АКШ: Орусия Украинага басып кирүү үчүн шылтоо издеп жатат

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын Коргоо министрлиги Орусия Украинага кол салууга шылтоо катары адамдарга кол салуу боюнча жасалма видео кадрларды чыгарышы мүмкүн деп билдирди. Пентагондун өкүлү Жон Кирбинин айтымында, бул “пропагандалык видео болушу мүмкүн, анда аза күткөн адамдар жана актерлор, ошондой эле талкаланган объектилер тартылган”.
Пентагондун расмий өкүлү Жон Кирбинин айтымында, мындай “жасалма чабуул” же Орусиянын аймагында “тартылган” болушу мүмкүн же Украинанын чыгышындагы орус тилдүүлөргө каршы багытталган. Бул тасмада украиналык же Батыштан Украинага жеткирилген аскердик техника да көрсөтүлүшү мүмкүн.
“Мындай тасманын максаты - Орусиянын коопсуздугуна коркунучту көрсөтүү жана аскерий операцияларды актоо” деп айтылууда.
Американын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, алар мындай окуяны болтурбоо үчүн маалыматты ачыкка чыгарышууда. “Биз [Орусия] бул жолго барат деп ишенимдүү айта албайбыз, бирок бул ишке ашка турган варианттардын бири экенин билебиз", - деди Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчинин орун басары Жонатан Файнер.
Орусия президентинин администрациясынын расмий өкүлү Дмитрий Песков ТАСС агенттигине берген маегинде АКШнын билдирүүлөрүнө төмөнкүчө жооп кайтарды: “Бул биринчи жолу болуп жаткан жери жок. Буга чейин ушуга окшош сөздөр айтылып келген. Бирок эч нерсе чыккан жок”.
Биринчи билдирүү эмес
Би-Би-Си кабарчысы Пол Адамстын айтымында, АКШ менен Британиянын расмий өкүлдөрү Орусиянын Украинага басып кирүүгө шылтоо издөө ниети тууралуу акыркы апталарда бир нече жолу айтып келди. Ар биринде өтө жашыруун маалыматтар жөнүндө сөз болду, бирок бул сөздүн артында Орусиянын пландары кылдаттык менен көзөмөлдөнүп жатат деп Москвага эскертүү берүү максаты турат.
Январдын орто ченинде Жон Кирби Орусия өлкөнүн чыгышында куралдуу провокация жасоо үчүн диверсанттардын тобун даярдап, басып кирүүгө шылтоо издеп жатканын билдирген. Орусиянын Вашингтондогу элчилиги муну “маалыматтык кысым” деп атаган эле.
Британиянын чалгын кызматы өз кезегинде Орусия Украинадагы бийликке орусиячыл саясатчыларды алып келип, Киевде марионетка режимин орнотууну көздөп жаткан маалыматтарды жарыялады. Бирок Орусиянын чалгын кызматтары менен байланышы бар Лондондун тизмесинде турган беш саясатчынын төртөө азыр Москвада жашап жатат.
Батыш өлкөлөрү Орусия жакында Украинага каршы аскерий операция башташы мүмкүн деп эсептейт. НАТОнун эсеби боюнча, 100 миңден ашуун орус аскерлери Украинанын чек араларында топтолгон, Пентагон кансыз согуштан бери мындай окуя болгон эмес деп эсептейт.
Москва Украинага басып кирүү ниети жоктугун айтып, орус аскерлеринин Орусиянын аймагында жүрүшү эч кимди ойлондурбашы керек деп билдирүүдө. Ошол эле учурда Орусия НАТОдон ага коопсуздук кепилдигин берүүнү жана альянстын эшигин Украина үчүн жабууну талап кылууда. (ErA)












