АКШ бийлиги: "Кытай уйгурларга каршы геноцид уюштурду"

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кытай уйгур жана башка мусулман азчылыктарына каршы геноцид жүргүзгөнүн билдирди. Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Жо Байдендин мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен дагы Помпеонун сөзүн кубаттады.
Адам укуктарын коргогон топтор Кытай миллиондон ашуун уйгур жана кыргыз, казак сыяктуу башка азчылыктарды тарбиялоо лагерлерине күч менен жөнөткөнүн байма-бай айтып келет. Би-Би-Синин журналисттик иликтөөсү Бээжин Шинжаңдагы азчылыктарды мажбурлап иштетип жатканын дагы ашкереледи.
Дональд Трамптын президенттик мөөнөтү АКШ-Кытай тирешүүсү менен коштолду. Эки мамлекет соода саясатынан тарта коронавирус пандемиясына чейин кайым айтышты.
"Менимче, геноцид дагы деле уланып жатат. Кытайдын бир партиялуу мамлекети тарабынан уйгурларды жок кылуу жараянына күбө болуп жатабыз",-деп айтты Помпео шейшемби күнү.
Шаршемби күнү Помпео кызматын тапшырып кетет. 20-январда Жо Байден ант кармагандан кийин Блинкен мамлекеттик катчы катары ишин баштайт. Журналисттердин Помпеонун билдирүүсү тууралуу суроосуна, ал "мен дагы ошол пикирге кошулам" деп жооп берди.
Жо Байдендин командасы өткөн август айында буга окшош кайрылуу жасаган. Анда "уйгурлар авторитардык Кытай бийлигинин колунан ырайымсыз куугунтукталды" деп айтылган.
Кытайга жана Байденге болгон кысым
Би-Би-Си Кытай кызматы
Трамп администрациясы бийликтеги акыркы күнүндө Кытайга "белек" берип кеткендей. Билдирүү Кытайдын Шинжаңдагы саясатына карата эң катуу айтылган сөз болду. Шинжаңдагы азчылыктарга карата мамилени кескин сындап келген Европа Биримдиги, Британия жана Австралия дагы Вашингтондун артынан "геноцид" болуп жатканын айтышы ыктымал.
Мунун арты менен дүйнөлүк коомчулуктун Кытайга карата кысымы күчөшү дагы мүмкүн. Бирок бул кадам Бээжиндин саясатын өзгөртөбү?
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Учурда Кытай бийлиги коронавирус пандемиясы түзгөн кыйынчылыктарга карабастан экономикасын жандантып, бийликти бекемдөөгө жетишти. Ага салыштырмалуу АКШда саясий башаламандык орун алып жатканы белгилүү.
Кытайдын мамлекеттик медиасы дароо жооп кайтарып, АКШ бийлиги коронавирус пандемиясы учурунда "америка элине каршы геноцид" жүргүзгөнүн маалымдады. АКШ коронавирустан эң катуу жабыркаган мамлекет.
Бирок Кошмо Штаттар сыяктуу көп мамлекеттер Кытай менен тыгыз экономикалык байланышы үчүн мамилени толугу менен үзүп салуудан баш тартууда. Ошол эле маалда адам укуктары менен экономикалык кызыкчылык ортосунда тең салмактуулукту сактоо күн өткөн сайын оор болуп бара жатат.
Байдендин командасы уйгурлар жана башка мусулмандарга карата Кытайдын мамилесин "геноцид" катары атаганы менен, Шинжаң алардын тышкы саясатындагы негизги маселе эмес. Эми АКШнын жаңы администрациясы Шинжаңга карата так саясатын жарыялоого мажбур болот.
Президент Трамп бийликтен кеткенден кийин деле Бээжин менен Вашингтондун кайым айтышуусу улана берери талашсыз.
















