Кытай бийлиги үчүнчү балалуу болууга уруксат берди

Кытай үй-бүлөлөргө үчүнчү бала күтүүгө уруксат берди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытай үй-бүлөлөргө үчүнчү бала күтүүгө уруксат берди

Кытай бийлиги балдардын төрөлүүсүн көзөмөлдөгөн саясатын жумшартууда. Бул тууралуу чечим Си Цзиньпиндин төрагалыгы алдында өткөн Коммунисттик партиянын саясий бюросунун отурумунда кабыл алынды деп жазды Синьхуа мамлекеттик маалымат агенттиги.

Буга барган сайын калктын улгайып, жаңы төрөлгөндөр санына караганда карыя кишилердин саны көп болуп жатышы себеп болду. Кытай муну алдын алууга аракет кылууда.

Өткөн кылымдын 70-жылдары Кытай өтө жакыр эле жана калктын саны тездик менен өсүп, ачарчылык коркунучунда турган. Орточо алганда бир аялга алты бала туура келчү. 1979-жылы Мао Цзедундун көзү өткөндөн үч жылдан кийин "бир үй-бүлө - бир бала" деген катаал саясат киргизилген. Ошондон баштап балдардын төрөлүүсүнө чектөөлөр киргизиле баштады. Шаардагылар бир гана балалуу боло алса, элет жериндегилерге эки балалуу болууга уруксат беришти. Ошондо дагы биринчиси кыз болуп калса гана экинчи балага уруксат эле. Ал эми Кытайдагы улуттук азчылыктарга үчтөн балалуу болууга уруксат берилди. Эреже бузгандар катуу жазаланып, бир нече жылдык кирешелеринен кол жууган. Айып пул салынып, айрым учурда күчкө салып аборт кылдырышкан.

Кытай маданиятында кызга балага караганда уул балалуу болууга артыкчылык берилгендиктен, УЗИден кийин аборт кылдыргандар саны өстү. Жыйынтыгында 20 жылдан кийин гендердик теңсалмак бузулду.

2016-жылы Кытай бийлиги 36 жылдан бери иштеп келген "бир үй-бүлө - бир бала" саясатын токтоткон эле. Эми үчүнчү баланын төрөлүүсүнө уруксат берилди.

Демографиялык кырдаал Кытайдын катаал саясатын өзгөртүүгө аргасыз кылууда. Жакында эле Кытай бийлиги эл каттоонун жыйынтыктарын жарыялады. Акыркы он жылда калктын саны 72 миллионго көбөйүп, жалпы 1 млрд 412 млн кишиге жетти. Орточо алганда 2011-2020-жылдар аралыгында калктын өсүүсү жылына 0,53% болду. Андан мурунку он жылдыкта орточо өсүү 0,57% түзгөн. (AbA)