Өнүккөн өлкөлөр Афганистандагы кризистин алдын алууга сөз берди

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөдөгү ири экономикага ээ өлкөлөрдөн түзүлгөн G20 тобунун мүчөлөрү Афганистандагы экономикалык катастрофанын алдын алууга бел байлады.
Германиянын канцлери Ангела Меркел өлкө “башаламандыкка кирип кетпеши” керек экенин билдирди.
Виртуалдык саммит Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) дүйнөлүк лидерлерди афган экономикасына миллиарддаган доллар каражат салууга чакыргандан кийин болуп өттү.
АКШнын президенти Жо Байден жардам бийликтеги Талибанга түз эмес, көз карандысыз эл аралык уюмдар аркылуу берилиши керек экенин белгиледи.
Бирок ыкчам дары-дармек менен азык-түлүктү камсыздоо үчүн гана бериле турган каражат миллиондоп саналууда.
Сөз бергендердин арасында Европа Комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен да бар. Алар Афганистанга жана качкындарды кабыл алган кошуна өлкөлөргө €1 млрд бере турганын айтты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ангела Меркел Германия €600 млн берерин билдирди. Меркел өткөн айда болуп өткөн шайлоого катышкан эмес жана жаңы өкмөт куралган соң кызматтан кетмекчи.
“Афганистанда валюта системасы толугу менен кыйраса же каржылык система талкаланса, эч кимибиз эч нерсеге жетпейбиз”, - деди ал кабарчыларга.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Андай болсо гуманитардык жардам дагы берилбей калат. Албетте, эч качан оңой болгон эмес. Бирок электр жарыгы жок же каржылык системасы иштебегендиктен 40 млн адамдын башаламандыкка кириптер болушуна карап туруу - бул эл аралык коомчулуктун максаты боло албайт жана болбошу дагы керек”.
Германиянын канцлеринин айтымында, Талибан БУУнун жардам жеткирген бардык бөлүмдөрүнө жеткилик бериши зарыл. Ошондой эле, Меркел кыз-келиндердин укуктарынын урматталышы керек экенине басым жасады.
Меркелдин сөздөрүн виртуалдык саммитти өткөрүп жаткан Италиянын премьер-министри Марио Драги дагы кайталагандай болду.
Драгинин айтымында, G20 өлкөлөрү Талибан менен байланышууга аргасыз болуп турган. Бирок ал исламист топ кураган өкмөттү таанууга жатпасын билдирди.
G20 лидерлеринин баары эле саммитке катышкан жок. Кытайдын президенти Си Цзинпин менен Орусиянын президенти Владимир Путин өкүлдөрүн жиберишкен. Бирок Драгинин билдиришинче, жыйындын бардык катышуучулары көбүрөөк жардам жеткирүү керек экени боюнча бир пикирге келишкен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ошондой эле, лидерлер Афганистанды ал-Каида жана “Ислам мамлекети тобу” сыяктуу согушкерлер үчүн баш калка болтурбоонун жолдорун, Афганистандан чыгып кеткиси келген чет элдиктердин жана афгандардын коопсуз чыгып кетүүсүнө шарт түзүү муктаждыктарын талкуулашты.
Аталган саммит Батыштын жана Афганистандын расмийлери Катар өлкөсүндө гуманитардык жардам, терроризм жана чет элдиктердин эвакуация маселелерин талкуулагандан кийин өтүп жатат.
Бул Талибан кыймылы август айынын ортосунда Афганистандын бийлигин басып алгандан жана АКШнын аскерлери өлкөдөн чыгып кеткенден берки эки тараптын алгачкы бетме-бет жолугушуусу.
“Жегенге эч нерсем жок”
Жардам көрсөткөн кызматкерлер Афганистан катаал гуманитардык кризистин алдында турганына тынчсызданып жаткан чакта эл аралык коомчулук кыймылга келди.
Афгандар туш болгон кыйынчылыктар жөнүндө Би-Би-Сиге билдирип жатышкан.
“Эч нерсе таба албадык. Эгер бир нерсе бар болсо да, ал өтө кымбат”, - деген улгайган аксакал. “Мага былтыр төлөп беришкен болчу. Азырга чейин маянамды күтүп жатам. Балдарым менен жегенге эч нерсем жок”.
Түндүктөгү Тахар шаарчасындагы дагы бир мамлекеттик кызматкер жогору жактагылар айлыкты төлөө жөнүндө калп айтып жатканына нааразы болду.
“Мен эч нерсе алган жокмун”, - деди ал. “Бул кандай өкмөт? Эгерде кызматкер жумушка барбаса, анда арыз жазылып, иликтөөлөр болот. Бирок ага айлык төлөп беришпесечи, ал кантип жашайт?”
БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш Женевада өткөн айда болгон донорлордун конференциясында эскерткендей, Афганистанда жакырчылыктын деңгээли өсүп, мамлекеттик кызматтардын урашына аз эле калган.
Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, өлкөнүн ИДӨсүнүн (улуттук ички дүң өнүм) 40%га жакыны түрдүү жардамдардан куралат.
Талибан 15-августта Кабулду басып алгандан кийин АКШ өлкөнүн борбордук банкындагы $10 миллиарддык активдерин тоңдуруп койгон.
Кабулдагы кедей-кембагалдар үчүн ачарчылыктын алдын алуу башкы маселе экенин жакында эле Би-Би-Синин кабарчысы Жереми Боуэн афган борбор шаарынан кабарлаган эле. (EA)








