Шинжаңдын “булганган” пахтасы – жаңы далилдер глобалдык мода индустриясына маанилүү болгон тармакта жумушчулар мажбурланып ишке тартылып жатканын көрсөттү

Workers in a cotton field in Xinjiang
    • Author, Жон Судворт
    • Role, BBC News, Beijing

Би-Би-Синин колуна тийген жаңы изилдөөгө ылайык, Кытай жүз миңдеген уйгур жана башка азчылыктарды Шинжаң аймагындагы пахта талааларында мажбурлоо жолу менен ишке тартууда.

Интернетке жарыяланган жаңы документтер пахта талааларындагы мажбурлоо менен иштетүүнүн масштабын көрсөттү. Кытай дүйнөдөгү пахта экспортунун бештен бирин өндүрөт. Бул пахта глобалдык мода индустриясында кеңири колдонулат.

Бээжиндин "кайра тарбиялоо лагерлеринде" миллионго чукул киши кармалганын жана алар текстил фабрикаларында мажбурлап иштетилип жатканы боюнча далилдер арбын.

Кытайдын өкмөтү дооматтарды четке кагып, лагерлерди "кесиптик билим берүүчү жай" деп атап келүүдө. Ал эми фабрикаларды "жакырсыздык менен күрөшүүгө" багытталган масштабдуу долбоор экенин жана анда кишилер ыктыярдуу түрдө иштеп жатышканын айтууда. Бирок жаңы далилдер жыл сайын жарым миллионго чукул улуттук азчылык өкүлдөрү өтө начар шартта талааларда пахта терүүгө мужбурланып жатканын көрсөтөт.

Cotton pickers in Xinjiang

"Менимче, мунун тарыхый кесепети болот",-дейт документтерди ашкерелеген Вашингтондогу коммунизмдин курмандыктарын эскерүү фондунун өкүлү доктор Адриан Зенз.

"Биринчи жолу уйгурлар мажбурланып фабрикаларда кийим тигип жатканын гана эмес, алар талааларда пахта терүүгө аргасыз экени далилденди. Бул жагдай оюнду өзгөртөт. Этикага көңүл бургандар Шинжаңды карап, "биз мындай ишке аралашпайбыз" деп калышат. Шинжаңда Кытайда өндүрүлгөн пахтанын 80 пайызы, дүйнөнүн 20 пайызы өстүрүлөт",-дейт Зенз мырза.

Интернетке жарыяланган өкмөттүн документтери жана мамлекеттик маалымат каражаттары тараткан жаңылыктар, 2018-жылы Аксу менен Хотан аймагында 210 миң жумушчу "эмгек жолун которуу" аркылуу Кытайдын аскерлешкен уюму саналган Шинжаң Курулуш жана өндүрүш корпусу үчүн пахта терүүгө жөнөтүлгөнүн далилдейт.

Башка документтерде пахта тергендерди "мобилизациялоо жана уюштуруу", ошондой эле жүздөгөн чакырым алыстагы талааларга жеткирүү тууралуу сөз болот.

Ошол жылы Аксу аймагына пахта чогултуу үчүн 142,700 жумушчу зарыл экени белгиленген. Бул ишкерлердин көбү "эмгек жолун которуу" аркылуу ишке тартылган.

Андан тышкары пахта чогултуп жаткандар "мыйзамсыз диний иш-аракеттерге каршы жол көрсөтүү" сыяктуу окууларга тартылганы, бул долбоор Шинжаңдын уйгур жана башка мусулман азчылык топторуна багытталганын көрсөтүүдө.

Өкмөт өкүлдөрү алгач пахта фермалары менен "ниет келишимине" кол коет. Бул жол менен "канча жумушчу, каякка керек экенин жана алардын жашаган жерин, маянасын" аныктайт. Келишимге кол коюлгандан кийин пахта терген жумушчулар "өз ыктыяры менен" мобилизацияланат.

Бирок көп учурда жумушчулар "өз ыктыры менен" эмес, мажбурланганын далилдеген фактылар бар. Мисалы, бир отчетто кыштактын тургундары "айыл-чарбада иштегиси келбегенин" билдирген.

Мындай учурда расмийлер айылга барып, "татаал билим берүү иштерин" аткарышкан. Натыйжада 20 жумушчу талаага жөнөтүлгөн жана 60 жумушчу "экспорттолот" деген план болгон.

Лагерлер жана фабрикалар

Кытай көп жылдан бери жакыр жашаган элет элин массалык түрдө көчүрүп келген. Бул аракеттер жумуш табууга жол ачат деп айтылып келет жана ал өлкөнүн жакырчылыкка каршы күрөш долбоорунун бир бөлүгү саналат.

