Орусия Киевге, Харьковго жана башка шаарларга чабуул койду

Украинанын Чек ара кызматы Орусиянын куралдуу күчтөрү кол салганын билдирди. Маалыматка караганда, орус күчтөрү Орусиянын жана Беларустун аймактарынан басып кирген.
Төмөндө Чек ара кызматынын билдирүүсү:
“Мамлекеттик чек ара Орусиядан жана Беларустан орус күчтөрүнүн чабуулуна туш болду.
Болжолдуу саат 5:00 Украинанын Орусия жана Беларус менен чектешкен аймагы Беларустагы орус күчтөрүнүн кол салуусунан зыянга учурады.
Чек ара бөлүктөрүнө, чек ара нөөмөтчүлөрүнө жана өткөрүү пунктарына кол салууда артиллерия, оор техника жана мылтыктар колдонулган.
Мындай көрүнүш Луганск, Сумск, Харьков, Черниговск жана Житомир облустарынын аймактарында болууда. Андан тышкары убактылуу басып алынган Крым автономиялуу республикасынын аймагынан да кол салып жатышат.
Ошондой эле каршылаштардын бүлүнткүч чалгынчы тобунун иши байкалууда.
Чек ара аймактарында кырдаалга жараша чек арачылар Украинанын Куралдуу күчтөрү жана Улуттук гвардиясы менен бирге душманга ок атууда.
Чек арачыларыбыздын арасында жаракат алгандар туурасында маалыматтар такталууда”.
Саат 13:00гө карата негизги маалыматтар
- Украинанын башкы штабы менен чек ара кызматы кабарлагандай, жергиликтүү саат менен болжолдуу 5:00дө Орусиянын аба жана жердеги күчтөрү кол салууну баштаган
- Украина бийлиги Луганск облусунун аймагындагы Меловое жана Городище аттуу эки айылда көзөмөлдү колдон чыгарып жиберишти
- Орусиянын коргоо министрлигинин белгилешинче, Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү басылып, авиабазалардагы аскердик инфраструктурасынын түзүлүшү иштен чыккан жана чек арачылары каршылык көрсөтпөй жатат. Украинанын аскерлери, тескерисинче, чабуулга жооп кайтарып жатканын айтууда
- Киевде жана Украинанын башка шаарларында коркунуч жөнүндө абадан сигналдар угулуп жатат. Адамдар Украинанын борборунан чыгып кетип жатышат, жолдордо тыгын пайда болду
- АКШ бейшембиде Орусияга каршы катаал санкцияларды киргизерин жарыялады
Орусиянын “атайын аскердик операциясы”
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында “атайын аскердик операция” жүргүзүү жөнүндө жарыялады. Ал Украинаны, Путин айткандай, демилитаризация жана денацификация, ошондой эле жай тургундарга каршы көптөгөн кандуу кылмыш кылгандарды сотко өткөрүү максатында жүргүзүлөт.
Донбасстагы кырдаалга байланыштуу Путин атайын аскердик операция жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алганын билдирди.
“Атайын аскердик операция жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алдым. Анын максаты — Киевдин режими тарабынан соңку сегиз жыл бою кордоого, тукум-курутка тушуккан адамдарды коргоо. Ал үчүн биз Украинаны демилитаризация жана денацификация кылууга умтулабыз. Ошондой эле жай тургундарга, анын ичинде Орусиянын жарандарына каршы көптөгөн кандуу кылмыш жасагандарды сотко өткөрүп беребиз”, — деди Путин телекайрылуусунда бейшемби күнү таң эрте.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Путин Украинанын аскерлерине куралдарды таштоого чакырды.
“Тез арада курал-жарактарды таштап, үйүңөргө кайтууга чакырам. Бул талапты аткарган Украина армиясынын бардык аскер кызматкерлери согуш талаасынан эч кандай тоскоолдуксуз чыгып, үй-бүлөлөрүнө кайтып кете алат”, — деди Путин.
“Ыктымал кан төгүүлөр үчүн бардык жоопкерчилик баштан аяк жана толугу менен Украинанын бийлигинин абийиринде болот”, — деп белгиледи орус президенти.
Ошондой эле Путин кырдаалга сырттан кийлигишүүнү чечкен мамлекеттерге “кыйратуучу жооп кайтарарын” айтып коркутту.
“Кырдаалга сырттан аралашуу азгырыгына алданып калышы мүмкүн болгондорго бир нече сөзүм бар. Бизге ким тоскоолдук кылууга аракет кылса, айрыкча биздин өлкөбүзгө жана элибизге коркунуч туудурса, алар билип коюшу зарыл: Орусиянын жообу кечиктирилбейт жана өзүңөрдүн тарыхыңарда эч качан туш болбогон кесепеттерге алып келет. Окуянын ар кандай өнүгүүсүнө даярбыз. Бардык керектүү чечимдер кабыл алынды. Мени угушат деген үмүттөмүн”, — деп белгиледи Путин.
Украинанын президенти Владимир Зеленский кайрылуу жолдоду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Төмөндө анын кайрылуусу:
Урматтуу Украинанын жарандары!
Бүгүн эртең менен президент Путин Донбасста атайын аскердик операция жүргүзө турганын жар салды.
Орусия биздин аскердик инфраструктурабызга жана чек арачыларыбызга, чек ара отряддарына чабуул койду. Украинанын көпчүлүк шаарларында жарылуунун дабышы угулду.
Өлкөбүздүн бүтүндөй аймагында аскердик кырдаал жарыялайбыз.
Азыр эле президент Байден менен сүйлөштүм. АКШ эл аралык колдоону топтой баштады.
Бүгүн силерден, ар бириңерден, тынчтык керек. Мүмкүн болушунча үйүңөрдө болгула, өтүнүч. Биз иштеп жатабыз. Армия иштеп жатат. Украинанын бүтүндөй коопсуздук жана коргоо сектору иштеп жатат. Силер менен мен үзгүлтүксүз байланышта болом. Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңеши, Министрлер кабинети байланышта болот. Жакын арада мен дагы байланышка чыгам. Дүрбөлөң түшпөгүлө.
Биз күчтүүбүз. Биз баарына даярбыз. Биз баарын жеңебиз, анткени биз — Украинабыз. Украинага даңк!
Киевде жардыруунун үндөрү угулууда
Украинанын борбору Киевден түз эфирде CNN телеканалынын кабарчылары бир нече жардыруунун дабышын укканын айтышты.
Жарылуу сыяктуу үндөр туурасында шаардын башка тургундары дагы кабарлап жатышат.
Социалдык тармактарда Украинанын башка шаарларында дагы жардыруунун дабышы угулуп жатканы жөнүндө маалыматтар пайда болууда.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 1
Би-Би-Синин кабарчылары жана булактары, ошондой эле башка басылмалардын кабарчылары социалдык тармакта Киевде, Харьковдо, Мариуполдо, Крымга жакын Херсондо, ЛЭР-ДЭРдеги фронт чегинде, Одессада жарылуунун дабышын угуп жатканын жазып жатышат.
Украинанын “Мілітарний” блогу Крымдагы чек арага жакын аймакта Каланчак украин бекетине чабуул болгонун кабарлады.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 2
Украина коопсуздукка байланыштуу өз аймагында жарандык авиация үчүн аба мейкиндигин убактылуу жапты.
Учкучтар үчүн кулактандыруу (NOTAM) бейшембиге караган түнү айтылды. Анын мөөнөтү 24-февралда 23:59да аяктайт.
FlightRadar24 кызматынын маалыматы боюнча азыркы мүнөттөрдө Украинанын аба мейкиндигинин көрүнүшү ушундай.

