Андан кийин ал Варшавага барып, премьер Матеуш Морваецки, коргоо министри менен жолукту, жана Варшавага андан мурда барган деңиз аскерлери менен учурашты.
Басма сөз жыйында Жонсон Украинанын айланасындагы кырдаалдын өөрчүшүндө эң кооптуу учур келди деп айтты.












