Украина: Зеленский Байденди Киевге чакырды

Сүрөттүн булагы, EPA
Украинанын президенти Владимир Зеленский жыл башынан бери үчүнчү жолу Американын президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны жакынкы күндөрү Киевге келип кетүүгө чакырды. Украиналык жүргүнчүлөр дүйшөмбү күнкү көптөгөн рейстердин токтотулганын жөнүндө кабарлашты. Булактардын айтымында, камсыздоо компаниялары Украинанын үстүнөн учуу учурунда страховка бербей жатканы менен байланыштуу. Ал ортодо Донбасстагы ОБСЕнин миссиясынын айрым кызматкерлери уюмдун штаб-квартирасынан чыгып кетип жатышат. Батыштагы бир нече өлкөнүн жарандарына Украинадан тез арада чыгып кетүү айтылган эле.
Украинанын президентинин офиси кабарлагандай, Байден менен бир саатка созулган сүйлөшүүсү учурунда Зеленский колдоосу үчүн ага ыраазычылык билдирип, аны Украинага чакырды. “Сиздин жакын арада Киевге келүүңүз кырдаалды турукташтыруу үчүн чечүүчү мааниге ээ, күчтүү сигнал болуп берет жана чыңалууну басаңдатууга шарт түзөт деп ишенем”, — деген Зеленскийдин сөзүн келтирет анын сайты.
Бирок CNN телекомпаниясынын кабарчыларынын булактары маалымдагандай, Байдендин мындай сапарынын ыктымалдыгы өтө төмөн.
Ак үйдүн Зеленский менен сүйлөшүү жөнүндөгү расмий билдирүүсүндө чакыруу жөнүндө сөз болгон эмес. Анда айтылгандай, Байден “Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн АКШ колдорун бекемдеп”, Орусиянын мындан аркы агрессиясына чечкиндүү түрдө жооп кайтарууга даяр экенин билдирген.
Ишемби күнү Байден Орусиянын президенти Владимир Путин менен дагы бир сааттай сүйлөшүп, эгерде кол сала турган болсо, анда “АКШ өзүнүн шериктештери жана өнөктөштөрү менен бирге чечкиндүү жооп кайтарып, Орусияны чоң бааны төлөөгө мажбур кыларын” эскерткен.
Москва аскердик кол салуу планы жок экенин айтып келет. Ал эми Украина менен чек арасына жакын жайда 100 миңдей аскерди алып келип жайгаштырган.
Украина Вена документинин мүчөлөрүн ыкчам жолугушууга чакырды
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба жекшемби күнү билдиргендей, Орусиянын бийлиги Киевдин Вена документинин алкагындагы суроо-талабына жооп берген эмес. Вена документи — ОБСЕнин алкагындагы келишим. Ал Европадагы коопсуздукту камсыздоо жана аскердик кагылышуулардын алдын алуу үчүн аскердик маалыматты бөлүшүүнү билдирет.

Сүрөттүн булагы, Reuters
End of Украина-Россия тирешүүсү: Байрактардын таасири
Кулебанын айтымында, Украина Орусия жана Вена документинин бардык мүчөлөрү менен алдыңкы 48 сааттын ичинде жолугушуу уюштурмакчы. Анда “өлкөнүн чек арасын бойлой жайгашкан жана убактылуу басылып алынган Крымдагы Орусиянын күчтөрү талкууланат”.
Орусия соңку айларда НАТОдон Украинаны эч качан мүчөлүккө кабыл албоону талап кылып келатат. Ошондой эле НАТОнун чыгышты көздөй кулач жаюусунан улам Орусиянын коопсуздугуна коркунуч жаралганын айтууда. Ошол эле учурда Москва “коопсуздуктун бүтүндүгү” принциби жөнүндө кеп кылып жатат. Аталган принципке ылайык, бир мамлекет өзүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн башка мамлекеттерге зыян келтирбеши керек.
Орусиялык аткаминерлери Кулебанын билдирүүсү боюнча азырынча комментарий бере элек.
Украинанын авиарейстери токтотулду
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Украинанын өкмөтү жекшемби күнү кечинде ыкчам отурум өткөрүп, эл аралык авиация байланышын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн $592 млн бөлүүнү чечкен. Ага чейин көптөгөн украиналык жүргүнчүлөр дүйшөмбү күнкү рейстери токтотулганы жөнүндө билдирүүлөрдү ала баштаган болчу. Бул эл аралык камсыздоо компаниялары Украинанын үстүнөн учуу маалында келтирилген чыгымды төлөп берүүдөн баш тарта баштаганы менен байланыштырылууда.
Украинанын премьер-министри Денис Шмыгалдын айтымында, акча бөлүү “аба аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу базарындагы кырдаалды жөнгө салууга жардам берип, сыртта жүргөн өз жарандарынын Украинага кайтып келүүсүнө өбөлгө түзөт”.
Украинадагы аткаминерлер өлкөдөгү аба мейкиндигин жаппай турганын айтып көшөрүүдө.
Эл аралык авиакомпаниялар Киевге өз билеттерин кадимкидей эле сатып жатышат.
Аба мейкиндигинин жабылышы туурасында сөздөр ишемби күнү чагылгандай тез тарап кетти. Анда KLM авиакомпаниясы коркунучтун даражасы кызыл болгондуктан Украинага болгон рейстерин токтоткон. Мындай даражаны Нидерланддардын Тышкы иштер министрлиги чыгарган. Дал ушул өлкө 2014-жылы Донбасстын үстүнөн учуп баратканда учактын кыйрашынан көптөгөн жарандарын жоготкон.
