Кытай өзгөрүүдө: Эмне үчүн Си Цзинпин социализмге алып баратат?
Стивен МакДонелл, Бээжин, BBC News

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Көп жылдардан бери Кытай өзүнүн ички капитализмин эркин коё берип, ошонун айланасында өнүгүп келатат.
Кагазда “коммунисттик” өлкө болгону менен Кытайдын өкмөтү “тамып турган” экономикага ишеним арткан. Aйрым адамдардын аябай байып кетишине уруксат берип, натыйжада алар коомдун калган бөлүгүн коркунучтуу баткактан сууруп чыгарат деген ишеним болгон.
Ал белгилүү бир деңгээлде натыйжа берди. Орто класстагы адамдар көбөйүп, коомдун дээрлик бардык катмарындагы адамдар жыйынтыгында жакшы стандартта жашап калышты.
Байлык
Кытай экономикасы 1970-жылдарда солгун тартып калган болсо, азыр дүйнөдөгү экономикалык үстөмдүк үчүн АКШны жарга такоодо.
Бирок ал кирешенин теңсиздигин да кошо ала келген.
Аны туура жерде жана туура убакытта болгон жаштардан көрүүгө болот.
1980-жылдары завод-фабрикаларды басып алган ата-энелер чектен ашкан пайда табышкан. Бул алардын урпактарына жаркыраган шаарларда көз жоосун алган машиналарды айдап жүрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзгөн. Аларды көрүп таң калган куруучулар болсо өздөрүнө качан үй сатып ала аларын ойлонуп турушат.
Партиянын “түрмөдөн чыгарган картасы” ар дайым “кытай өзгөчөлүктөрүн камтыган” сөз айкашы болуп келген.
“Кытай өзгөчөлүктөрүн камтыган” социализм түшүнүгү өкмөткө коомду башкаруусу үчүн иш-аракеттердин философиялык эркиндигин кеңири колдонууга шарт түзгөн. Ал эми коом, ар тараптан алганда, социалисттик деле эмес болчу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Баш катчы Си Цзинпин коом мындан ары андай болбой турганын чечкендей өңдөнөт.
Си Цзинпиндин жетекчилигинде Кытай өкмөтү коммунисттерди кандайдыр бир деңгээлде Коммунисттик партияга кайтара баштаган.
Баары колдоно баштаган жаңы фраза — “жалпы өнүгүү”.
Ал азырынча көчөдөгү пропаганда көрнөктөрүнө чыга элек, бирок анын пайда болуп калышы алыс эмес.
Бул азыр Кытайдын лидери жасап жаткан иштин пайдубалын түзөт.
Репрессия
Мындай жышаан менен салыктан качкан байларды бутага алууга жана жеке менчик билим берген компанияларга тыюу салып, билим берүүнү баарына бирдей жеткирүүгө көңүл бурулса болмок. Өлкөдөгү ири технологиялык компанияларга карата репрессияга дагы ошол пландын бир бөлүгү катары кароого болот.
Ошондо Си Цзинпин коммунисттик долбоор идеясына чын эле ишенеби? 100% деп айтуу оор, бирок айрым байкоочулар ошондой эле болуп жатат дешүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Салыштыруу иретинде, мурда Партиянын аткаминерлеринин көпчүлүгүнө бул тиешелүү эмес болчу.
Жаш балдар жалкоолонуп, балалыгын видео оюндарды ойноо менен эле өткөрүп жиберип жатышабы? Партия кантип куткарууну билет: оюнга үч сааттык чек коюу.
Өспүрүмдөр келесоо, кумирлерге сыйынган телекөрсөтүүлөрдөн акыл-эсин ууландырып жатабы? Партия кантип куткарууну билет: “назик көрүнгөн” эркек балдарды программаларга тартпоо.
Демографиялык абал начарлап баратабы? Кайра эле Партиянын чечими: баарына үч балага чейин уруксат берүү!
Футбол, кино, музыка, философия, бөбөктөр, тил, илим… кайсы тармак болбосун Партиянын жообу бар.
Атасынын ишенимине каршы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Си Цзинпин кантип лидерге айланганын түшүнүү үчүн анын өтмүшүнө көз чаптырышыңар керек.
Анын атасы Си Чжунсун Коммунисттик партиядан чыккан согуш каарманы болгон. Ал орто жолду карманган киши катары белгилүү болчу. Мао доорунда аны куугунтуктап, анан камап салышкан.
