Украина: АКШ Европадагы аскерлердин санын көбөйтүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Пентагондон айтышкандай, Орусиянын Украинага бастырып кирүү коркунучу күчөп жаткан шартта АКШнын президенти Жо Байден ушул аптада Европага кошумча аскерлерди жибермекчи.
Түндүк Каролинадагы Форт-Брэгг жергесинен 2 миңдей аскер Польша менен Германияга, ал эми Германияда мурдатан турган 1 миң аскер Румынияга жөнөтүлөт.
Москва бастырып кирүү планы жок экенин айтат, бирок Украинанын чек арасына жакын аймакта 100 миңдей аскерди жайгаштырган.
Орусия АКШнын аскерлерин тартууну “кыйратуучу” деп атады.
Орусия Украинага караган Крым жарым аралын аннексиялап, өлкө чыгышында жайгашкан Донбас аймагындагы кандуу козголоңду колдогондон сегиз жыл өтүп, мамилелер чыңалып олтурат.
Москва Украинанын бийлигин Минск макулдашуусун аткарбай жатат деп күнөөлөөдө. Аталган эл аралык макулдашуу Украинанын чыгышында тынчтыкты орнотууга багытталган. Ал аймакта Орусия колдогон жикчилдер чоң жерди көзөмөлдөп, 2014-жылдан бери жок эле дегенде 14 миң киши каза болгон.
АКШнын күчтөрү Украинада согушпайт, бирок АКШнын шериктештеринин коопсуздугун бекемдөө үчүн колдонулат.
Өткөн айда Пентагон 8 500 аскерди эгер Европада муктаждык жаралып калса деп жогорку даярдыкка келтирген болчу. Аларга кошумча дагы 3 000 аскер тартылууда.
“НАТО АКШ үчүн жана биздин шериктештер үчүн маанилүү экени боюнча Путинге жана чындыгында дүйнөгө да күчтүү белги берүү зарыл”, — деди кабарчыларга Пентагондун расмий өкүлү Жон Кирби.
Бирок Путиндин ыктымал бастырып кирүү пландары боюнча суроого ал: “Ал Украинаны андан ары бастырып кирүү боюнча чечим чыгара элек деп ойлойбуз” деп жооп берди.
Ал “Европадагы маалымат каражаттарына чыгып кеткен” АКШнын сунушу анык экенин билдирди. Ал Испаниянын Эл Паиз гезитинде жарык көргөн макаланы айтып жаткан өңдүү. Анда Украинанын айланасындагы чыңалууну басаңдатуу үчүн АКШ Орусияга өзөктүк куралданууну кыскартуу жана ишенимди бекемдөө чараларын көрүү боюнча сүйлөшүү сунушун билдирген.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко АКШнын аскерлерин тартууну “кыйратуучу” кадам деп сүрөттөдү. Ал чыңалууну күчөтүп, саясий чечимди чектерин тарайткан.
Орусиянын президенти Владимир Путин шаршемби күнү Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Британия өкмөтүнүн билдирүүсүндө айтылгандай, Жонсон Путинге “Европадагы бардык демократиялык мамлекеттер НАТОго кирүүнү каалоого акысы бар” деген. Орусия Украинанын аталган альянска кошулуусуна каршы болууда.
Кремлдин билдирүүсүндө Минсктеги тынчтык келишимине Украина тарабынан “өнөкөткө айланган саботаж” болуп жатканына жана НАТО Орусиянын негизделген кооптонууларына тиешелүү түрдө реакция кылбай жатканына Путин көңүл бурганы айтылат.
Путин АКШ Орусияны Украинада согушка тартууга аракет кылып жатат деп күнөөлөгөн.
Анын айтымында, Американын максаты карама-каршылыктарды шылтоолоп, Орусияга санкцияларды киргизүү.
Орусия менен АКШнын ортосундагы атаандаштыктын тамыры Кансыз согуш жылдарына (1947-89) барып такалат. Эки өлкө тең азыркы күнгө чейин дүйнөдөгү эң ири өзөктүк арсеналга ээ. Украина ал кезде Советтер Союзунун Орусиядан кийинки эле маанилүү бөлүгү болчу.
Путиндин айтымында, АКШ Москванын тынчсызданууларын көз жаздымда калтырууда. НАТОнун чыгышты көздөй кулач жайбай турганы боюнча Орусия мыйзамдуу түрдө коопсуздук кепилдиктерин талап кылып жатат.
АКШдан тартылган жаңы айрым аскердик күчтөр Румынияга жайгашкан. Румынияда Америка салган Эгида (Aegis) аттуу ракетага каршы коргонуу станциясы бар. 2016-жылы ачылгандан бери аны Орусия коопсуздук коркунучу катары сүрөттөп келет.
Путинге кат
Барбара Плетт Ашердин анализи, Мамлекеттик департаменттеги кабарчы
Алар согушка даяр күчтөр, бирок алар Орусиянын аскерлери менен согушпайт. Эгерде алар согуша турган болгондо, анда саны көбүрөөк болмок. Акыр аягы Москва Польшаны жана Румынияны түздөн-түз коркутуп жаткандай көрүнгөн жок.
Ошондуктан алардын символикалык баалуулугу бар: Украинанын айланасында жайгашкан Орусиянын күчтөрүнө тынчсызданып жаткан жана күчтөндүрүү боюнча жардам сурап кайрылган Чыгыш Европадагы НАТО шериктештердин ишенимин бекемдөө. Ошондой эле алар аркылуу НАТО АКШга маанилүү экенин билдирген кабарды Владимир Путинге жеткирүү.
Жо Байден дипломатиялык чечимге жетүү мүмкүнчүлүктөрүнө зыян келтирбей туруп, ушундай кадамдарды таштоодо. Ал өтө көп аскер жөнөтүп жаткан жок. Эң эле маанилүүсү, Орусиянын босогосундагы Балтика өлкөлөрүнө эч кандай аскер жибербеди.
Бирок күчтөрдүн тартылуусу азыркы кризис Украинадан дагы чоңураак экенин билдирген эң конкреттүү белги. (EA)