Соңку жылдары бул аракеттер элди тажаткандай.

Карта

Кытай лидери Си Цзиньпиндин ички саясатындагы негизги багыты - эмдиги жылы белгиленген Коммунисттик партиянын жүз жылдыгына карата жакырчылыкты толугу менен жоюу. Бирок Шинжаңда саясий аракет жана көзөмөл кыйла катаал болгону боюнча далилдер бар. Ошондой эле расмийлер оор квоталарга жетүүгө милдеттендирилген.

Кытай 2013-жылы Бээжинде жана 2014-жылы Кунмин шаарынын тургундарына болгон кол салуудан кийин аймакка карата саясатын өзгөрттү. Бээжин чабуулдун артында Уйгур исламчыл жана жикчил уюму турганын билдирген.

Ага жооп катары Кытай 2016-жылы "кайра тарбиялоо лагерлерин" кура баштаган. Лагерге телефонуна шифрленген кат жөнөтө алган тиркемени орноткон, диний мазмундагы маалыматты окуган же жакындары чет өлкөдө жашаган шектүүлөр жөнөтүлгөн.

Бээжин бул лагерлерди "де-радикализация окуу жайлары" деп атаганы менен, өздөрүнүн документтери бул жайларда иденттүүлүк, диний ишеним жана маданиятты өзгөртүүгө багытталган катуу саясат жүргүзүлөөрүн көрсөтөт. Лагерге баргандар Коммунисттик партияга берилип калышы керек.

Бирок бул иштер лагерлерди куруу менен чектелген жок.

2018-жылдан тарта жүздөгөн жаңы фабрикалар салынып, индустриалдык экспансия жүрдү. Фабрикалар "кайра тарбиялоо лагерлеринин" аймагында же ага коңшу жерде курулганы, лагерде кармалгандар массалык түрдө ишке тартылып жатканын айгинелейт.

Өкмөт жаңы жумуш менен камсыз кылуу аркылуу Шинжаңдагы азчылыктарынын "эскичил идеяларын" өзгөртүп, алар заманбап, секулярдык, өз жанын баккан Кытай жарандарына айланат деген үмүттө.

Factory in Kuqa, Xinjiang
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, The factory in Kuqa, Xinjiang

Би-Би-Си "кайра тарбиялоо лагери" деп аталган Куча шаарындагы жайга кирип барууга аракеттенди.

Бул жай 2017-жылы салынган жана спутниктен алынган сүрөттөр (ачык маалымат) дубалдын артындагы коопсуздук чараларын көрсөтөт. Мисалы күзөт мунаралары орнотулган.

2018-жылы лагерге коңшу аймакта жаңы фабрика курулду. Курулуш иштери соңуна чыкканда спутниктен алынган сүрөттөр чоң өзгөрүүнү көрсөтөт.

Көз карандысыз аналитиктер окшош кийим кийген жумушчулар, тизилип алып массалык түрдө фабрика кирип баратканын тастыктады.

Бизди номуру жок унаалар аңдып жүргөнүнө карабастан лагердин айланасын видеого тарттык.

Cars trailing the BBC team
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Би-Би-Сини аңдып жүргөн унаалар

Бүгүнкү күнү лагер менен фабрика өзүнчө чоң аймакка айланды. Анын сырткы дубалдарында жакырчылык менен күрөш баарына пайдалуу экени жазылган пропагандалык чакырыктар илинген.

Көп өтпөй бизди күчкө салып токтотушту.

Жергиликтүү мамлекет башкарган маалымат каражатына ылайык, "өкмөттүн мобилизация жана уюштуруу" долбоорунун алкагында текстил фабрикасында үч миң киши иштейт.

Бирок спутниктен алынган сүрөттөрдөн фабрикада ким иштеп жатканын аныктоо же ишканадагы шарттар кандай экенин билүү мүмкүн эмес.

The BBC's John Sudworth (left) with an official attempting to block filming
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Би-Би-Синин кабарчысы Жон Судвортту (солдо) белгисиз адамдар аңдып, анын видео материал даярдоосуна тоскоолдук жаратышты

Би-Би-Си Фабриканын өзүнө дагы кайрылды, бирок эч жооп алган жок.

Шинжаңда жүргөнүбүздө биздин видео тартымдарыбызга полиция, жергиликтүү пропаганда расмийлери жана башкалар тарабынан тоскоолдук болду. Андан тышкары бизди жүздөгөн чакырым бою белгисиз топтор, белгисиз кишилер номуру жок унаалар менен аңдып жүрдү.

