Украин кризиси: Кремлдин чакырыгына союздаштардын жообу кандай болот?
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
Россиянын Тышкы иштер министрлиги Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск республикаларынын көз каранды эместигин тааныгандан кийин бул жолго башка өлкөлөрдү дагы чакырууда. Казакстан Коопсуздук кеңешин чакырып, өзүнүн позициясын иштеп чыга турганын билдирди. Кыргыз президенти Садыр Жапаров Фейсбуктагы өзүнүн баракчасы аркылуу өзүнүн пикирин билдирип, кризистен чыгуунун дипломатиялык жолдорун гана пайдаланууга чакырды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Интерфакстын" кабарына караганда, 22-февралда Путин менен Касым-Жомарт Токаев телефондон сүйлөштү. Орус президенти Украинын айланасындагы кризис жөнүндө өзүнчө маалымат берип, Казакстан менен союздаштык жана жакшы коңшулук мамилени бекемдөө курсунан тайбай турганын билдирген. Казакстандын соңку окуяларга мамилеси жөнүндө Токаев эмне дегени жөнүндө маалымат жок. Андан мурда Коопсуздук Кеңешинин жыйыны болуп, анда президент Украинанын айланасындагы кырдаалга байланыштуу антикризистик планды иштеп чыгуу боюнча тапшырма берген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ал эми Кремль менен Бишкектин ортосунда мындай сүйлөшүүлөр туурасында расмий маалымат болгон жок. Президент Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына гана өзүнүн пикирин жазды.
“Кыргыз Республикасы жаңжалды жөнгө салуу боюнча бирден-бир документ болуп саналган, БУУнун Коопсуздук кеңешинин колдоосун алган Минск келишиминин негизинде иш алып барууну ар дайым жактап келген. Тилекке каршы, анын аткарылбашы азыркы татаал кырдаалга алып келди. Курмандыктарды болтурбоо үчүн кырдаалды дипломатиялык жана сүйлөшүү жолу менен гана жөнгө салуу керек деп эсептейм. Адамдын өмүрү баарынан кымбат эмеспи. Жаңжалдын мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө үчүн кырдаалды жөнгөрүүдө акыл-эстүүлүк жана токтоолук менен мамиле кылууга чакырам. Балким, бул көп сандаган орусиялык жарандар жашаган Донбасс аймагындагы жайкын тургундарды коргоо үчүн аргасыз чара болушу мүмкүн. Бул же тигил мамлекетти таануу маселеси ар бир өлкөнүн суверендүү укугу экенин белгилеп койгум келет”,- деген Садыр Жапаров өзүнүн билдирүүсүндө.

Сүрөттүн булагы, president.kg
"Неоимпериялык идеология"
Президенттен айырмаланып, Путиндин соңку сөзүндөгү риторикага кооптонуу билдирип жаткан саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп жатат. Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Садыр Жапаровдун билдирүүсүн шашылма жана жакшы эленбеген позиция, ал эми Путиндин сөзүн “неоимпериялык идеология” деп атады.
“Ал өзүнүн позициясы менен Путиндин Россия империясынын мураскору болгон мурдагы советтер союзунун өлкөлөрүнүн баарына империялык дооматтарын идеологиялык негиздерин факт жүзүндө колдоого алды. “Ленин туура эмес кылган”, “силерди эч ким чакырган эмес”, "силер биздин канаттын алдына өзүңөр келдиңер”, “биз силерге баарын бердик” мындай аргументтери менен “орус жерлерин чогултуучу” жана “тарыхый адилеттикти калыбына келтирүүчү” постсоветтик өлкөнүн кимисине болбосун согуштук аракетти актап коюшу мүмкүн. Кремлдин неоимпериялык идеологиясын колдоо менен биз өзүбүздүн эгемендиктин колдон чыгып кетишине макул болуп жатабыз”-деп жазды Клара Сооронкулова.
Нейтралдуу позиция

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2014-жылы Россия Крымды кошуп алганда, Казакстан дагы, Кыргызстан дагы бул чечимди түшүнүү менен кабыл алганын билдирген, бирок Крымды Россиянын аймагы деп азыркыга чейин тааный элек.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев "Qazaq. История золотого человека» фильминдеги маегинде "Биз Крымды Россияныкы деп тааныган жокпуз, анткени анда Осетияны, Абхазияны, Косовону да тааныш керек болот",-деп айтканы бар.
Геосаясат боюнча эксперт Чынара Эсенгулдун пикиринде, Кремль Казакстан же Кыргызстан сыяктуу союздаштарынан дароо эле колдоо болот деп күткөн жок. Ошондуктан эл аралык укуктун негизинде ашыкпай, тең салмактуу кылдат позицияны иштеп чыгуу керек дейт.
“Убагында 2014-жылы Крымдын кырдаалы башталганда Назарбаев президент болуп турган эле. Ошондо ал ачык эле айткан: Казакстандын Россия менен узак чек арасы бар, ал жакта дагы орустарга ыктаган сепаратисттик маанайдагы орус тектүү казак жарандары бар. Ошону эске алганда биз мындайга эч качан барбайбыз, эки тарапка тең нейтралдуу позициядабыз деген. Грузиядан Осетия чыкканда деле казактар ошондой реакция берген. Албетте, алар Россия менен достук мамиледе болгусу келет, бирок бир күнү дос, эртең кызыкчылыктар кандай болуп кетет деген көз караш бар”.
Кыргызстандын Россия менен чектеш чек арасы жок, бирок социалдык-экономикалык жактан абдан көп тыгыз байланышы бар. Миллиондон ашык кыргыз жараны Россияда иштеп жүрөт, күйүүчү май, отун маселесинде Кыргызстан Россияда көз каранды. Ошол себептүү Россияга салынган эл аралык санкцияларын кесепети кайсы бир деңгээлде Кыргызстанга да тиет.
“Биз тышкы саясатыбызды ар кайсы векторлуу кыла алган жокпуз. Ошондуктан, Кытай же Батыш менен өтө жакшы мамилебиз болбогондуктан, ошону эске алганда, албетте, биз Россия менен стратегиялык жагынан карашыбыз керек. Бирок ушундай өзүн өзү жарыялап алган аймактарды эгемендүү деп тааныган Россиянын позициясына биз кошулбашыбыз керек”,-дейт Чынара Эсенгул.
Кремлдин таасири
Кыргызстандын расмий бийлиги да, калкы да Кремлдин чоң таасири астында, негизинен орус телеканалдарын көрөт, ошол себептүү коомдук пикир ошого жараша калыптанат. Украинанын айланасындагы кризис, андан чыккан Россия менен Батыштын тиреши ансыз деле Кыргызстанда батышка каршылык маанай күчөп турган учурда болуп жатат.
"Биз азыр кимдин маалыматтык таасири астында жашап жатабыз. Россиянын. Көргөнүбүз орустардын телеканалдары. Ал жерде баардыгы эле акыйкатты айтып аткан жок. Бир жактуу, алар дагы өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөп атат",-дейт коомдук ишмер Эсенбай Нурушев.









