Кытай өзгөрүүдө: Бизнести кысымга алган Бээжин

Питер Хоскинс, бизнес кабарчы

Кытай

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Соңку айларда Кытай экономикасынын кайсы бир бөлүгү кысымга алынбаганы боюнча жаңылык чыкпаган күн болгон жок.

Жаңы катаал эрежелер жана иштеп жаткан жоболордун бекем сакталышы боюнча кулактандыруулардын көпчүлүгү өлкөдөгү ири компанияларга багытталган.

Үч бөлүктөн турган материалдын биринчисинде Кытайдагы соңку өзгөрүүлөр жөнүндө сөз кылганыбыздай, бул чаралар президент Си Цзинпиндин “жалпы өнүгүү” деп аталган эң башкы саясий демилгесинин бир бөлүгү болуп эсептелет.

Бул фраза Кытай үчүн жаңы эмес. Ал 1950-жылдардан бери колдонулуп келет. “Жалпы өнүгүү” Кытай Эл Республикасынын түптөөчүсү Мао Цзэдун тарабынан колдонулган эле.

Аталган түшүнүк соңку жылдары көп колдонула баштады. Кытайдын коммунисттик партиясынын (ККП) 100 жылдыгы дагы белгиленип калгандыктан ал мамлекеттик саясаттын өзөгүнө айланды.

Жалпы өнүгүү саясатынын негизги бөлүгү катары Бээжин өлкөдөгү бай жана кедей жарандардын ортосундагы ажырымды азайтууга аракет кылат.

Бул, айрым адамдардын оюнча, дүйнөдөгү экинчи чоң экономиканын өсүүсүнө жана туруш турпаты менен ККПга коркунуч туудурат.

Глобалдык таасирге ээ жергиликтүү кадамдар

Соңку айлардагы Бээжиндин риторикасынын күчөшү Кытайдагы бизнеске каршы болуп көрбөгөндөй чараларды киргизүүгө алып келди.

Камсыздандыруу агенттиктери, жеке менчик окутуу фирмалары, кыймылсыз мүлк мекемелери, ал тургай АКШда акцияларын сатууну пландаган компаниялар дагы катуу көзөмөлгө алына баштады.

Айрыкча, технология индустриясы чоң каршы агымга туш болгон. Мисалга алсак, аларга электрондук соода фирмалары, онлайн каржылык кызматтар, социалдык медиа платформалары, оюн компаниялары, булут эсептерин камсыздоочулар, мобилдик колдонмолорду жасоочулар, криптовалюта жасоочулар кирет.

Кытайдагы тил курсу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жеке менчик окуу курстары сыяктуу бир нече компаниялар көзөмөлгө алына баштады

Мындай кадамдар, албетте, Кытайдын экономикасы менен коомуна эбегейсиз чоң таасир этип, анын таасири дүйнө жүзүндө да сезилип жатат.

Өлкө көптөн бери дүйнөнүн фабрика-заводу жана дүйнөлүк экономиканын кыймылдаткыч күчү катары кабыл алынып келет.

Азыр болсо Кытайдагы бизнестин жөнгө салынышынын айланасындагы белгисиздик чет элдик компаниялардын инвестиция салуу боюнча чечим кабыл алышын оорлоштуруп жаткан кези.

Үлкөн кумурсканы талкалоо

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Президент Си Цзинпин Кытайдын экономикасын жалпы өнүгүү саясаты менен өзгөрткүсү келгени толугу менен түшүнүктүү болгонго чейин эле Бээжин өз кубатынын таң калтырган көрүнүшүн ачыкка чыгарган.

Биз жылдай мурда Жек Ма дүйнөдөгү эң чоң фонддук биржага байкоо салайын деп турган болчу. “Алибаба” (Alibaba) компаниясынын негиздөөчүсү жана мульти миллиардер Же Ма көз жоосун алган корпоративдик иш-чараларда өзүнүн ачык жана курч билдирүүлөрү менен чыгып жүрөт.

“Алибабанын” каржылык филиалы жана “Alipay” аттуу Кытайдын эң ири санарип төлөө платформасынын ээси “Ant Group” мекемесинин алгачкы коомдук наркы $34,4 миллиард алып келиши керек болчу.

Бул Жек Маны Азиянын эң бай кишисине айлантмак, бирок ошол учурда ал Кытайдын каржылык системасы боюнча талаштуу сын-пикир айта салган.

Анын сөзүнөн көп өтпөй бир нече күндүн ичинде эле акцияларды сатуу токтотулуп, бир убактарда таанымал болгон Жек Маны кийинки жылдын январь айына чейин коомчулук көрбөй калган.

Жек Ма

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Былтыр Жек Маны коомчулук көрбөй калган

Иликтөөнүн жыйынтыгында, “Алибаба” көп жылдар бою базардагы абалын кыянат пайдаланды деп табылып, ошондон бери компания рекорддук өлчөмдө $2,8 млрд айып пулга жыгылган. “Ant Group” дагы өз бизнесин түп тамырынан бери өзгөртүү планын жарыялаган.

