Бозгундагы уйгур трибуналы

“Чоң жетиликтин” лидерлери Британияда өтүүчү конференцияда алардын Кытай менен болгон мамилесин жана Бээжиндин уйгур калкына кылган куугунтуктоолоруна байланыштуу тынчсызданууларын талкууламакчы. АКШ Кытайды геноцид жүргүзүүдө деп айыптаган өлкөлөрдүн бири. Кытай мындай дооматтарды четке кагууда. Бул аптада ондогон уйгурлар өздөрүнүн көйгөйүнө эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруш үчүн Лондондо келишти.

Кэролайн Хоули, Би-Би-Си

Бозгундагы уйгур трибуналынын күбөсү Гүлбара Желилова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гүлбара Желилова

Трибуналга келгендердин окуялары

Өмер Рози дүйнөгө өз окуясын айтып бергиси келет. Гүлбара Желилова дагы өз элинин үнүн дүйнөгө угузсам дейт. Кытай миллиондон ашуун уйгурларды түрмөгө камаганы, мажбурлап иштеткени жана стерилизациялаганы үчүн уйгурларга каршы массалык куугунтуктоо саясатын жүргүзүп жатат деп айыпталууда. Айыпталган тарап муну четке какканы менен Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжан аймагында жоолук салынып же сакал коюп жүргөнүңүз үчүн түрмөгө түшүп калышыңыз мүмкүн.

Гүлбаранын окуясы

Гүлбара Желилова 2017-ж. терроризмге айыпталып камалганын жана камерада кармалган ондогон аялдарга айыз күндөрүн токтоткон дарыларды ичиришкенин жана ийне сайышкан айтат. Он күн сайын мажбурлап жылаңач чечинтишчү дейт:

"Полиция келгенде биз ылдам чечинчүбүз. Колубузду башыбызга алдыртып отуруп-тургузушчу. Бул бизди мал катары карап, атайын маскаралаганы болчу".

Өмер Розинин баяны

Өмер Рози 1993-ж. мамлекеттик сырды ачты деген күнөө менен камалган. Ал азыр Норвегиядан баш калка алган. Ал уйгур коомунун жигердүү мүчөсү. 2017-жылы ага иниси менен карындашы шыпта колдорунан асылып турганын көрсөткөн видео чалуу болгон. Чалган полисмен ага Түркиядагы уйгур топторун каржылоону токтот, башка качкын уйгурларга аралашпа деген. Ал макул болгон эмес. Ошондон кийин анын 30 кишиден турган үй-бүлөсү толугу менен жоголуп кеткен.

“Мен кайда барарымды же ким менен кайгымды бөлүшөрүмдү билбейм, ушунчалык азап тартам. Тамагымдан эч нерсе өтпөчүдөй сезилет, мен тирүү өлүк болуп калдым”, - дейт Өмери.

Кытайдын позициясы

Биз бозгундардын айткандарын тастыктай албайбыз. Анткени Кытай уйгур көпчүлүгү жашаган Шиңжан аймагында журналисттердин жана адам укуктарын коргогон уюмдарын эркин иштөөсүнө жол бербейт.

Мамлекеттик медиалар жарыялаган сүрөттөрдө аймак туристтер үчүн жыргал жер катары көрсөтүлөт. Кытай ырасмийлери аны гармониянын жери дейт, бирок Лондонго өзүн өзү жарыялаган “Трибуналга” күбө өткөнү келгендер такыр башка нерселерди айтышат.

Трибуналды бийлик колдобойт жана анын юридикалык күчү жок. Кытай ага катышкандардын бардыгын кескин айыптап келатат:

“Атайын уйгур трибуналы” же мыйзамдуу, же ишенимдүү эмес. Ал болгону бир нече кишинин Кытайга каршы ойлоп тапкан дагы бир оюну. Трибуналдын күбөлөрү актерлор жана бул өзү шоу”, - деди Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Уоңг Уенбин мырза. 

Трибуналдын күбөлөрү Лондонго уйгур жамаатынын азабына көңүл бурдурганы келишкенин жана Кытай алардын иденттүүлүгүн жок кылып жатканын айтышууда.

Тектеш макалалар