Шинжаңдагы куугунтук: британ компаниялары сынга кабылды

Uighur women grab a riot policemen as they protest in Urumqi in China's far west Xinjiang province on July 7, 2009

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайда уйгур жана башка этникалык азчылыктар куугунтукталып жатканы тууралуу байма-бай кабарланып келүүдө. Бээжин дооматтарды четке кагууда

Британиянын депутаттары жергиликтүү компаниялар Шинжаңда уйгур жана башка азчылыктары мажбурлоо жолу менен ишке тартылып жатканына көңүл бурбай келишкенин сынга алды.

Бизнес, энергетика жана өндүрүш стратегиясы боюнча комитеттин атайын иликтөөсүнө ылайык, Шинжаңдан импорттолгон товарлар дыкат изилденген эмес. Бул жерде кийим саткан компаниялардан тышкары, медиа жана технология жаатында иш алып барган бизнестер дагы бар. Эми өкмөт жумушчуларды мажбурлоо жолу менен өндүрүлгөн товарлардан баш тартпаган ишканалар кара тизмеге киргизилерин билдирди.

Комитет Шинжаң аймагы менен иштешкен айрым компаниялар дагы деле импорттолгон товарлары мажбурлоо жолу менен өндүрүлбөгөнүн далилдей албаганына таң калганын маалымдады. Депутаттар мындай компаниялар кара тизмеге гана киргизилбестен, санкцияга алынышы керек экенин кошумчалашты.

Ошондой эле депутаттар 2015-жылы кулчулук боюнча мыйзам эскиргенин, аны Шинжаңдагы мисалды эске алып жаңылоо керектигин белгилешти.

Protests

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдын мусулман азчылыктарын куугунтуктап жатканына каршылыгын билдирип дүйнөнүн булуң-бурчунда демонстрациялар болду

Баяндамада жүз миңдеген уйгур жана кыргыз, казак сыяктуу башка азчылыктары Шинжаң аймагындагы пахта талааларында мажбурлоо жолу менен ишке тартылып жатканына өзгөчө басым жасалат. Кытай дүйнөдөгү пахта экспортунун бештен бирин өндүрөт. Бул пахта глобалдык мода индустриясында кеңири колдонулат.

Бээжиндин "кайра тарбиялоо лагерлеринде" миллионго чукул киши кармалганын жана алар текстил фабрикаларында мажбурлап иштетилип жатканы боюнча далилдер арбын.

Кытайдын өкмөтү дооматтарды четке кагып, лагерлерди "кесиптик билим берүүчү жай" деп атап келүүдө. Ал эми фабрикаларды "жакырчылык менен күрөшүүгө" багытталган масштабдуу долбоор экенин жана анда кишилер ыктыярдуу түрдө иштеп жатышканын айтууда. Бирок жаңы далилдер жыл сайын жарым миллионго чукул улуттук азчылык өкүлдөрү өтө начар шартта талааларда пахта терүүгө мужбурланып жатканын көрсөтөт.

2px presentational grey line

Анализ

Дхаршини Давид, Дүйнөлүк соода боюнча кабарчы

Шинжаңда уйгур жана башка азчылыктар мужбурлоо жолу менен ишке тартылып жатканы боюнча далилдер топтоло баштаганда, өндүрүлгөн товарлардын чыныгы баасы тууралуу суроолор чыгып жатат.

Бээжин дүйнөдөгү пахта экспортунун бештен бирин өндүрөт жана анын арзан баасы британиялык компанияларды кызыктырганы талашсыз. Эми арзандыгына азгырылган ишканалар куугунтук болуп жатканына көз жумуп, кылмышка катышты деген айыптар айтылууда.

Британ өкмөтү Кулчулук боюнча жаңыланган мыйзамды бузган компаниялар жоопко тартыларын эскертти. Бирок бул мыйзам качан жаңыланары жана кандай өзгөрүүлөр болору так айтылган жок.

Компаниялардын өздөрү дагы кардарлардын алдында бул көйгөйгө көңүл буруп жатканын көрсөткүсү келет. Белгилүү кийим саткан Better Cotton Initiative ишканасы Шинжаңда өндүрүлгөн пахтадан баш тартканын жарыялады. Компаниялар кардар товарларына бойкот жарыяласа кандай чыгымга туш болорун жакшы билет.