Бул көрүнүш расмий түрдө жалпы өнүгүү демилгесинин бир бөлүгү болуп болбогонун биз болочоктогу тарыхчыларга калтырсак болот.

Биз ишеничтүү түрдө айта алган нерсе — Жек Манын жылдызы өчүп, анын эбегейсиз бизнес империясына каршы көрүлгөн чара драманын күчтүү киришүүсүнө айланганы. Ал эми бул драма Кытай экономикасынын ар бир булуң бурчуна чейин жеткени калды.

Термелген карыз мунарасы

Кытайдын “Evergrande Group” компаниясынын тагдырында дагы жалпы өнүгүү программасы менен жолу кесилише турганы жазылган экен.

Аталган компаниянын негизги ишине кыймылсыз мүлк тармагы кирет, бирок компания активдерди башкарууга, электромобилдерге жана азык-түлүк менен суусундуктарды өндүрүүгө дагы кызыгат. Ал тургай компания Кытайдагы эң чоң футбол клубдарынын бири, “Гуанчжоу” футболдук клубуна ээлик кылат.

“Форбстун” маалыматына ылайык, компанияны мульти миллиардер Хуэй Ка Ян (Ху Цзяин) жетектейт жана Жек Мадан айырмаланып, ал 2017-жылы аз убакытка болсо дагы Азиянын эң бай кишисине айланган.

Соңку апталарда “Evergrande” компаниясын каптаган карыз кризиси дүйнөлүк каржылык базарларды сестенткен.

Кытайдын кыймылсыз мүлк багытындагы эң чоң компаниясына айлануу жолунда бараткан “Evergrande” өзүнө $300 млрд карыш ашырып алган.

Азыр ала турган акча жок болгондуктан компания карызын жаба албай кыйналып жатат.

“Evergrande” компаниясына көмөктөшүүнүн ордуна, жалпы өнүгүү доктринасынын астында бийлик өкүлдөрү ага таандык болгон кыймылсыз мүлктөрдү кардарларга сатып алууга жардам берип жаткандай.

Бул ой ушул аптада гана колдоо тапты. Кытайдын борбордук банкы аталган компаниянын аталышын так атабай туруп, турак-жай базарындагы керектөөчүлөрдү коргой турганын билдирди.

Соңку алты айда компания акцияларынын 80% кол жууп, мунун баары каржылык базарлардын баш оорусуна айланды.

Оюн үчүн эрендердин кармашы

Август айынын башында Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары онлайн оюндарды “рухий апийим” деп атаганда, бул эскертүү белгиси катары кабыл алынган.

Бул “Tencent” жана “NetEase” сыяктуу оюн фирмаларынын акцияларынын түшүп кетишине себеп болуп, онлайн оюн индустриясы жаңы катаал чектөөлөргө кептелген.

Кийинчерээк ошол эле айда бийлик өкүлдөрүнүн кулачы өлкөдөгү жаш оюнчуларга да жетип, оюн платформаларына карата көзөмөл күчөгөнү эч кимди таң калтырган эмес.

Жашы 18ден төмөн болгондор жума күндөрү, дем алышта жана майрамдарда бир саат гана онлайн ойной алары айтылган. Ал эми ойноо убактысы кечки саат 8-9 деп белгиленген.

Бул жаңы эрежелерди сактоо жоопкерчилиги оюн компанияларына жүктөлгөнүн билдирет. Ал эми бийлик өкүлдөрү аталган чектөөнүн ишке ашышын талап кылып компаниялардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтөрүн айткан.

Кытайда онлайн оюндарга чектөө

Сүрөттүн булагы, EDWIN TAN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жашы 18ден төмөн болгондор видео оюндарды ойноодо катаал чектөөлөргө туш болушту

Мунун баары бизнестеринен ажырап калса да Кытай өкмөтү жаңы эрежелерди киргизиши керек турбайбы дегендей угулуп жаткан болсо, анын жөнү бар. Бээжин алдыңкы жылдарда бизнести кысымга алуу уланарын ишарат кылды.

Өткөн айда эле, Кытай жаңы, 10 пункттан турган планын жарыкка чыгарды. Ал 2025-жылга чейин аткарылат жана экономиканын көпчүлүк бөлүгүндө көзөмөлдүн күчөшүн камтыйт.

Азырынча түшүнүксүз болгон нерсе — түп тамырынан өзгөргөн жаңы эрежелер жана азыркы иштеп жаткан жоболордун бекем сакталышы дүйнөнүн экинчи эң ири экономикасын канчалык деңгээлде өзгөртө алары.

Анын кесепети, биз Кытайда жашайбызбы же жокпу, баарыбызга катуу таасир этет өңдөнөт. (EA)

Бул Кытайдын дүйнөдөгү өзгөрүп жаткан ролуна көз чаптырган үч бөлүк материалдын экинчиси. Биринчи бөлүктү бул жерден окусаңыз болот.

Үчүнчү бөлүктө Бээжин өлкөдөгү бизнестин иштөө тартибин кандай өзгөрткөнү жана анын дүйнөлүк деңгээлдеги таасири жөнүндө сөз болот.