Ростов-Москва рейсинин бир жүргүнчүсү учактагы бардык адамдарды түшүргөнүн Би-Би-Сиге айтып берди.
“Ростов жана Краснодар аймактарындагы мейкиндик марттын башына чейин жабылганын айтышты”, — деди Би-Би-Синин маектеши.
Путиндин Донбасстагы “атайын аскердик операция” жөнүндөгү билдирүүсүнөн кийин АКШнын президенти Жо Байден орус кесиптеши согушту тандап алганын айтып чыкты. Төмөндө Байдендин билдирүүсү:

Сүрөттүн булагы, EPA
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Дүйнө жүзү бүгүнкү күндө Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн чабуулунан жабыр тартып жаткан Украинанын калкы менен тилектеш. Президент Путин алдын ала ниет кылган согушту тандап алды. Ал согуш катастрофалык адам курмандыктарына жана жапа чегүүгө алып барат.
Кол салуунун натыйжасындагы өлүм жана кыйроолор үчүн Орусия гана жоопкерчилик тартат. АКШ шериктештери жана өнөктөштөрү менен бирдиктүү жана чечкиндүү түрдө жооп кайтарат.
Дүйнө Орусияны жоопко тартат. Бул түндө мен Ак үйдөн кырдаалга сөз салып турам. Менин улуттук коопсуздук кызматыман үзгүлтүксүз маалымат алууну улантам. Эртең G7ге кирген кесиптештерим менен жолугам, андан соң Американын элине кайрылып, АКШ, шериктештерибиз жана өнөктөштөрүбүз Орусиянын Украинага, дүйнөгө жана коопсуздукка каршы керексиз агрессиялык актына кандай кесепети тиерин жарыялайм”.
Путин Орусия Украинанын аймагын басып алууну пландаган жок экенин билдирди.
“Биз эч кимге эч нерсени күч менен таңуулайын деп жаткан жокпуз”, — деди ал Орусиянын аскердик аракеттерин “өзүн-өзү коргоо” деп атап.
Ошону менен бирге эле ал элдердин өзүн-өзү аныктоо укугу жөнүндө эске салды.
“СССРди негиздеп жатканда да, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин да, азыркы Украинага кирген тигил же бул аймакта жашаган элдерден кандай жашагысы келери жөнүндө эч ким сураган эмес. Биздин саясатыбыздын өзөгүндө эркиндик жатат. Ушундай укукту — тандоо укугун — азыркы Украинанын аймагында жашаган бардык элдер пайдалана алуусу маанилүү деп эсептейбиз. Каалагандардын баары”, — деп билдирди Путин.
БУУ: “Тынчтыкка мүмкүнчүлүк бериңиз”
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Коопсуздук кеңешинин чукул отурумунда Орусиянын президенти Путинге кайрылып, Украинага аскерлерди киргизбөөгө чакырды. Чукул отурум АКШнын Нью-Йорк жергесинде 23-февраль күнү кечинде башталган.

“Президент Путин, аскердик күчтөрүңүздү Украинага кол салуудан токтотуп калыңыз, тынчтыкка мүмкүнчүлүк бериңиз, ансыз да көптөгөн адамдар каза болду”, — деди Гутерриш жолугушууну ачып жатып. Отурум Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулебанын өтүнүчү менен чогулган эле.
Орусиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя ал согуш эмес, Донбасстагы атайын операция экенин айтты.
Путиндин Украина менен иш жүзүндө согуш башталганы жөнүндө билдирүүсү БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйыны өтүп жатканда айтылды. (EA)