"Тамыры терең жайылган жалкоолук"

"Кайра тарбиялоо лагерлери" менен фабрикалардын байланышы далилденгени менен, өкмөттүн Шинжаңдагы жакырчылыкка каршы күрөш долбоору негизинен лагерлерге жөнөтүлбөгөндөргө багытталган. Бийлик бул кишилер коопсуздукка коркунуч жаратпайт деген пикирде, бирок алар реформаларга муктаж.

Алардын көбү жарды дыйкан үй-бүлөлөрүнөн. Алардын эки миллиондон ашууну алгач "аскердик стилдеги" окуудан өтүп жана идеологиялык пропагандага сугарылгандан кийин жумушчу катары мобилизацияланган.

VISUAL 3 - cotton fields an 'opportunity' document

карта

Бул жумушчулар дагы лагерде кармалгандай эле Шинжаңдын тез өсүп жаткан текстил фабрикаларына ишке тартылганы боюнча далилдер бар.

2020-жылдын июль айында АКШда жайгашкан Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борбору азычылыктар пахта талааларында мажбурланып иштетилип жатканы болушу мүмкүн экенин, бирок "кошумча маалымат" керек экенин билдирген.

Зенз мырза ашкерелеген жаңы документтер бул маалыматты тастыктап бергенден тышкары, азчылыктарды пахта талааларына жөнөтүүнүн артында турган саясий максатты дагы ачыктады.

2016-жылы август айында Шинжаңдын жергиликтүү бийлиги пахта чогулткандарды уюштуруп жаткандарга "идеологиялык билимди жана этникалык биримдик багытындагы окууну бекемдөө" боюнча буйрук берген.

Зенз мырза тапкан пропагандалык баяндамалардын биринде пахта талаалары жакыр, элет элине "эмгекчил болуу чоң даңк" экенин көрсөтүү аркылуу "тамыры терең жайылган жалкоолукту" жеңүүгө жол ачат деп жазылган.

Документтеги бул чакырыктар Кытай бийлигинин уйгур азчылыктарынын жашоо образы жана маданиятына карата көз карашы менен дал келет. Расмийлер бул көз караш модернизациялоого тоскоолдук жаратууда деген пикирде.

Дагы бир пропагандалык баяндамада үйдө отуруп "бала багуу" жакырчылыктын "олуттуу себептеринин бири" катары айтылат жана пахта терүүнүн пайдасы даңазаланат.

Пахта талааларына жөнөтүлгөндө өкмөт балдарды, карыяларды жана малды карап турууга "борбордон башкарылган" системаны дагы орноткон.

Ошондой эле пахта талааларына тартылган жумушчуларды кантип мобилизациялоо жана көзөмөлдөө керек экенин боюнча документтер кадыресе жумушчунун укуктарына каршы келет.

Октябрь айында Аксу аймагында жарыяланган документте пахта чогулткандар топ менен талаага жеткирилиши керек экени жана аларды расмийлер коштоп жүрүшү зарыл экени айтылат. Бул расмийлер жумушчулар менен бирге "тамактанат, жашайт, окуйт жана иштейт". Бул жол менен расмийлери "пахта чогтулуп жатканда сабагын уланта" берет.

Махмуд (ысымы өзгөртүлгөн) Европага көчүп кеткен жаш уйгур. Ал чет өлкөгө барганы үчүн Шинжаңга кайтып бара албайт. Себеби чет өлкө менен байланышы бар кишилер "тарбиялоо лагерине" жөнөтүлүүдө.

Ал Шинжаңдагы жакындары менен дагы байланыша албайт. 2018-жылы жакындары менен акыркы жолу сүйлөшкөндө апасы менен карындашы ишке мажбурланып жатканын уккан.

"Карындашымды Аксу шаарындагы текстил фабрикасына алып барышкан. Ал үч ай бою ошол фабрикада иштеген жана эч кандай айлык алган эмес. Апам пахта терди. Өкмөт расмийлери айыл тургундарынын 5-10 пайызы пахта чогултканы тартылат деп айтышат, бирок үймө-үй кыдырып жумушка мажбурлашыптыр. Түрмөгө баруудан корккондуктан көптөр айтканды аткарат",-дейт ал.

Соңку беш жылда үймө-үй кыдыруу Шинжаңдагы көзөмөл механизминин бир бөлүгү болуп калды. Бул ишке 350 миң расмий тартылган. Алар ар бир үй-бүлө тууралуу кеңири маалымат топтогон.

Айылдыктар "ишке чакырганы" келген расмийлер ким "тарбиялоо лагерине" жөнөтүлөрүн чечип жатканын дагы жакшы билишет.

