Афганистанга жардам жеткирүү боюнча АКШ менен Талибандын сүйлөшүүсү башталды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Талибандын башкаруучулары АКШ Афганистанга гуманитардык жардам берүүгө макул болгонун айтышты.
Бул билдирүү Катарда алардын алгачкы түз сүйлөшүүлөрүнөн кийин жарыяланды. АКШнын аскерлери Афганистандан августта чыгып кеткен эле.
Сүйлөшүүлөрдө жардамдан тышкары экстремисттик топторду калкалоого жана АКШнын жарандарын эвакуациялоого көңүл бурулду.
АКШнын расмийлери сүйлөшүүлөрдү ачык жана профессионалдуу болду деп сүрөттөп, бирок Талибанга кыймыл-аракеттерине карап баа бериле турганын кошумчалашты.
АКШ бул жолугушуу Талибанды тааныды дегенге жатпасын билдирди.
Жекшемби күнү кечинде жарыяланган билдирүүдө Талибан төмөнкүчө билдирди:
“АКШнын өкүлдөрү афгандарга гуманитардык жардам берилерин жана башка гуманитардык уюмдарга жардам жеткирүүгө шарттар түзүлөрүн айтты”.
“Талибан жардамга муктаж болгондорго гуманитардык жардамды ачык-айкын жеткирүү үчүн кайрымдуу топтор менен кызматташат жана чет элдик жарандардын принципиалдуу кыймыл-аракетине шарт түзөт”, - деп кошумчаланган билдирүүдө.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бирок АКШ Талибандын жардам тууралуу айткандарын расмий түрдө ырасташы керек.
АКШ өкмөтүнүн өкүлү Нед Прайс башка кеңири маалымат бербей эле төмөнкүлөрдү айтты: “Эки тарап түздөн-түз афган элине ишенимдүү гуманитардык жардам жеткирүүнү талкуулашты”.
“АКШнын делегациясы коопсуздук, терроризм маселелерине, АКШнын, чет элдик жарандардын, афган шериктердин коопсуздугуна, ошондой эле адам укуктарына, анын ичинде кыз-келиндердин афган коомунун бардык тармагында орундуу аралашуусуна көңүл бурушту”, - деди Прайс.
Бул сүйлөшүүлөр Афганистан оор гуманитардык кризистин алдында турганын айткандан кийин жүрүүдө.
Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерриш Женевада өткөн айда болгон донорлордун конференциясында эскерткендей, Афганистанда жакырчылыктын деңгээли өсүп, мамлекеттик кызматтардын урашына аз эле калган.
Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, өлкөнүн ИДӨсүнүн (улуттук ички дүң өнүм) 40%га жакыны түрдүү жардамдардан куралат.
Кабулдагы кедей-кембагалдар үчүн ачарчылыктын алдын алуу башкы маселе экенин жакында эле Би-Би-Синин кабарчысы Жереми Боуэн афган борбор шаарынан кабарлаган эле.
Катар жергесиндеги жолугушууда Талибан “Ислам мамлекети Корасан аймагы” (ИМ-К) аттуу кыймылга каршы Вашингтон менен бирге күрөшүү боюнча маселени караган жок.
Талибандын Катардагы өкүлү Сухаил Шахин Associated Press агенттигине алар коркунучка каршы өз алдынча күрөшө аларын билдирген.
ИМ-К кыймылынын жанкечтиси түндүктөгү Кундуз шаарындагы Саид Абад мечитинде жума күнү жардыруу уюштуруп, бери эле дегенде 50 адамдын өмүрүн алган.
Аталган мечитти азчылыкты түзгөн шиит мусулмандар пайдаланган жана жардырууда 100дөн ашуун киши жаракат алган. (EA)












