Кытайда калктын санында өсүш жок, Индия андан озуп өтөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Бир үй-бүлө - бир бала" саясаты өзгөргөнүнө карабай, Кытайда калктын санынын өсүүсү жайлады. Жакында эле бийлик эл каттоонун жыйынтыктарын жарыялады. Акыркы он жылда калктын саны 72 миллионго көбөйүп, жалпы 1 млрд 412 млн кишиге жетти. Орточо алганда 2011-2020-жылдар аралыгында калктын өсүүсү жылына 0,53% болду. Андан мурунку он жылдыкта орточо өсүү 0,57% түзгөн.
Кытайдын мамлекеттик статистика башкармалыгынын жетекчиси Нин Цзичжэнин айтымында, 2020-жылы 12 млн ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул 2016-жылга салыштырганда бир жарым эсеге аз.
1979-жылдан бери өлкөдө "бир бала" саясаты иштеп келген. Биринчи жолу калктын калың катмары картайып баратканына 2016-жылдан тарта тынчсыздануулар айтыла баштады. Ошондо Кытай бийлиги эки балалуу болууга уруксат берип, "бир бала" саясатын токтотту. Алгачкы жылдары бул жыйынтыгын берип, балдардын төрөлүүсү өскөн. Бирок эки жыл өтпөй кайра төмөн карай кетти.
Мындай көрсөткүч улана берчү болсо, Кытай алдыдагы жылдарда калкынын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда аталбай калышы мүмкүн. Расмий маалыматтарга караганда, Индия Кытайдан артта болгону менен калктын саны жылына 1% көбөйүп жатат.
Төрөлүүнүн төмөн көрсөткүчү бүтүндөй дүйнө жүзүнө тиешелүү маселе. Өнүккөн өлкөлөрдө билим берүү, пенсия, мамлекеттик камсыздандыруу системасы жакшырды. Айталы, картайган кезде балдардын кароосуна муктаж болобуз деген түшүнүктөрдүн ордуна карьера жасоо приоритет болуп калды. Мунун өзү дагы көптөгөн көйгөйдүн булагы болууда. Калктын көп бөлүгү картайып, жумушчу күчү кыскарууда. Улгайган кишилерге бакубат карылыкты камсыздай турганга күч керек.
Кытайдын коңшулары Жапония менен Түштүк Корея бул көйгөй менен күрөшүп баштаганына бир топ жыл болду. Түштүк Кореяда өткөн жылы көз жумгандар саны жаңы төрөлгөндөрдүн көрсөткүчүнөн алда канча көп болду.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Албетте, азырынча Кытайда эмгекке жарамдуу калк жетиштүү - 16 жаштан 59 жашка чейинкилер 880 млн кишини түзөт. Бирок бул сандар улам кыскарып барууда. Келечегинде Кытай экономикасынын өсүүсүнө кедергисин тийгизиши мүмкүн.
"Акыркы он жылдыкта кытай экономикасынын негизги кыймылдаткычы болгон демографиялык артыкчылык тездик менен кыскарып жатат",-дейт The Economist басылмасынын башкы аналитиги Юэ Су.
Эл каттоо Кытайда өткөн жылы өткөрүлүп, маалымат чогултууга жети миллиондой киши тартылды.
2016-жылы Кытай бийлиги 36 жылдан бери иштеп келген "бир үй-бүлө - бир бала" саясатын токтотту.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1970-жылдары Кытай өтө жакыр эле жана калктын саны тездик менен өсүп, ачарчылык коркунучунда турган. Орточо алганда бир аялга алты бала туура келчү.
1979-жылдан баштап балдардын төрөлүүсүнө чектөөлөр киргизиле баштады. Шаардагылар бир гана балалуу боло алса, элет жериндегилерге эки балалуу болууга уруксат беришти. Ошондо дагы биринчиси кыз болуп калса гана экинчи балага уруксат эле. Ал эми Кытайдагы улуттук азчылыктарга үчтөн балалуу болууга уруксат берилди.
Эреже бузгандар катуу жазаланып, бир нече жылдык кирешелеринен кол жууган. Айып пул салынып, айрым учурда күчкө салып аборт кылдырышкан.
Демографиялык кырдаал Кытайдын катаал саясатын өзгөртүүгө аргасыз кылууда. Көптөгөн эксперттер Кытай үй-бүлөнү пландоо саясатынан таптакыр баш тартышы мүмкүн деген пикирде. (AbA)











