Путин орус күчтөрүнө Луганск менен Донецкте “тынчтыкты камсыздоону” тапшырды

Сүрөттүн булагы, EPA
Орусиянын президенти Владимир Путин Донецк жана Луганск “элдик республикаларынын” көз карандысыздыгын тааный турганын жар салды. Мурдараак ал телекайрылуусунда мындай чечимдин себептери жөнүндө айтып берген эле.
Материалда 22-февралга карата маалыматтар камтылган. 23-февралга карата соңку маалыматтар менен таанышуу үчүн бул материалга өтүңүз.
Украинанын чыгышындагы Донецк менен Луганскта 2014-жылдан бери Украинанын күчтөрүнө каршы согушуп келаткан жана Орусиянын колдоосуна ээ болгон жикчил топтор жайгашкан.
Орусиянын күчтөрүнө аталган эки райондо “тынчтык орнотуу функциясын” аткаруу буйругу берилди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский украиналыктарга түз ободо кайрылып, Орусиянын кадамы тынчтык процессине толугу менен жарака кетирди деп билдирди.
“Донецк жана Луганск облустарындагы оккупацияланган райондордун көз карандысыздыгын таануу Минск макулдашуусунан Орусиянын бир тараптуу эле чыкканын жана Нормандия сүйлөшүүлөрүнүн чечимин этабарга албоо дегенди билдирет. Бул тынчтык аракеттерине жарака кетирип, сүйлөшүү форматтарын бузат”, — деди Зеленский.
“Биз эч нерседен жана эч кимден коркпойбуз. Эч кимге эч нерсе милдеттүү эмеспиз. Эч нерсени эч кимге бербейбиз”, — деди ал.
Украина Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде отурум өткөрүүнү демилгеледи.
БУУнун Коопсуздук кеңешинде кырдаал чыңалууда. Орусиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя өзүнүн көз карандысыздыгын жар салган Донецк жана Луганск элдик республикаларынын эгемендигин таанууга каршы чыккандарды айыптады. Алар Орусияны коркутуп жатат деп билдирди.
“Азыр согушту кантип болтурбоого жана Украинанын Донецкке жана Луганскка каршы провокациясын, ок атуусун токтотууга мажбурлоого көңүл буруу башкы маселе”, — деди Небензя.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ошол эле учурда ал Минск келишимине толугу менен жарака кетти деп эсептебесин айтты. Анткени өзүнүн көз карандысыздыгын жар салган республикаларды Орусиянын таануусу “Минск келишиминин курамын эч кандай өзгөртпөйт”.
Ал Киевди өз эгемендигин жарыялаган республиканын калкына тилине байланыштуу басым жасап жатат деп айыптады.
БУУдагы Украинанын өкүлү Сергей Кислица өлкөсү сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди.
“Биз Орусиядан таануу жөнүндөгү жарлыгын жокко чыгарып, сүйлөшүү столуна кайтып келүүнү талап кылабыз”, — деди ал.
Ошону менен бирге эле Кислица бир нече саат мурда президент Зеленскийдин кайрылуусунан үзүндүлөрдү келтирди.
“Мындан ары эмне болот? Биз тынчтыкты каалайбыз, биздин кыймыл аракеттерибиз бир багытта”, — деди ал. Кислица азыр “2014-жыл эмес” экенин жана Украина башка өлкө экенин айтты.
Ал оккупацияланган райондордон орус күчтөрүнүн эч кандай шарт койбой чыгып кетүүсүн талап кылды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын президенти Жо Байден санкция киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгону белгилүү болду. Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки Донецк жана Луганск элдик республикаларында Американын юридикалык жана жеке жактарына соода жана инвестиция салууга толук тыюу салынганын жарыялады.
АКШ шейшембиде Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизмекчи. Бул туурасында БУУдагы АКШнын өкүлү Линда Томас-Гринфилд билдирди.
“Эртең эл аралык укукту ачык эле бузганы үчүн Орусияга каршы АКШ жаңы санкцияларды киргизет”, — деди ал отурумдан кийин.
Маалымат каражаттары жаңы санкциялар туурасында Байдендин администрациясындагы булактарына таянып мурда эле жазып чыгышкан болчу.
АКШнын мындай санкциясы Батыштагы башка өлкөлөрдүн санкцияларынан тышкары киргизилип жатат.
Түркия Украинаны колдоп, Луганск жана Донецк элдик республикаларын тааныган жок.
“Орусиянын Луганск жана Донецк аттуу элдик республикаларын таануу чечими Минск макулдашуусуна каршы келип эле тим болбой, Украинанын аймактык бүтүндүгүн ачык эле бузууга жатат”, — деп билдирди Түркиянын тышкы иштер министрлигинен.
Кытай тараптарды элдешүүгө чакырып жатат. Кытайдын БУУдагы өкүлү Чжан Цзюн Орусия менен Украинаны кырдаалды курчутуп жибере турган аракеттерден оолак болууга үндөдү.
Анын айтымында, Кытай коңшу мамлекеттердин маселеси тынчтык жолу менен чечилиши керек деп эсептейт. (EA)
Материалда 22-февралга карата маалыматтар камтылган. 23-февралга карата соңку маалыматтар менен таанышуу үчүн бул материалга өтүңүз.












