АКШнын атайын кызматы: Кытай эркиндикке коркунуч жаратат

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын атайын кызматынын жогорку даражадагы расмийи Кытай "демократия менен эркиндикке олутту коркунуч жаратат" деп билдирди.
Улуттук чалгын кызматынын башчысы Жон Рэтклифф "Уолл-стрит жорнэл" гезитине жазган макаласында Кытайдын таасири кеңейип, мамлекет АКШнын сырларын уурдап, дүйнө базарындагы америкалык компаниялардын ордун ээлеп жатканын жазды.
Рэтклиффтин айтымында, АКШнын чалгын кызматы көңүлүн Орусия менен контр-террордук аракеттерден Кытай түзгөн коркунучка бурганын кошумчалады.
Трамп администрациясы Кытайга карата катаал саясат жүргүздү. Бээжин интеллектуалдык менчикти уурдап жатат деген айып менен Кытайда өндүрүлгөн товарларга бажы тарифтерин жогорулатты. Улуттук чалгын кызматынын башчысы Кытай тараптан жыл сайын АКШнын 500 миллиард долларга тете интеллектуалдык менчиги уурдалып жатканын белгиледи. Буга чейин Кошмо Штаттарында интеллектуалдык менчик жана университетте жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү уурдаганы үчүн бир нече Кытай жараны камакка алынган.
Рэтклиффтин дооматтары боюнча Бээжин азырынча жооп кайтара элек. Бирок буга чейин АКШнын бажы төлөмдөрүн көтөрүү кадамына жооп кайтарып келген.
Кытай АКШ менен тирешүүгө камданып, "экономика, технология жана аскердик таасир" жаатында дүйнөдө үстөмдүк кылууну көздөп турат, деп жазат Рэтклифф.

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын Улуттук чалгын кызматынын башчысынын сөздөрү Мамлекеттик катчы Майк Помпео менен Федералдык иликтөө бюросунун башчысы Кристофер Рэйдин буга чейин айткан билдирүүлөрүнө шайкеш болду. Маанилүү айырма, Рэтклиффтин билдирүүсү Кытай АКШнын жакын өнөктөшү Австралияга карата кысымын күчөткөн учурга дал келди.
Кытай Канберранын Бээжинге карата саясатын айыптап, өлкөдө өндүрүлгөн виного бажы төлөмдөрүн көтөрүп, Австралия аскерлеринин Ооганстандагы адам укуктарын тебелегенин шакаба кылып маалымат таратты.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги шаршемби күнү АКШ "идеологиялык бир тараптуулук жана Кытайдын таасирин азайтуу стратегиясы" үчүн "Бээжинге карата саясий опузалоо өнөктүгүн байма-бай жүргүзүп жатканын" билдирди.
"Кытайда жакшы макал бар: Көз акылдын эмнени ишенгенин көрөт. АКШ баарын тыңчы катары көргөнүн токтотот деп үмүттөнөбүз",-деди Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хуа Чинунг.
Жаңы шайланган президент Байдендин Кытайга карата саясаты кандай болот?
Январь айында кызматка кирише турган Байден президент Трамптын катаал саясатын улантат деп күтүлүүдө. Бирок Байден бул саясатты өнөктөштөрү менен биргеликте жүргүзмөкчү. Трамп болсо Кытай менен эки тараптуу келишимге жетүүнү көздөгөн.
Учурда АКШнын өнөктөштөрү Кытайдын соода жаатында жана башка көйгөйлөр боюнча аракеттерин айыптап келишет. Мисалы, Трамп администрациясынын кытайлык коммуникация технологиясына бойкот жарыялоо саясатын дүйнөдөгү башка мамлекеттер дагы колдоду.
Ага карабастан Байден климат сыяктуу маселелер боюнча Кытай менен кызматташууга дагы барары күтүлүүдө.











