AI: Кытай уйгур балдарын интернаттарга мажбурлап жөнөтүүдө

Сүрөттүн булагы, AFP
Адам укуктарын коргогон Amnesty International уюму Кытай бозгундагы уйгурлардын балдарын мамлекеттик жетим балдар үйлөрүнө жөнөтүп жатканын маалымдады.
Уюм соңку баяндамасында Кытай бийлигин ата-энесинин уруксаты жок мамлекеттик жетим үйлөрүнө жөнөтүлгөн уйгур балдарды бошотууга чакырды.
Amnesty International Кытайдан аргасыз чыгып кетип, балдарын туугандары менен калтырган кишилер менен сүйлөшкөн. Буга чейин Бээжиндин "кайра тарбиялоо лагерлеринде" миллионго чукул киши кармалганын жана алар пахта талааларында, завод-фабрикаларда мажбурлап иштетилип жатканы жөнүндө айыптар айтылган.
Кытайдын өкмөтү дооматтарды четке кагып, лагерлерди "кесиптик билим берүүчү жай" деп атап келүүдө. Ал эми фабрикалар "жакырчылык менен күрөшүүгө" багытталган масштабдуу долбоор экенин жана анда кишилер ыктыярдуу түрдө иштеп жатканын айтууда.
Кытай Шинжаң аймагына эл аралык уюмдарды киргизбейт, ошол себептүү Amnesty 2016-жылдан кийин аймактан чыгып кеткен уйгурлар менен баарлашкан.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы, 1
Михрибан Кадер менен Абликим Мемтинин 2016-жылдын аягында Шинжаңдан Италияга качышкан. Аларды полиция кысымга алып, паспортун тартып алууга аракет кылганда өлкөдөн чыгып кетүүнү чечкен. Төрт баласын ата-энеси менен калтырууга аргасыз болгон. Бирок энеси тарбия лагерине жөнөтүлүп, атасы полицияга суракка чакырылган экен.
"Ата-энем кысымга алынгандан кийин туугандар балдарды карайм деп айтпай калды. Туугандарым балдарды алып келсек, бизди дагы лагерге жөнөтөт деп айтышты",-деп айткан Михрибан.
2019-жылы ноябрь айында Михрибан менен Абликим Италия бийлигинен балдарын алып келүүгө уруксат алган. Бирок балдарын Кытай полициясы кармап кетип, мамлекеттик жетим үйүнө жөнөтүшкөн.
"Эми балдарым Кытай өкмөтүнүн колунда. Аларды качан көрөрүмдү билбейм",-дейт Михрибан.
Омер менен Мериям Фарух 2016-жылы Түркияга качып чыгып, беш жана алты жаштагы балдарын ата-энеси менен калтырган. Бирок ата-энеси камакка алынып, тарбия лагерине жөнөтүлгөн экен. Ошондон бери Омер менен Мериям балдары каякта экенин билбейт.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Amnesty International уюму Кытайдан Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча эксперттерин Шинжаңга киргизүүгө, көз карандысыз иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн жол ачып берүүгө үндөдү.
"Кытай бийлигинин Шинжаңда ырайымсыз түрдө жазыксыз кишилерди камакка алганы үй-бүлөлөрдү бөлүп, оор кырдаалга кептеди. Балдар ата-энесине жете албай жатат. Бозгундагы ата-энелер Шинжаңга кайтып барса, камакка алынат",-деди Amnesty International уюмунун Кытай боюнча изилдөөчүсү Алкан Акад.
АКШ, Канада жана Голландия Кытай уйгурларга каршы геноцид жүргүзүп жатканын жарыялаган. Учурда Британиянын парламенти дагы уйгурларга каршы геноцид жүрүп жатканы боюнча мыйзам долбоорун карап жатат.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы, 2














