Украина: БУУнун жолугушуусунда АКШ менен Орусиянын тиреши

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШ Москваны Украинанын чек арасындагы күчтөрдү талкуулоого чакырганда БУУнун Коопсуздук кеңешинде Орусия менен АКШнын өкүлдөрү катуу айтыша кетти.
АКШнын элчиси Линда Томас-Гринфилддин айтымында, бул соңку жылдарда Европа күбө болгон күчтөрдүн эң ири мобилизациясы.
Анын орусиялык кесиптеши АКШны истерияны курчутуп, Орусиянын иштерине кабыл алынгыс деңгээлде кийлигишип жатат деп айыптады.
Эгерде Орусия Украинага бастырып кире турган болсо, АКШ менен Британия андан ары санкцияларды киргизерин убада кылган.
Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс мыйзам долбоору даярдалып жатканын билдирди. Ага ылайык, Кремлге жакын адамдардын жана бизнестердин чоңураак тобуна басым жасалат.
АКШнын расмий өкүлү билдиргендей, Вашингтондун санкциялары Кремлге жакын адамдардын эл аралык каржылык системалары менен байланышы токтойт дегенди туюнтат.
Орусия Украина менен чек арасына жакын жерде болжолдуу 100 миң аскер, танк, артиллерия жана ракеталарды жайгаштырган.

Дүйшөмбү күнү өткөн БУУнун Коопсуздук кеңешинин жолугушуусунда Орусиянын элчиси Василий Небензя Орусия Украинага каршы аскердик аракеттерди пландап жатканына эч кандай далил жок экенин айткан. Ал өлкөнүн күчтөрүнүн жайгашуусу БУУ тарабынан ырасталбаганын билдирди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Анын айтымында, Орусия өз аскерлерин көбүнесе өз аймагында колдонот жана ал Вашингтондун иши эмес.
Орусия БУУ органынын ачык сессиясын бөгөттөөгө аракет кылды, бирок эки добушка каршы 10 добуш үстөмдүк кылып кетти.
Байдендин администрациясы “чыңалууну, риториканы козутуп, кырдаалды курчутуп жатат”, — деп билдирди Небензя.
“Бул биздин мамлекетибиздин ички иштерине кабыл алынгыс деңгээлдеги кийлигишүү. Бул ошондой эле аймактагы чыныгы кырдаал боюнча эл аралык коомчулуктун башын айлантуу аракети жана азыркы дүйнөлүк чыңалуулардын себептери”, — деди ал.
Томас-Гринфилд АКШ дипломатиялык чечим табыларына ишенип келгенин айтып, бирок эгерде Орусия Украинага бастырып кирсе, АКШ чечкиндүү түрдө аракетке өтөрүн эскертти. Анын кесепети “коркунучтуу” болорун билдирди.
“Бул соңку жылдардагы Европада күчтөрдүн эң ири мобилизациясы”, — деди ал.
“Биз азыр сүйлөп жаткан чакта Орусия бара-бара көп күчтөрдү жана куралдарды жиберип жатат”.
Ал кошумчалагандай, Москва Украинанын түндүктөгү коңшусу Беларуска жайгашкан күчтөрдүн санын 30 миңге чейин көбөйтүүнү пландап жатат.
Дүйшөмбү күнү кийинчерээк АКШ Беларустагы Америка өкмөтүнүн кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнүн чыгып кетүүсүнө буйрук берди. Ал “Орусиянын адаттан тыш жана тынчсызданткан аскердик жайгашуусун” жүйө келтирди. Ушундай эле буйрук өткөн айда Украинанын борбору Киевдеги Американын элчилигиндеги кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө карата берилген эле.

Сүрөттүн булагы, EPA
Ал ортодо дипломатиялык аракеттер уланууда. Орусиянын президенти Владимир Путин дүйшөмбү күнү Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен телефон аркылуу сүйлөштү.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен шейшемби күнү сүйлөшүү өткөрөт.
Вашингтон Украинадагы кризисти басаңдатуу боюнча АКШнын сунушуна Орусиядан жазуу түрүндө жооп алганын айтты.
Мамлекеттик департаменттин өкүлү аталган жоопту ачык түрдө талкуулоо “продуктивдүү болбой калат” деп билдирди. Ал кошумчалагандай, АКШ диалогду кош колдоп колдойт жана шериктештери, өнөктөштөрү, анын ичинде Украина менен да жакындан кеңеше бермекчи.
Москва Батыштан Украинаны НАТО альянсына эч качан кошпоого сөз берүүсүн каалап жатат. Бирок АКШ мындай талапты четке каккан.
Аталган альянстагылар, эгерде кайсы бир мүчө мамлекетке куралдуу кол салуу коркунучу жаралса, калган мүчө өлкөлөр жардамга келүү боюнча макулдашкан.
НАТОго 30 өлкө кирет. Алардын арасында АКШ, Британия, андан тышкары Орусия менен чектешкен пост-советтик Латвия, Литва жана Эстония өлкөлөрү да бар. Москва Чыгыш Европадагы НАТОнун аскерлерин өз коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч туудурат деп эсептейт.
Путин 1990-жылы НАТО чыгышты көздөй кулач жайбай турганы боюнча АКШ берген кепилдигин бузду деп көптөн бери талашып келет. Бирок так эмне сөз берилгени боюнча ар кандай чечмелеп жүрүшөт.
Орусия Украинанын түштүгүндөгү Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялаган. Ошондой эле Орусия Украинанын чыгышындагы Донбас аймагын ээлеп алган козголоңчу топторго колдоо көрсөтүп келет. Аймактагы согуштун натыйжасында 14 миңдей киши көз жумга. (EA)












