Кытай: Ири сарптоочубу же сүткорбу?

Селия Хаттон, BBC News

Кытайдын долбоору

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Цзянсу провинциясында жумушчулар жабдуу өндүрүп жатышат. Аны кийин Кытайдын “Бир алкак - бир жол” долбоору менен экспорттошот

Жаңы маалыматтар көрсөткөндөй, Кытай өнүгүүгө Америка Кошмо Штаттарына жана башка ири державаларга караганда кеминде эки эсе көп акча бөлүп жатат, анын көбү Кытайдын мамлекеттик банктарынан жогорку пайыздуу, тобокелдүү кредиттер түрүндө келет.

Кытай насыясынын көлөмү таң калтырат. Жакында эле Кытай сырттан жардам алып жүргөн, бирок азыр баары өзгөрдү.

АКШнын Виржиния штатындагы Уилям жана Мэри университетинин AidData изилдөө лабораториясынын маалыматы боюнча, Кытай 18 жылдын ичинде 165 өлкөгө 843 миллиард долларлык 13 427 инфраструктуралык долбоорго акчалай карыз берген.

Бул акчанын көбү Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин “Бир алкак жана бир жол” аттуу дымактуу стратегиясына байланыштуу. 2013-жылдан бери ал жаңы дүйнөлүк соода жолдорун куруу үчүн инфраструктуралык долбоорлордо жана жетиштүү валютада Кытайдын тажрыйбасын колдонгон.

Кытай берген карыз

Бирок сынчылар Кытайдын көптөгөн долбоорлорду каржылаган жогорку пайыздык насыялары бейкапар калкты болуп көрбөгөндөй карызга салып жатат деп чочулашат.

Бул кытайлык чиновниктердин өздөрү үчүн да жаңылык. AidData изилдөөчүлөрү, төрт жыл бою Кытайдын бүткүл дүйнөлүк кредиттерин жана чыгашаларын көзөмөлдөп, Кытайдын мамлекеттик министрликтери да Кытайдын акчасы чет өлкөлөрдө кантип колдонулуп жаткандыгы тууралуу маалымат алуу үчүн алар менен дайыма байланышып турарын айтышат.

“Биз Кытайдагы мамлекеттик чиновниктерден дайыма: Мына, силер Кытайда чоң оюн ойноп жатасыздар, дегенин угуп турабыз”, - дейт AidData компаниясынын башкы директору Брэд Паркс. “Алар Кытайда туруп бул маалыматтарды ичтен ала албайбыз, деп айтышат”.

Кытай менен коңшу өлкө Лаостун ортосунан өтүүчү ири темир жол Кытайдын расмий эмес кредиттеринин эң жакшы мисалы катары айтылып жүрөт.

Юмо темир жолу

Сүрөттүн булагы, TPG/GETTY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Юмо темир жолу Кытай менен Лаосту туташтырат, бирок эксперттердин айтымында, Лаос карызды төлөй албай кыйналат

Ондогон жылдар бою саясатчылар деңизге чыга албаган түштүк-батыш Кытайды Түштүк-Чыгыш Азия менен түз байланыштыруучу мындай жолду түзүү жөнүндө ойлонуп жүрүшкөн.

Бирок, инженерлер чыгымдар өтө көп болорун эскертишкен: жолдор ондогон көпүрөлөрдү жана туннелдерди талап кылган бийик тоолор аркылуу өтүшү керек эле. Лаос региондогу эң жакыр өлкөлөрдүн бири жана чыгымдын бир бөлүгүн да төлөчү алы жок эле.

Кытайдын дымактуу банкирлери менен таанышыңыз: Кытайдын мамлекеттик компаниялар тобу жана Кытайдын мамлекеттик кредиторлорунун консорциумунун колдоосу менен 5,9 миллиард долларлык темир жол декабрда ишин баштайт.

Бирок, Лаос өзүнүн уставдык капиталынын кичине бөлүгүн каржылоо үчүн Кытай банкынан 480 миллион доллар кредит алууга аргасыз болгон. Лаостун бир нече киреше булактарынын бири, калий кендеринен түшкөн каражат, ири насыяга жумшалган.

Си Цзинпин

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Си Кытайдын дүйнөлүк инфраструктура долбоорлору боюнча сындардан кийин башкаларды сооротууга аракет кылды
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Кытайдын Эксим Банкы тарабынан Лаостун өзүнүн жеке капиталынын бир бөлүгүн жабуу үчүн алган насыясы, чынында эле, Кытай өкмөтүнүн долбоорду алдыга жылдырууну көздөгөнүн көрсөтүп турат”, - деп түшүндүрөт Гонконг Илим жана Технология университетинин доценти Ванкин Келли Чен.

Линиянын көбү Кытай үстөмдүк кылган темир жол тобуна таандык, бирок келишимдин так эмес шарттары Лаос өкмөтүн акыры темир жолдун карызы үчүн жооптуу кылат. Тең салмактуу эмес келишим эл аралык кредиторлор тарабынан Лаосту төмөн рейтингге түшүрүүгө алып келди.

2020-жылдын сентябрь айында, банкроттун босогосунда, Лаос ири активин Кытайга саткан, кытай кредиторлорунан карызды жоюу үчүн электр тармагынын бир бөлүгүн 600 миллион долларга которгон. Мунун баары темир жол иштей электе эле.