Украинанын инфраструктура министринин орун басары Мустафа Найем өзүнүн "Фейсбук" барагында “камсыздоо базарындагы олку-солку абалдан улам айрым компаниялар кыйынчылыктарга туш болуп жатканын” ырастады. Ошондой эле ал өкмөт “авиаташуучуларды колдоого жана авиабазарга колдоо көрсөтүү үчүн кошумча каржылык кепилдиктерди берүүгө даяр экенин” билдирди.
ОБСЕнин кызматкерлери чыгып кетүүдө
Украинанын президенти Владимир Зеленский жакында эле баарын тынчтыкты сактоого чакырып, эң чоң душман дүрбөлөңгө алдыруу экенин айтты. Ал эми ондон ашуун өлкөнүн бийлиги, анын ичинде АКШ менен Британиянын өкмөттөрү да, кол салуу коркунучу жаралганы үчүн өз жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырган.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Алардын арасында ОБСЕнин Донбасстагы миссиясында иштегендер дагы бар. Алар аймактан жекшембиде чыгып кете башташкан. ОБСЕнин логотиби тартылган бир нече брондолгон машина чемодандарды жүктөп алып Донецктеги уюмдун штаб-квартирасынан таң атпай чыгып кетишти.
Рейтер агенттигинин булактары айтышкандай, АКШ өзүнүн Украинадагы бардык байкоочуларын чыгарып кетүүнү чечкен. Ал эми Британия сепаратисттер көзөмөлдөгөн аймактардагы ОБСЕдеги кызматкерлерин Киев көзөмөлдөгөн аймактарга алып барган.
Кийинчерээк ОБСЕнин Украинадагы миссиясы түшүндүрмө бергендей, “ОБСЕнин айрым мүчөлөрү жакында эле атайын мониторинг миссиясы менен жиберген жарандарын бир нече күндүн ичинде Украинадан чыгып кетүүсү керек деген чечим кабыл алган”.
“Миссия ОБСЕ бекиткен мандатты Украина боюнча он шаарга жайгашкан байкоочулар менен бирге аткарууну улантат”, — деп тактай кетти уюмдан.
“Коопсуздук шарттарынын начарлоосу менен байланыштуу” ОБСЕнин айрым кызматкерлери Украинанын чыгышынан чыгып кете баштаганы боюнча мааыматты Орусиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова ырастады.
“Мындай чечим бизде олуттуу тынчсыздануу жаратпай койбойт. Жасалма түрдө шыкакталган чыңалуу маалында миссиянын мониторинг иштери мандатына ылайыктуу жүргүзүлүүсү суудай керек”, — делет Орусиянын тышкы иштер министрлигинин сайтында.
“Кол салууга керек болгон бүт нерсеси бар”
АКШнын НАТОдогу өкүлү Жулиан Смит жекшемби күнү дагы бир жолу кайталагандай, Вашингтондун маалыматы боюнча Орусия Украинага жакын арада бастырып кириши мүмкүн. “АКШ азыр кырдаал өтө коркунучтуу деп эсептейт. Биздин оюбузча, жакын арада бир нерсе болуп кетиши мүмкүн”.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Алар кол салууга керек болгон бүт нерсеге ээ, жакын арада бастырып кириши мүмкүн. Путин чын эле кол салуу боюнча чечим кабыл алып-албаганы жөнүндө маалыматыбыз жок, бирок шериктештерибизди, америкалыктарды жана Украинаны бир нече күндүн ичинде кол салуу болушу мүмкүн экени боюнча эскертип кеткибиз келет”, — деди ал.
Кремлдин тышкы саясат боюнча башкы кеңешчиси Юрий Ушаков жакында эле билдиргендей, “кол салуунун айланасында көбүртүп-жабыртуу атайын жүргүзүлүп, албууттануу туу чокусуна жетти”.
Ал ортодо АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан CNN телеканалына берген интервьюсунда Вашингтон Орусиянын Украинага кайсы күнү кирип баруу ыктымалдыгы жөнүндө алдын ала айтууга даяр эмес экенин билдирди. Мурдараак Батыштагы бир нече маалымат каражаты чалгын кызматындагы булактарына таянып, агрессия 16-февралда башталышы мүмкүн экенин кабарлашкан. Бирок Рейтер агенттиги маалымдагандай, алардын өкмөттөгү маектештери мындай маалыматты ырасташкан эмес.
“Кол салуу эмес, окутуу”
АКШ жана Батыштагы башка мамлекеттер Орусия Украина менен чек арасына жакын аймакта, аннексияланган Крымда жана Беларуста аскерлердин жана аскердик жабдыктардын санын болуп көрбөгөндөй деңгээлге чыгарганын айтууда.
Москва Украинага аскердик кол салуу планы жок экенин айтып көшөрүүдө. Ал эми өз өлкөсүнүн аймагында орус күчтөрүнүн жайгашуусу эч кимдин тынчын албоосу керек экенин билдирди.
Беларустагы аскерлердин жайгашуусун Москва менен Минск биргелешкен окутуу деп атоодо. Ал 20-февралда аяктайт. (EA)











