Дүйнөдө балдардын төрөлүүсү кескин кыскарат: анын себеби жана коркунучу

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Жеймс Галлахер
- Role, Би-Би-Си
Дүйнөдө балдардын төрөлүүсүнүн глобалдык кыскаруусу күтүлүүдө. Адистер планета калкынын саны кескин азайып кетишинин кесепеттери тууралуу коңгуроо кагууда.
ХХI кылымдын соңуна барып дээрлик бардык эле өлкөлөрдө калктын саны кыскара бермекчи. Анын ичинен 23 өлкө, арасында Испания, Жапония сыяктуу өлкөлөрдүн калкынын саны 2100-жылга барып эки эсе кыскарат. Бирок маселе адамзат өтө картайып, жаңы төрөлгөндөр санына караганда 80 жашка чыккандардын саны көп болушунда.
Балдардын төрөлүшү акырындап кыскарып, бир аялга 2.1 бала туура келип калса, калктын санына таасирин тийгизип баштайт, дейт окумуштуулар. 1950-жылы дүйнөдөгү орточо көрсөткүч 4.7 эле. 2017-жыл бул 2,4 болуп кыскарды. Lancet журналына жарыяланган изилдөөдө 2100-жылга барып, бул көрсөткүч 1,7 болоору айтылды.
Окумуштуулар 2064-жылга дүйнө калкынын саны 9,7 млрд болуп көбөйүп, эң жогорку көрсөткүчкө жетерин болжоп турат. Бирок кылым соңунда кайра кыскарып, 8.8 миллиардга түшөт.
Балдардын төрөлүшү кыскарганына негизги себеп - аялдардын тандоосу менен байланыштуу. Алар билим алууну, жумушту көбүрөөк тандашат. Ошол эле учурда бойго бүтүрүүдөн сактана турган каражаттарды колдонууга көбүндө мүмкүнчүлүк болот. Аз балалуу болуу аялдын жеке тандоосу.
Бул көйгөй көбүрөөк кимге тиешелүү?
Жапониянын калкы 2017-жылы эле 128 млн кишиге жетип, тарыхтагы эң чоң өсүү болду. Бирок кайра кыскарып баштады. Ушул кылымдын этегинде 53 миллионго чейин барат. Ушул эле аралыкта Италиянын калкы 61 миллиондон 28 миллионго чейин азаймакчы.
2100-жылга барып 23 өлкөнүн калкынын санынын теңи кыскарат. Бул Испания, Португалия, Таиланд жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөр.
Калкы эң көп саналган Кытай дагы ушул тизмеге кирип калышы мүмкүн. Эксперттер 2014-жылы Кытайдын калкы 1,4 млрд болуп эң жогорку чегине жетет деп айтууда. Андан кийин азайып олтуруп, жүз жылдыктын соңунда 732 млн болот.
Калктын саны боюнча биринчи тизмеге Индия чыгат. Улуу Британия калкынын саны 2063-жылы 75 млн кишиге жетип, жүз жылдыктын соңунда 4 млн кишиге кыскарат.
Изилдөөгө катышкан авторлордун бири профессор Кристофер Мюррей мындай божомолдор өтө терең ойго салганын айтты. Көйгөй глобалдык мааниге ээ. Балдардын төрөлүшү 195 өлкөнүн 183дө азайат.
Азыркы тенденция уланып кете берсе, 2100-жылы беш жашка чейинки балдардын саны азыркы 681 миллиондон 401 миллионго чейин кыскарат. Тескерисинче, жашы 80ден ашкан улгайган кишилер саны 141 миллиондон 866 миллионго чейин көбөйөт.
Маселе эмнеде?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жер планетасынын калкынын саны азайганы анын табияты үчүн жакшы көрүнүш болушу мүмкүн. Ооба, көмүр кычкыл газынын абага бүркүлүшүнөн тартып, токойлордун кыйылышына чейинки керектөөлөр кескин кыскарат эмеспи.
"Эгерде калктын жаш курагындагы өзгөрүүлөр жана анын терс кесепеттери болбогондо баары жакшы эле болмок",-дейт профессор Мюррей.
"Өтө чоң социалдык өзгөрүүлөр күтүлүүдө. Мындай абал жеке мени кабатыр кылат. Анткени менин сегиз жаштагы кызым бар. Ал үчүн алдыдагы дүйнө кандай болот?",-деди окумуштуу.
Алдыдагы жылдарда дүйнөдө улгайган кишилер саны көбөйө берет.
Массалык түрдө улгайып калган адамзатты ким багат? Абал кандай болот?
Эмне кылуу керек?
Бир катар өлкөлөр, анын ичинде Улуу Британия азырынча демографиялык көйгөйүн миграция эсебинен чечүүдө. Бул ыкма дагы жакында иштебей калат.
Кээ бир өлкөлөр болсо ата-энелерге стимул берүү менен балдардын төрөлүү көрсөткүчүн кармап калууга аракеттенүүдө. Бирок мунун канчалык натыйжалуу экенин дагы айтуу кыйын.
Швеция катуу аракетинин аркасында төрөлүүнүн 1,7 көрсөткүчүн 1,9га жеткирди. Сингапурда бул көрсөткүч бир аялга 1,3 бала бойдон кала берди.
"Биздин кооптонууларыбызды шакаба кылып, күлгөндөрдү кезиктирем. Мындай болушу мүмкүн эмес дешет алар. Эгер зарыл болсо, аялдар төрөйт деп айтышат. Бирок чынында кандайдыр бир чечимди таппаса, бир кылымдан кийин адамзат тукуму кырылып, жок болуп кетиши мүмкүн",-деп коңгуроо какты профессор Мюррей. (AbA)














