Кытай уйгурлар сыяктуу тибеттиктерди дагы "кайра тарбиялап" жатабы?

Potala Palace in Lhasa, Tibet

Кытай бийлиги миңдеген Тибет тургундарын аскерлештирилген окуу борборлоруна мажбурлоо жолу менен алып келүүдө. Ал борборлор "кайра тарбиялоо" лагерлерин эске салат деп айтылат Жеймстаун фондунун (Jamestown Foundation - изилдөө жүргүзгөн америкалык бейөкмөт уюм) докладында.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги айыптоолорду четке кагып, мажбурлап эмгекке тартуу деген жалган деди.

Доклад маалымат каражаттарындагы кабарларга, саясий документтерге жана спутник сүрөттөрүнө негизделип жазылган. Анда Тибеттеги кырдаал Шинжаң-Уйгур автоном районундагы кайра тарбиялоо лагерлери сыяктуу деп мүнөздөлгөн.

Чет элдик журналисттер жана укук коргоочулар миллион чамалуу уйгур мусулмандарды Кытай мажбурлоо жолу менен атайын лагерлерде "кайра тарбиялап" жатканын айтып келүүдө. Бээжин айыптоолор менен макул эмес. Бул экстремизмге каршы окутуу борбору деп билдирген.

Америкалык эксперттер айтып жаткан Тибеттеги лагерлердин уюштурулушу Бээжиндин жакырчылык менен күрөшүү программасынын бир бөлүгү катары каралган. Бийлик кирешеси аз, алыскы жакыр айылдардагы тургундарды өндүрүшкө жумушка таратат. Бирок укук коргоочулар этникалык азчылыктар жашаган Тибет жана Шинжаң сыяктуу аймактарда бул ыкма идеологиялык тазалоо менен коштолуп жатканын ырастоодо. Андан баш тартууга мүмкүн эмес дейт алар.

Алыскы Тибет автоном болгонуна карабай толугу менен Кытай тарабынан башкарылат. Бээжиндин дарегине маданий жана диний эркиндикти чектеди деген айыптоолор көп айтылды. Кытайдын коммунистик бийлиги болсо, бийик тоолуу Гималайдагы бул чөлкөмдү өнүктүрүү аракетинде экенин айткан.

Бозгунда жүргөн тибеттик өкмөттүн жетекчиси Лобсанг Сенгай "билим берүү" максатында түзүлгөн окуу борборлоруна же эмгек лагерлерине тибеттиктерди мажбурлап алып келип жатышканын буга чейин эскертип келген. Эми Жеймстаун фонду мамлекеттик бул программанын масштабы тууралуу жаңы маалыматтарды таап чыккан.

Тибет жана Шинжаңдагы изилдөөлөрдүн башында турган Адриан Зенц ушул жылдын жети айында мындай борборлордон 500 миң чамалуу (региондогу калктын 15 пайызы) дыйкандар жана малчылар өткөнүн ырастайт. Кытайдын бийлиги кишилердин массалык жер которуусу үчүн Тибеттин өзүндө жана Кытайдын башка региондоруна квоталарды караган.

Тибеттин көз карандысыздыгын колдогон акциялар

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тибеттин көз карандысыздыгын колдогон акциялар

Докладда Кытай жетекчилигинин окуу программаларын түзүү пландары тууралуу дагы сөз болгон. Анда "эмгек тартибин иштеп чыгуу, кытай тилин үйрөтүү жана жумушчунун этикасы" сыяктуу сабактар бар. Мындай борборлордон өткөн соң көпчүлүгү айлыгы аз тармактарга жумушка орноштурулат. Айталы, текстиль, курулуш, айыл чарба тармагына.

Кытай бийлиги окутуу борборлорунда тил жана кесип үйрөтүлөөрүн, эч кандай мажбурлоо болбой турганын айтып келүүдө

Жеймстаун фондунун доклады боюнча Кытайдын Тышкы иштер минстрлиги Рейтер агенттигине түшүндүрмө берип, эч кандай мажбурлоо жок экенин, жумушчулар өз ыктыяры менен эмгекке тартылып, жетиштүү айлык акы алып жатканын ишендирди. "Мажбурлап эмгекке тартуу деген жок. Эл аралык коомчулук чындык менен жалганды айырмалайт деп ишенебиз",-деп айтылат ТИМ билдирүүсүндө.