Кытайдын төрөт көзөмөлү уйгурларды азайтышы мүмкүн

Эски Кашкарда балдары менен бараткан аял

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эски Кашкарда балдары менен бараткан аял

Адриан Зенстин жаңы изилдөөсү, эксперттик кароодон өткөн, Кытайдын Шиңжаңдагы уйгурларга жана башка азчылык топторуна каршы куугунтуктоосунун узак мөөнөттүү таасирин талдаган биринчи илимий доклад.

Ал, Кытайдын бул аймакка карата жүргүзгөн төрөттү көзөмөлдөө саясаты алдында, Шиңжаңдагы этникалык азчылыктардын саны 2040-жылы 8,6-10,5 миллионго жетиши мүмкүн дейт. Бээжин куугунтуктоолорду баштай элек учурда, кытай изилдөөчүлөрү бул мезгилде калктын саны 13,1 миллионго жетет деп болжоп келишкен.

Зенс мырза, биринчи маек алган Рейтер агенттигине: "Бул [изилдөө жана анализ] Кытай бийлигинин Шиңжаңдагы уйгурларга карата болгон узак мөөнөттүү планын чыныгы жүзү" - деп айткан.

Зенс мырза, өз отчетунда, 2019-жылы Шиңжаң бийликтери: "түштүктөгү азчылыктар жашаган төрт аймакта, төрөт курагындагы аялдардын кеминде 80 пайызына спираль салуу же стерилизация аркылуу төрөттөрүнүн алдын алууну пландаштырган" - деп жазат.

Кескин кыскаруу

Эксперттер Кытай Шиңжаңда кеминде бир миллион уйгур жана башка мусулман элдерин камакка алган деп эсептешет. Кытай бийлиги ал жердин мусулман азчылыгын кыскартууга жана сиңирүүгө аракет кылып жатат деген айыптоолорго кабылып келет. Ошондой эле, отчеттордо бийлик Кытайда көпчүлүктү түзгөн хан элин атайын мурда этникалык азчылыктар үстөмдүк кылган Шиңжаңга, ал эми уйгурларды, андан сырткары аймактарга көчүрүп жатканы айтылат.

Зенс мырзанын отчетунуна ылайык, Кытайдын төрөттү көзөмөлдөө саясатынан улам уйгурлар жыш жашаган Шиңжаңда хандардын саны өсүп, азыркы 8,4 пайыздан 2040-ж. 25 пайызга чейин жетиши мүмкүн.

Кытайдын ырасмий статистикасына ылайык, 2017-2019-жылдары Шиңжаңдагы этникалык азчылыктардын төрөт деңгээли 48.7% кыскарган.

Өткөн аптада, кайра каттоо берилиштери (маалыматтары) өлкөдө төрөт деңгээли кескин төмөндөгөнүн көрсөткөндүгүнө байланыштуу, Кытай бийлиги үч балалуу болууга уруксат бергенин жарыя кылган. Бирок ачыкка чыгып кеткен документтер жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, тескерисинче, Шиңжаңда төрөт чегин ашкан аялдарды камаган же башкача жазалаган саясат жүрүп жатканынан кабар берет. 

Кытай бийлиги Шиңжандын мусулман калкын кыскартууга айыпталып келет

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шиңжандагы мусулман тургун
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Зенс мырзанын регионалдык берилиштерге, саясый документтерге жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө негизденген мурдагы отчетунда, Шиңжаңда боюнан алдыруудан баш тарткан уйгур аялдар камакка алуу менен коркутулганы, айрымдары жатынына коргоочу буюмдарды салууга же стерилизацияга мажбурланышканы айтылган.

Кытай, уйгур калкын атайлап азайтууга аракет кылып жатканын моюнуна албайт. Шиңжаңдагы төрөт деңгээлинин төмөндөшүн жалпы төрөт чектөөлөрү жана кирешенин өсүшүнөн улам үй-бүлөө курууну пландаштыруу жакшырганы менен түшүндүрүп келет.

Кытайдын тышкы иштер министри Рейтерге жасаган ырасмий билдирүүсүндө: "Шиңжаң геноциди" - бул акылга сыйбаган калп. Бул АКШдагы жана батыштагы Кытайга каршы күчтөрдүн, синофобияга кабылгандардын тымызын ниети", - деп айткан.

Зенс мырза өзү Вашингтондо жайгашкан антикоммунисттик "Коммунизмдин курмандыктарын эскерүү" фондунун изилдөөчүсү. Ал өзүн "тоталитардык режимдерде жашап жаткандарга эркиндик алып келүүнү көздөйм" – деп тааныйт.

Рейтер агенттиги анын жаңы изилдөөлөрүн жана методикасын ондон ашуун демография, төрөттүн алдын алуу саясаты, адам укуктары боюнча мыйзамдардын эксперттери менен бөлүшкөнүн жана алар анын анализин жана тыянактарын туура деп табышканын айтат.

Айрым эксперттер ондогон жылдар аралыгындагы демографиялык божомолдорго күтүлбөгөн факторлор таасир этиши мүмкүн экенин эскертишкен.

Тектеш макалалар