Канада парламенти Кытайдын уйгурларга карата катаал саясатын "геноцид" деп тааныды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Канада парламенти Кытайдын уйгурларга карата катаал саясатын "геноцид" деп тааныды. Өкүлдөр палатасы муну көпчүлүк добуш менен колдоду. Канада мындай чечимди кабыл алган АКШдан кийинки эле дүйнөдөгү экинчи өлкө болуп калды.
Бирок премьер-министр Жастин Трюдо жана өкмөт мүчөлөрү добуш берүүдөн карманып, калыс болуп койгон. Сунушту бардык оппозициялык партиялар жапырт колдоого алганы айтылды. Аларга башкаруучу Либералдар партиясы дагы кошулду.
Мындан сырткары парламент дагы бир сунуш үчүн добуш берди. Анда уйгурларга карата зомбулук улана берсе, 2022-жылы Бээжинде өтөт турган Кышкы Олимпиада оюндарын башка жайга көчүрүү керектиги айтылат.
Кытайдын элчиси муну "өлкөнүн ички ишине кийлигишүү" катары сынга алды. Акыркы мезгилде эки өлкө ортосундагы мамиле бир топ сууп кеткен эле.
"Биз мындай чечимге каршыбыз жана бул эч кандай фактыларга негизделбеген доомат",-деген элчилик. Шинжаңда эч кандай геноцид деген нерсе жок.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Адам укугун коргоо жаатында иш алып барган уюмдар Кытай миллиондон ашуун уйгур жана кыргыз, казак сыяктуу башка азчылыктарды тарбиялоо лагерлерине күч менен жөнөткөнүн байма-бай айтып келет. Алардын дин тутуу жана башка эркиндиктерин ажыратып, улуттук иденттүүлүгүн жок кылуу аракети болуп жатканы тууралуу маалымдалууда. Би-Би-Синин журналисттик иликтөөсү Бээжин Шинжаңдагы азчылыктарды мажбурлап иштетип жатканын дагы ашкереледи. Сот жана тергөөсү жок эле мусулмандарды эркинен ажыратып жатат деген дооматтарды Бээжин четке кагып келүүдө. Кытай бул кишилер терроризм жана экстремизмге каршы туруу үчүн өз ыктыяры менен "кайра тарбиялоо мектептеринен" өтүп жатканын айтууда.
Жакында эле Би-Би-Си Кытайдагы мусулман уйгурлар кармалган "кайра тарбиялоо" лагерлеринде аялдар такай зордукталып, кыйноого алынаары тууралуу изилдөөсүн жарыялады. АКШнын өкмөтү Би-Би-Си жарыялаган маалыматтарга "терең тынчсыздануусун" билдирген.
Күбөлөрдүн айткандарына негизделип жасалган материалды Кытайдын Тышкы иштер министрлиги "жасалма" атады. Министрликтин өкүлү Ван Веньбинь Кытайда аялдарга карата системалуу зордуктоо жок жана бийлик өзүнүн бардык мекемелерин адам укуктарынын принциптери менен башкарат деп, четке каккан эле.

"Лагерлерде аялдарды системалуу түрдө зордуктоо жана кыйноо деген нерсе жок. Кытай мамлекетинде биздин Баш мыйзам адамдын укугун камсыздап, коргоого алат. Кайра тарбиялоо борборлору конституциялык мыйзам чегинен чыкпайт, студенттердин укуктарын коргойт жана кыйноого жол бербейт",-деп жооп берген Кытайдын тышкы иштер министри.













