Украина: Путин АКШ Орусияны согушка тартууга аракет кылып жатканын айтты

Сүрөттүн булагы, Reuters
Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ Орусияны Украинада согушка тартууга аракет кылып жатат деп айыптады.
Кризис боюнча соңку апталардагы жасаган өзүнүн биринчи билдириүүсүндө Путин Американын максаты Орусияга көбүрөөк санкция киргизүү үчүн карама-каршылыкты шылтоо катары колдонуп жатат деп айтты.
Ошондой эле ал Орусиянын Европадагы НАТО альянсынын күчтөрү боюнча тынсызданууларына АКШ көңүл бурбай жатканын билдирди.
Украинанын чек арасына жакын жайда Орусиянын күчтөрүнүн келип жайгашуусунун айланасында абал чыңалып турат.
Орусия соңку апталарда 100 миңдей аскерин Украинанын чек арасында мобилизациялап, танктар, артиллерия, курал-жарактар жана аба күчтөрү менен жабдып койгон.
Бирок Орусия Батыштын айыптоолорун чектке кагууда. Батыш Орусия Украинаны басып алууну пландап жатат деп айыптап келет. Сегиз жыл мурда Орусия Украинанын түштүгүндөгү Крым жарым аралын аннексиялап, өлкө чыгышындагы Донбас аймагында кандуу козголоңду колдогон.

Москва өз кезегинде Украинанын өкмөтүн өлкө чыгышында тынчтыкты орнотуу боюнча эл аралык келишимди аткарбай жатат деп айыптоодо. Аталган аймакта бери эле дегенде 14 миң киши каза болуп, ал жерлерди Орусия колдогон жикчилдер көзөмөлдөп келет.
Ал ортодо Украинанын президенти Владимир Зеленский шейшемби күнү эскерткендей, Орусиянын кол салуусу “Украина менен Орусиянын ортосундагы согуш болуп калбайт. Ал Европадагы толук кандуу согушка айланат”.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен Москвада жолугушуудан кийин Путин төмөнкүчө билдирди:
“АКШ Украинанын коопсуздугуна анча деле тынчсызданбагандай туюлуп жатат… бирок анын башкы максаты Орусиянын өнүгүүсүн токтотуу. Ушул жактан алганда Украина аталган максатка жетүү үчүн болгону курал болуп берет”.
Орусия менен АКШнын ортосундагы атаандаштыктын тамыры Кансыз согуш жылдарына (1947-89) барып такалат. Эки өлкө тең азыркы күнгө чейин дүйнөдөгү эң ири өзөктүк арсеналга ээ. Украина ал кезде Советтер Союзунун Орусиядан кийинки эле маанилүү бөлүгү болчу.
Путиндин айтымында, АКШ Москванын тынчсызданууларын көз жаздымда калтырууда. НАТОнун чыгышты көздөй кулач жайбай турганы боюнча Орусия мыйзамдуу түрдө коопсуздук кепилдиктерин талап кылып жатат.
Путиндин оюнча, эгерде Украина НАТОго кошула турган болсо, анда ал башка мүчө өлкөлөрдү Орусия менен согушка тартышы мүмкүн.
“Украина НАТОго мүчө болуп киргенин элестеткиле, анан [Крымды тартып алуу үчүн] аскердик операция башталды”, — деди Орусиянын президенти. “Анда эмне биз НАТО менен согушабызбы? Бул жөнүндө ойлоп көрүштүбү? Алар ойлонуп көрбөгөндөй”.

Сүрөттүн булагы, PA Media
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Украинага барып, Путинди иш жүзүндө “Украинанын башына… мылтык такап турат” деп күнөөлөдү. Жонсон Кремлди “аскердик катастрофадан” артка тартууга чакырды.
Киевде Зеленский менен жолуккандан кийин Жонсон журналисттерге эгерде бастырып кирүү болсо, Украинанын армиясы жооп кайтарарын билдирди.
“Украинада куралданган 200 миң эркек жана аял киши бар”, — деди ал. “Алар аёосуз жана кандуу каршылык көрсөтүшөт. Менин оюмча, Орусиядагы ата-энелер, апалар анын үстүнөн ойлонуп көрүшү керек. Президент Путин чыр-чатактан артка тартып, диалогго келет деп аябай үмүт кылам”.
Жонсон Орусиянын агрессиясына Британия “эгерде Орусиянын бир эле буту Украинанын аймагына кирип бара турган болсо, санкциялардын пакети жана башка чаралар” менен жооп кайтарарын эскертти.
Британия туруктуу өкмөттү жана Орусиянын энергиясынан көз карандысыздыкты колдоо үчүн Украинага $119 млн берерин жар салды.
Зеленский кырдаал кандай гана багытта курчуп кетпесин санкция киргизүүгө чакырды. Ал Лондон шаары аркылуу “адалданып жаткан” Кремлге ыктымал байланышы бар “арам акча” менен Британиянын күрөшүн колдорун билдирди. (EA)









