Орусия Украинага кол салса, АКШ Түндүк агым 2ни токтотот

Байден менен Шолц

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын президенти Жо Байден (оңдо) Германиянын канцлери Олаф Шолц (солдо) менен басма сөз жыйынында комментарий берди

Москва Украинага бастырып кире турган болсо, АКШнын президенти Жо Байден Орусиядан Германияга салынып жаткан газ түтүгүн жаба турганын билдирди.

Германиянын канцлери Олаф Шолц менен Вашингтондо сүйлөшүү өткөргөндөн кийин Байден АКШ Түндүк агым 2 түтүгүн “токтоторун” айтты.

Алардын сүйлөшүүсү Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Москвада жолугушуусунан кийин болду. Сүйлөшүү согушту болтурбоого өбөлгө түзөт деген үмүт бар.

Батыштагылар Орусия бастырып кирет деп коркуп жатышат, Москва болсо мындай билдирүүнү четке кагууда.

Учурда Орусия 100 миңден ашуун аскерин Украинанын чек арасына жакын аймакка жайгаштырган.

АКШнын расмийлери жекшемби күнү билдиргендей, Орусия толук кандуу бастырып кирүү үчүн аскердик күчүн 70% жыйнаган.

Соңку апталарда Москва Батыштагы өлкөлөрдөн куралган НАТО аскердик альянсынан Украинаны мүчөлүккө эч качан кабыл албоону жана Чыгыш Европадагы аскерлеринин санын азайтууну талап кылып келген.

НАТО эки талапты тең кабыл алган эмес. Анын ордуна аскердик альянс башка тармактарда сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуштаган, мисалы, өзөктүк куралдарды чектөө сыяктуу.

Орусия, Украина жана Батыштын ортосундагы мамилелер кайрадан чыңалууда. Дээрлик сегиз жыл мурда Орусия Украинанын түштүгүндөгү Крым жарым аралын аннексиялап, өлкө чыгышындагы Донбас аймагындагы кандуу козголоңду колдогон.

Москва Украинанын Минск келишимин аткарбай жатат деп күнөөлөп келет. Аталган эл аралык келишим Украинанын чыгышында тынчтыкты орнотуу үчүн Германия жана Франция тарабынан каржыланган. Өлкө чыгышында Орусия колдогон козголоңчулар чоң жерди көзөмөлдөп турушат жана 2014-жылдан бери жок эле дегенде 14 миң киши каза болгон.

Байден Түндүк агым 2ни “токтотууга” убада берди

Байден менен Шолц АКШнын борбору Вашингтондо дүйшөмбү күнү жолугушкандан кийин басма сөз жыйынын өткөрүштү.

Түндүк агым 2 жөнүндө суроого АКШнын президенти “Эгерде Орусия бастырып кирсе, кайрадан айтып кетейин, анда Түндүк агым 2 болбойт. Аны токтотобуз” деп жооп берди.

Бирок аны кантип ишке ашырары жөнүндө суроого ал так жооп берген жок: “Силерге сөз берип коёюн, биз аны ишке ашыра алабыз” деп айтуу менен чектелди.

Канцлерликке келгенден кийин Шолц өзүнүн Вашингтонго болгон алгачкы сапарында газ түтүгү боюнча бир топ эле туюк позицияда болду.

Бирок ал АКШ менен Германия Орусия Украинага кирип бара турган болсо, анда Орусияга каршы санкция киргизүү боюнча “толугу менен бир пикирде” экенин билдирди. “Биз бирдей эле кадамдарга барабыз, алар Орусия үчүн аябай, аябай оор болот”, — деди ал.

Түндүк агым 2

1 225 километрлик Түндүк агым 2 газ түтүгүн курууга беш жыл кеткен жана анын баасы $11 миллиардды чапчыган. Балтика деңизинин астынан өткөрүлгөн энергетикалык долбоор Орусиянын газын Германияга экспорттоону эки эсе көбөйтүүгө багытталган.

Көзөмөлдөөчү органдар ноябрда айткандай, ал Германиянын мыйзамына туура келбейт. Ошондуктан ал ырасталган эмес жана ишке берилбей турат.

Европадагы ири ишканалар Түндүк агым 2 долбооруна аябай инвестиция салышкан. Бирок көптөгөн топтор планга каршы болууда.

Жаратылышты коргоочулар ал Германиянын бөлүп чыгарууларды азайтуу жана адамдын аракетинен улам климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүнө канчалык туура келет деп суроо салууда. Ал эми өлкөдөгү жана чет өлкөдөгү саясатчылар ал Европанын орус энергиясына көз карандылыкты күчөтөт деп коркуп жатышат.

Мурдараак Украинанын президенти Владимир Зеленский аталган газ түтүгүн “кооптуу геосаясий курал” деп сүрөттөгөн эле.

Көңүл чордонунда Түндүк агым 2

Барбара Плетт-Ашердин анализи, Мамлекеттик департаменттеги кабарчы

Германиянын жаңы канцлери Олаф Шолц Украина кризисине болгон алсыз реакциясынан улам сынга кабылып жаткан шартта Вашингтонго алгачкы сапары менен барды.

Конгресстеги республикачылар Берлинди Орусиянын газын импорттодо кызыкчылыгы болгондуктан санкцияларды токтотуп жатат деп сүрөттөштү.

Канцлер менен жолугушуудан кийин президент Байден Москва Украинага кол салса, Түндүк агым 2 ишке берилбесине басым жасады.

Шолц стратегиялык бүдөмүк абалдын керек экенин айтып, анчалык алыс барган жок. Бирок ал кандай гана кол салуу болбосун, АКШ менен Германия бирдей жооп кайтаруу боюнча толугу менен бир пикирде экенин белгиледи.

Байден Германия ишеничтүү шериктеш эмес деген көз караштарды жоюу үчүн колунан келген аракетин жасады. (EA)