Лаос темир жолу Кытайдын мамлекеттик банктары тарабынан каржыланган жалгыз тобокелдүү долбоор эмес. Ушунун баарына карабастан, AidData маалыматы боюнча, Кытай көптөгөн аз жана орто кирешелүү өлкөлөр үчүн биринчи линиядагы каржылоочу бойдон калууда.

“Орто эсеп менен алганда, Кытайдын эл аралык өнүгүүнү каржылоо боюнча милдеттенмелери жылына болжол менен 85 миллиард долларды түзөт. Ал эми салыштыруу үчүн, Америка Кошмо Штаттары глобалдык өнүгүү ишмердүүлүгүн колдоо үчүн кайсы жылы болбосун 37 миллиард долларга жакын каражат сарптайт”, - дейт Брэд Паркс.

Кытай өнүгүүгө болгон каржылоо жагынан башка өлкөлөрдүн баарынан озуп чыкты, бирок Пекиндин бул деңгээлге кантип жеткени “укмуштуудай” деди AidData.

Мурда Батыш өлкөлөрү өзгөчө Африка мамлекеттерин карызга батырууга күнөөлүү деп эсептелген. Кытай башка жол менен насыя берет: долбоорлорду каржылоо же бир өлкөдөн экинчисине кредит берүү менен каржылоонун ордуна, ал берген акчанын дээрлик баары өкмөттүк банктын кредити түрүндө болот.

Мындай насыялар мамлекеттик карыздын расмий отчетторунда чагылдырылган эмес. Себеби, борбордук мамлекеттик институттар Кытайдын мамлекеттик банктары тарабынан жасалган көптөгөн бүтүмдөрдө айтылбайт, алар өкмөттүн балансынан мындай келишимдерди алып салат жана өкмөттөрдүн жабык эшик артында эмне сүйлөшүлгөнүн так билишине тоскоол боло турган конфиденциалдуулук беренелери менен жашырылган.

AidData 385 миллиард доллар өлчөмүндөгү толук эмес карызды эсептеп чыккан.

Бир алкак - бир жол

Көптөгөн Кытай өкмөтүнүн өнүктүрүү насыялары да адаттагыдай күрөөнү талап кылат. Барган сайын кытай кредиттери карыз алуучулардан жаратылыш ресурстарын сатуудан накталай акча күрөөсүн талап кылгандай көрүнөт.

Мисалы, Венесуэла менен болгон келишимде венесуэлалык карыз алуучу мунайды сатуудан тапкан валютасын Кытайдын көзөмөлүндөгү банк эсебине түздөн-түз салуусу керектиги талап кылынган. Эгерде карызды төлөө кечиктирилсе, кытайлык кредитор дароо эле эсептеги акчаны ала алат.

“Бул чындыгында, алар насыя алуучуга ким чыныгы кожоюн экенин эсте тутуп жүрүүлөрү керектигин билдирет”, - деп түшүндүрөт Брэд Паркс. Мындай жүрүм-турум “Силер баарынан мурун бизге төлөшүңөр керек, анткени силердин баалуу деп эсептеген мүлкүңөр бизге гана кызык” дегенди билдирет.

“[Бул] өтө жакыр өлкөлөрдүн кирешеси, доллар жана евро, аларды чет өлкөлүк держава көзөмөлдөгөн оффшордук эсепке камайт”.

“Кытай акылдуубу?” - деп суроо узатат Анна Гелперн. Ал ушул жылдын башында Кытай өнүктүрүү насыя келишимдеринин AidData изилдөөсүнө катышкан Жоржтаун университетинин укук боюнча профессору. “Менин оюмча, бул келишимдерде алар күчтүү жана амалдуу болушкан. Алар өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн абдан аракет кылып жатышат”.

Өлкөлөр татаал карыз алуучулар болушу мүмкүн, деп түшүндүрөт Гелперн, жана эгерде алар карыздарын төлөй албаса, порт сыяктуу физикалык активди өткөрүп берүүнү күтүү туура эмес.

Жакында Кытай кредит берүү боюнча кээ бир эл аралык атаандаштыкка туш болушу мүмкүн. Июнь айында Чоң жетинин жолугушуусунда АКШ жана анын союздаштары G7 Кытайдын таасири менен атаандашуу үчүн чыгашалар планын кабыл алып жаткандыгын жарыялашты. Ал финансылык жана экологиялык жактан туруктуу дүйнөлүк инфраструктуралык долбоорлорду каржылоону убада кылды.

Бирок, бул план өтө эле кеч болуп калышы мүмкүн.

“Мен Батыштын демилгелери Кытайдын күн тартибине катуу таасир этерине ишенбейм”, - деди Брукингс Институтунун улук илимий кызматкери жана АКШнын Кытайдагы мурдагы казына кызматкери Дэвид Доллар.

“[Бул жаңы демилгелер] өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн инфраструктуралык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн реалдуу акчага жетпейт. Ошондой эле, Батыштын расмий финансисттери менен иштөө бюрократиялык жана узак убакытка кечигүүгө алып келиши мүмкүн”.

AidData изилдөөчүлөрү “Бир алкак - бир жол” (BRI) долбоору кыйынчылыктарга туш болуп жатканын аныкташты. BRI долбоорлору кытайлык башка өнүгүү келишимдерине караганда коррупцияга, эмгек скандалына же экологияга байланыштуу болушу мүмкүн.

Изилдөөчүлөр BRI долбоорун тийиштүү деңгээлде кармап туруу үчүн Пекиндин карыз алуучулардын көйгөйлөрүн чечүүдөн башка аргасы жок экенин айтышат.