Ал убакта Си Цзинпиндин апасы жолдошун (Си Цзинпиндин атасын) кечүүгө мажбурланган. Атасы 1978-жылы расмий түрдө акталгандан кийин ал Гуандун провинциясынын экономикалык эркиндиги үчүн жан үрөп, Кытайдын эң прогрессивдүү лидерлеринин бири Ху Яобаңды коргогону айтылат.
Коммунисттик партиянын күйөрмандары тарабынан Си Цзинпиндин атасынын куугунтукталышын жана атасынын реформаларга жакын экенин эске алганда, азыр көпчүлүктө суроо пайда болуп жатат: Эмне үчүн Си Цзинпин Партияны атасынын ишенимине каршы багытка жетелеп бараткан болушу ыктымал?
Ар түрдүү жооптор айтылат.
Балким, ал белгилүү бир саясий маселелерде атасынын көз карашына макул эместир.
Же балким Кытайдын лидери бир планды көздөп жаткандыр. Ал Мао доорундагы саясаттын бир четине да жакын жолобойттур. Жок дегенде, атайылап болбосо да.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Анын атасы түрмөгө түшүп калганда 15 жаштагы Си Цзинпин көп жылдар бою талааларда иштөөгө аргасыз болуп, үңкүр үйдө жашап жүргөн.
Буркан-шаркан жылдар аны бышырганы анык, бирок ага саясатты, айрыкча катаал саясатты, оңой эле жек көрсөтүп коё алмак.
Кытайга көз салган айрым байкоочулар божомолдошкондой, ал күчтүү лидер гана Кытайдын 1960 жана 70-жылдардагы башаламандыкка кайтпашына кепилдик берет деп ишенииши ыктымал.
Эсиңерде болсо, азыр эрежелер да өзгөрүп, эми ал бийликте каалаганча башкара алат.
Ал өз чечимдерин кантип кабыл алып жатканын бизге эч качан түшүндүрүп бербейт. Ошондуктан божомолдогондон башка жол жок. Ал тургай Кытайдын лидерлери Партия көзөмөлдөгөн маалымат каражаттарына дагы интервью беришпейт.
Си Цзинпин телевидениеге чыгыш үчүн элет жерлерине барып жүрөт жана даярдалган жергиликтүү адамдар кол чаап тосуп алганын көрүүгө болот. Тургундар жүгөрү айдоо же жумушунун башка өңүттөрүндө Си Цзинпиндин акылмандыгына суугарылган соң ал кетет.
Ошондуктан Кытайдын экономикасына кандай жаңы эрежелер, чектөөлөр же багыттар киргизилиши мүмкүн экенин же алардын канчага чейин созуларын божомолдоо оңой эмес.
Ачыгын айтканда, өзгөрүүлөргө көз салып турууга жетишпей каласың. Көптөгөн өзгөрүүлөр кокустан эле пайда болуп калат.
Бул жерде өндүрүштүн ар түрдүү рычагдарын көзөмөлдөгөн мамлекеттин тубаса көйгөйү боюнча маселе деле жок. Анын канчалык эффективдүү экенин экономисттер өздөрү талкуулашат. Кептин баары кокустуктан чыга калган белгисиздикте.
Эгерде бир айдан кийин эрежелер өзгөрүп кетерин эч ким билбесе, анда адамдар кантип ишенимдүү түрдө инвестиция салуу боюнча чечимдерди кабыл ала алмак эле?
Бул бүтүндөй процессти өлкөнүн “өнүгүүсүнүн” табигый бир бөлүгү катары көргөндөр бар. Көзөмөлгө алынбаган тармактар көзөмөлдөөгө муктаж болчу.
Эгерде андай болсо, анда өткөөл мезгилдеги нес кылган бул тактика убактылуу гана көрүнүш болушу ыктымал жана жаңы эрежелер айкын болгондон кийин акыр аягында басылмакчы.
Бирок бул кадамдардын арышы канчага жетери эч түшүнүксүз.
Түшүнүктүү болгон бир нерсе - кандай гана өзгөрүү болбосун ал Си Цзинпиндин “жалпы өнүгүү” призмасы аркылуу каралышы керек. Партия өз бийлигин жүзөгө ашырып жатканда жана анын бир элисинен дагы баш тарпай турганын эске алганда, Кытайда силер бул унаага чыгып жолуңарды улайсыңар же анын тебелендисинде каласыңар. (EA)
Бул Кытайдын дүйнөдөгү өзгөрүп жаткан ролуна көз чаптырган үч бөлүк материалдын биринчиси.












