Кытайдын "кайра тарбиялоо" лагерлеринде зордукталган аялдар

    • Author, Мэтью Хилл, Дэвид Кампаналь, Жоэл Гантер
    • Role, BBC News

18+

Турсунай Зиявудун
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Турсунай Зиявудун

Би-Би-Сиге айтып берген күбөлөрдүн маалыматында Кытайдагы мусулман уйгурлар кармалган "кайра тарбиялоо" лагерлеринде аялдар такай зордукталып, кыйноого алынат.

АКШнын өкмөтү Би-Би-Си жарыялаган маалыматтарга "терең тынчсыздануусун" билдирди. "Мындай айбандык үрөй учурат жана анын кесепеттери оор болот",-деди өкмөт өкүлү.

Маалыматтарга караганда миллионго чукул уйгурлар жана башка улуттук азчылыктар Кытайдын лагерлери аркылуу өткөн.

Күбөлөрдүн айткандарына негизделип жасалган материалды Кытайдын Тышкы иштер министрлиги жасалма атады. Министрликтин өкүлү Ван Веньбинь Кытайда аялдарга карата системалуу зордуктоо жок жана бийлик өзүнүн бардык мекемелерин адам укуктарынын принциптери менен башкарат дейт.

"Лагерлерде аялдарды системалуу түрдө зордуктоо жана кыйноо деген нерсе жок. Кытай мамлекетинде биздин Баш мыйзам адамдын укугун камсыздап, коргоого алат. Кайра тарбиялоо борборлору конституциялык мыйзам чегинен чыкпайт, студенттердин укуктарын коргойт жана кыйноого жол бербейт",-деди ал.

короткая линейка

Макалада үрөй учурган сүрөттөлүштөр бар.

"Караңгы бөлмө"

Турсунай Зиявудун мындай лагерде тогуз ай болгон.

Пандемия баштала элек убак эле. Ошондо эле андагы эркектер кара беткап тагып жүрүшкөн деп эскерет Турсунай. Алар полиция формасында эмес, жарандык кийимчен эле кишилер.

Кээ күндөрү жарандык кийимчен кишилер түн жарымында камераларды кыдырып, аялдардын арасынан тандап алып, аны коридор менен видео байкоосу жок "караңгы бөлмөнү" көздөй алып кетишчү.

Бир нече жолу Турсунайды дагы бөлмөгө алып барышкан.

"Андан ары эмне болгонун айтып бере албайм. Ал менин жандүйнөмдөгү айыкпаган жара..."

Шинжаңдын түндүк-батышында Кытай бийлиги "кайра тарбиялоо" лагерлеринин бир нечесин курган. Бирок аны өтө бекем кайтарууга алып, жашыруун кармап келүүдө. Айрым көз карандысыз маалыматтарга таянсак, миллиондон ашуун киши мындай лагерлер аркылуу өттү.

Адам укугун коргоо жаатында иш алып барган уюмдар Бээжин акырындап уйгурлардын диний жана башка бардык эркиндиктерин чектеп, жүрүм-турумун массалык түрдө көзөмөлдөө жана аң-сезимин өзгөртүү үчүн камакка алууда. Ал эми аялдарга карата күч колдонуу менен стерилизациялоо болуп жатканын ырасташат.

Турсунай Зиявудун
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Турсунай үч жолу топтошкон эркектер тарабынан зордукталган. Ал лагерден бошоноору менен Казакстанга качып өтүүгө мүмкүнчүлүк тапты. Андан ары укук коргоочулардын жардамы менен АКШга чыгып кетти

Мунун өзөгү 2014-жылы 22-майда Шинжаң автоном аймагынын борбору Үрүмчүдөгү уйгур жикчилдери ишке ашырган жардырууда жатат. Ошондон кийин аймакка Төрага Си Цзиньпин дагы барган.

New York Times басылмасынын колуна тийген документтерге ылайык төрага жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө аёосуз аракеттерге барууга буйрук берген.

Өткөн айда АКШ өкмөтү Кытайдын уйгурларга карата саясаты геноцид аныктамасына жакын деп билдирген эле. Расмий Бээжин массалык түрдө эркиндигин чектеген жана аялдарды тукумсуз кылган деген маалыматтар караандай калп деп четке какты.

Жашыруун тартып алынган камералар

Сүрөттүн булагы, BITTER WINTER

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жашыруун тартып алынган сүрөт

Күбөлөр менен түз сүйлөшүү өтө сейрек учурда гана болот. Бул жолу Би-Би-Сиге маек берген лагерде жатып чыккан бир нече киши жана мурдакы күзөтчү кыйноолор жана зордуктоо тууралуу маалыматтарды тастыкташты.

Турсунай лагерден бошоноору менен Казакстанга качып өтүүгө мүмкүнчүлүк тапты. Андан ары укук коргоочулардын жардамы менен АКШга чыгып кетти. Ал үч жолу топтошкон эркектер тарабынан зордукталганын айтты. Беткап кийип алган эки-үч эркек кезектешип зордуктаган. Түн жарымында кимдир бирөөнү "караңгы бөлмөгө" алып чыгып кетишчү деди ал.

Зиявудун Казакстанда жүргөндө Кытайга өткөрүп жибербейби деп катуу корккон. Баштан өткөргөн кордукту кеңири сүрөттөп берүүгө мүмкүн эмес. Уятымдан жерге кирип кете жаздайм деди ал.

Зиавудун кайсыл жерде кармалып турганын айтып берди. 2017-жылдагы (солдо) жана 2019-жылдагы спутник сүрөттөрү

Сүрөттүн булагы, MAXAR

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Зиавудун кайсыл жерде кармалып турганын айтып берди. 2017-жылдагы (солдо) жана 2019-жылдагы спутник сүрөттөрү

Анын айткандарын тактоого мүмкүн эмес. Анткени Кытай журналисттердин барышына мүмкүндүк бербейт. Бирок Зиявудундун авиабилети жана иммиграциялык документтери, ал айткан даталар дал келет. Ошондой эле Шинжаңдагы лагерди сүрөттөгөнү (уйгурлар Кунус деп аташат) дагы спутниктен алынган маалыматтарды тастыктайт.

Лагердеги абал тууралуу башка дагы күбөлөр маалыматтарды беришти.

Жылаңачтап колун кишендөө

Шинжаң боюнча адис Адриан Ценз тарабынан Би-Би-Сиге берилген Кунес округунун сот органдарынын 2017-2018-жылдардагы кызматтык колдонуудагы документтери уйгурларды "тарбиялоо" тууралуу пландар кантип ишке ашырылганын көрсөтүп турат.

Документтердин биринде "мээни жууш, жүрөктү тазалаш, туура көз караштарды калыптандыруу жана жамандыкты жок кылуу" деген сыяктуу сөздөр жазылган.

Би-Би-Си шинжаңдык Гульзира Элхан деген дагы бир аял менен маектешти. Анын улуту казак жана лагерде 18 ай кармалган.

Гульзира Эльхан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гульзира Элхан лагерде 18 ай кармалган

Аны мажбурлап, "караңгы бөлмөгө" келген аялдарды чечинттирип, колун кишендетишкен. Андан кийин бөлмөнү тазалчу.

"Менин жумушум аялдардын кийимин чечип, колдорун кыймылдай албагандай кылып кишендеп бөлмөгө калтырып кетүү эле. Андан кийин тыштан бейтаныш бирөө же полиция кызматкери кирчү. Мен эшиктин жанында унчукпай күтүп турчумун. Эркек бөлмөдөн чыккандан кийин аялды жуунчу жайга алып барчумун"- деп айтып берди ал. (AbA)