Видеонун түшүндүрмөсү, Кытайдагы мусулмандар кармалган лагер

"Жалган маалымат"

Шинжаңдын пахта тармагы Кытайдын башка аймактарынан келген мигрант жумушчуларга муктаж эле.

Бирок пахта чогултуу оор иш жана башка аймактарда маяна көтөрүлүп, жумуш орундар түзүлгөндүктөн мигранттар келбей калды.

Эми пропаганда баяндамалары жаңы жумушчу күч пайда болгонун, олуттуу кризис чечилип жана киреше жогорулаганын дагы жазып чыгышты.

Ага карабастан мурда пахта чогултууга кызыкпаган жүз миңдеген жумушчулар кайдан пайда болгону эч түшүндүрүлбөйт.

Документтерде пахта талааларында эмгектенгендер айына 5000 RMB [$764] маяна алып жатканы дагы айтылганы менен, бир баяндамада 132 жумушчу ишке тартылып, алардын ар бири айына 1,670 RMB [$255] эмгек акы алганы айтылган.

Жумушчулардын маянасы кандай болгон күнү дагы, эл аралык конвенцияга ылайык, эмгек акы төлөп ишке мажбурлаган мыйзамсыз саналат.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Би-Би-Синин суроолоруна факс менен төмөнкү жооп кайтарды:

"Шинжаңдагы бардык этникалык азчылыктар ишти өз каалоосу менен тандайт жана мыйзамга ылайык ыктыярчы жумушчу катары келишимге кол коет".

Шинжаңда 2014-жылы жакырчылык деңгээли 20 пайыз болгонун, эми ал бир пайызга төмөндөгөнүн дагы Тышкы иштер министрлиги кошумчалады.

Кытай өкмөтү жумушчулар мажбурланып ишке тартылып жатат деген сөздү Батыш чыгарган "жалган маалымат" деп атады. Ошондой эле Кытайды сындагандар Шинжаңда "жумушсуздук жана жакырчылыктын" кеңири тарап кетишин каалап жатышат деп белгиледи.

"Шинжаңдагы этникалык топтордун жылмайган бактылуу жүзү Американын калп менен ушагына күчтүү жооп",-деп айтылат билдирүүдө.

Бирок пахта индустриясындагы этикалык стандарттарга байкоо салган Better Cotton Initiative көз карандысыз уюму Кытайдын жарыкчылыкты жоюу долбоорунан улам Шинжаңда пахта өндүргөн компанияларга сертификат берүүсүн токтоткон Би-Би-Сиге билдирди.

Стандарт жана кепилдик уюмунун башчысы Дэмин Санфилиппо болсо "жакырчылыкты жоюу программасынан улам жарды, элет коомчулугун жумушка мажбуроо тобокелчилиги" түзүлгөнүн айтууда.

"Жумушчуларга жакшы маяна төлөшү мүмкүн, андай дагы болушу ыктымал, бирок алар ишти өз эрки менен тандаган жок",-дейт Санфилиппо мырза.

New prison camp complex outside Korla, Xinjiang
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шинжаңдагы түрмө сыяктуу фабрика

Андан тышкары Санфилиппо стандарттарга байкоо салган уюмуна Шинжаңда иш алып баруу чектелип калганын айтууда. Дал ошол себептен Стандарт жана кепилдик уюму аймактагы ишин токтоткон. Бул глобалдык мода индустриясында чоң суроолорду жаратты.

"Мен билгенден аймакта пахта кандай шартта өндүрүлүп жатканын тастыктай алган бир дагы уюм калган жок",-дейт ал.

Би-Би-Си эл аралык брэнд деп саналган отуз компанияга кайрылып, соңку иликтөөдөн кийин Кытайда өндүрүлгөн пахтаны сатып алуусун улантабы деп сурады.

Жооп кайтарган компаниялардын төртөө гана - Marks and Spencer, Next, Burberry жана Tesco, Шинжаңда өндүрүлгөн пахтаны албай турганын, Кытайдын башка аймагында өндүрүлгөн пахтаны атайын сертификат болгон учурда гана колдоноруп айтышты.

Шинжаң аймагынан кетип жатып, 2015-жылы эле Корла шаарынын четинде чөл болгон аймакта ири курулушту көрдүк.

Көз карандысыз эксперттер түрмө сыяктуу жайды чоң фабрикалар экенин айтууда. Бул жайды мурда эч ким сүрөткө тарткан эмес.

Түрмө сыяктуу курулган жайдагы ири фабрикалар Шинжаңдагы сотсуз камоолор менен ишке мажбурлап тартуунун дагы бир эскертүүсү болгондой.