Кытайдын Компартиясынын 100 жылдыгына кандай караш керек?
Кытайдын башкаруучу коммунисттик партиясы өзүнүн жүз жылдык мааракесин шаңдуу белгилеп жаткан убакта, дүйнөдөгү экинчи ири экономиканын өзөгүндө турган авторитардык жолой менен кантип күрөшүү жөнүндө талкуулар жанданды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бул коммунисттик партия үчүн кансыз согуштун кесепети жөнүндө сөз кылуунун эмес, калың элдин алдында мактанып маашырлануунун убактысы болуп тургандай.
АКШдагы Демократиялык партиядан мурун сенатор болгон, Кытайда АКШнын элчиси болуп 2014-2017-жылдары иштеген Макс Бокстун да ою ушундай.
«Кытайда элдин көбү ... партиянын өзгөрүшү жөнүндө дээрлик ойлонбойт, алар көбүнчө өздөрүнүн жеке турмушун ойлойт»,-дейт ал.

Сүрөттүн булагы, Costfoto/Barcroft Media/Getty Images
«Кытайда жашоо деңгээли соңку 20 жылда бир топ көтөрүлдү, алар ошого эле ыраазы».
Коммунисттик партиянын бийлиги бекемделип, анын лидери Си Цзинпиндин керт башына сыйынуу өсүп жатканда, ички саясаттагы басмырлоо багыты күчөп турганда эмне кылыш керек деген суроо азыркы убакта эл аралык саясий дискуссиясынын орчундуу темаларынын бири болуп турат.
Вашингтон менен Европанын пикирлери ар башка болгон менен, бир жагы идеологиялык конфронтацияны жактап, Бокус мырза сыяктуу экинчи жагы стратегиялык кызматташтыкты улантуу керек деп жатканда мындай ажырым көз караштар Кытайдын ичинде оңой менен көзгө илинбейт.
Бирок алар жок эмес.

Сүрөттүн булагы, Radio Free Asia
Цай Ся Пекинде элиталык борбордук партиялык мектепте профессор болуп иштеди, азыр пенсияда, өмүр бою чоң кызматтагы партиялык ишмерлер менен иштеп, аларды окутуп келди. Партиянын алган багытына ишенбөөчүлүк, сын көз карашы акыры аны өткөң жылы өлкөнү таштап кетүүгө алып келди.
Ал кытайдын калкы саясий өзгөрүүлөрдү каалабайт, коммунисттик партиянын гана жолу туура, башканын кереги жок деген пикирге кошулбайт.
«Кытайды автократиялык жолдон демократиялык багытка бурууга али кеч эмес,-дейт ал. - Канчалык эрте болсо, Кытай үчүн да, бүт дүйнө үчүн да жакшы болот. Си Цзинпинь бүт бардык адамзаттын жалпы тагдырын ойлоого чакырып жаткан менен, ал кансыз согушту баштады, ал эч качан бүтпөйт».

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Макс Бокус АКШ менен Кытайдын ортосундагы мамилелерде соңку ондогон жылдарда үстөмдүк болуп келген - соода жана кызматташтык негизги максат деген ишенимге негизделген философиялык мектептин өкүлү.
Кытайда жашоо деңгээли жогорулап, ортоңку тап жаралып өсүп жатканы, теориядан алганда, бара-бара саясий реформаларга алып келет, ал абдан жай жүрсө же такыр болбосо дагы, экономикалык алака-катыш баары бир конфронтацияга караганда жакшы жол дейт.
Ал азыр ушул консенсустун өзгөрүп жатканына, Вашингтондо кансыз согуштун убагындагыдай жаңы менталитет түзүлүп жатканына кабатыр.
«Менин оюмча, Вашингтондо топтошкон ойлом өтө эле көп болуп жатат»,-дейт.
«Конгресстин мүчөлөрүнө, президентке Кытайга саясий сокку уруп коюу абдан оңой сезилет. Бул эки партиянын гана деңгээли эмес, бул абдан чоң көйгөй».
«Биз Кытай менен иштешибиз керек»,-деп кошумчалайт Бокус. - «Кытай менен Американын калкы негизинен окшош, алар үй-бүлөсүн ойлойт, ырыскысына кам көрөт. Саясатчылар муну эсинен чыгарбашы керек».

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Профессор Цай өз кезегинде глобалдык күчтө коммунисттик партияны реформа кыла алышпаса, ал ошол эле күчтөргө таянып өзүнүн баалуулуктарын Батышга таңуулап таркатууга активдүү түрдө даяр дейт.
«Кытай тынчтык эволюциясына тоскоол болууда, батыштын баалуулуктары кытайга кирип, кытай коомуна таасир көрсөтүшүн каалабай, бардык күчү менен ага бут тосууда»,-дейт ал.
«Кытай ошол эле учурда Батыштын сөз эркиндиги менен басма сөз эркиндигин пайдаланып. өзүнүн маалыматын, иллюзиясын, пропагандасын башка өлкөлөргө таркатууда».
Би-Би-Си кытай университеттериндеги көптөгөн окумуштууларга кайрылып, анын ичинде профессор Цайдын эски партиялык мектебин да унутпай, партиянын кытай коомундагы орду жана мааниси жөнүндө сүйлөшүүгө аракет жасап көрдү.
Кытайдын ичиндеги көзөмөлдүн катуулугун айт, эч ким биз менен азыркы маанилүү маселелер боюнча сүйлөшүүгө макул болгон жок.
Тышкы иштер министрлиги убагында жардам берерин билдирген менен партиялык маселелер боюнча ылайыктуу экспертти издеп табуу жөнүндө кайрылуубузду жоопсуз калтырды. (КС)












