Токио 2020: Кытай улутчулдары өз спортчуларын төө басты кылышууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытайда спортчуларынан ийгиликке жетүүнү талап кылуу кысымы абдан катуу болууда. Алтын байгеден башкасын алган спортчуларды интернетте жаалданган улутчулдар мекенчил эмес деп айыптоодо. Би-Би-Синин кабарчысы Вейи Йиптин баяндамасы.
Кытайдын стол теннисин аралаш жуп менен ойногон тобу өткөн аптада Токио Олимпиадасында күмүш медал утканы үчүн ыйлап кечирим сурады.
“Мен өз тобумду артка тарттым окшойт... Баарыңардан кечирим сурайм”, — деди көзүнөн жаш агызып кечирим сураган Лу Шивен.
“Бүт өлкө ушул финалдык оюнду чыдамсыздык менен күтүп жаткан. Кытай командасы толугу менен биздин натыйжаны кабыл албайт деп ойлойм”, — деп кошумчалады Лунун шериги Шу Шин.
Алар финалда Жапонияга каршы ойношуп, жеңилип калганы интернетте көпчүлүктү жинденткен. Анткени, кытайлар спорттун бул түрү боюнча көбүн учур үстөмдүк кылып келишет.
Weibo (Вейбо) платформасындагы айрым “жазмакер жоокерлер” бул жупту айыптап, алар “өлкөнүн ишеничин актаган жок” деп жазып чыгышкан.
Башкалар болсо калыстар жапониялык Зун Мизутани менен Мима Итого тартып койду деген негизсиз ой-пикирлерди айтышкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Улутчулдардын каары өлкө боюнча жайылып жаткан маалда Олимп оюндарынын медалдарын саноо спорттук даңктан да ашып түштү.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ашынган улутчул топтор үчүн Олимпиада медалын албай калуу “мекенчил эмес” болууга тете деп айтышты эксперттер Би-Би-Сиге.
“Ал адамдар үчүн Олимпиаданын медалдар рейтинги улуттук чеберчиликтин, демек, улуттук ар-намыстын тынымсыз жаңырып турган көрсөткүчү”, — дейт Нидерланддардагы Лейден Азия борборунун директору Флориан Шнайдер.
“Мындай шартта чет мамлекеттиктерге каршы таймашта утулуп калуу өлкөнүн ишеничин актабай же сатып кеткенге барабар”.
Стол тенниси боюнча жарышта жеңилүү ызасын тартуу өтө оор болгон. Анткени, Жапония менен Кытай экөөнүн ортосунда ызы-чуулуу тарых бар.
1931-жылы Жапония Кытайдын түндүгүндөгү Манчжурияны басып алганда миллиондогон кытайлар курман болгон. Алты жылдан соң чоң согуш башталган. Бул эки өлкөнүн ортосундагы чекит коюла элек маселе бойдон калууда.
“Кытай улутчулдары үчүн бул таймаш катардагы эле спорттук оюн эмес. Кытай менен Жапониянын ортосундагы каршылашуу болчу”, — дейт Шнайдер.
Вейбо сайтындагы жапондорго каршы көз караштар оюндун аягына чейин уланып, колдонуучулар Мизутани менен Итону атабаган сөз калган эмес.
Бирок алар Жапонияга же болбосо стол теннисине эле каршы пикирлерди жаадырып токтоп калышкан жок.
Кытайдын спортчулары Ли Цзюнхуэй менен Лу Ючен дагы Тайван менен жуп болуп бадминтон ойноо боюнча финалдык беттеште жеңилип калганы үчүн интернетте жемеге кабылышкан.
“Силер уктап калган жоксуңарбы? Эч кандай деле аракет кылган жоксуңар”, — деп жазган Вейбонун бир колдонуучусу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытай менен Тайвандын ортосундагы мамиле акыркы жылдары чыңалып кеткен.
Кытай Тайванды бөлүнгөн провинция катары караган менен, тайвандыктар ага макул эмес жана өз алдынча мамлекет болууну каалашат.
Ошондой эле көзгө атар Ян Цян Токио Олимпиадасынын биринчи алтын медалын утса дагы сын-пикирлерге кабылган.
Ал эмнеден жаза тайды дебейсизби? Вейбо сайтындагы анын мурда Nike бут кийим коллекциясын тартып чыгарган эски посту.
Адамдар нааразы болгон себеби, аталган бренддин Кытайдагы мажбурлап иштетүүгө байланыштуу Шиңжаңда өстүрүлгөн пахтаны колдонбой турганан айтканы болгон. Мындан улам ал бойкот жарыяланган компаниялардын тизмесине киргизилген.
“Кытай спортчусу болсоң анда эмне үчүн Nike бут кийимдерин чогултуп жүрөсүң? Nike компаниясына бойкот жарыяланган соң, жол көрсөтүп жүрүшүң керек эмес беле?” - деп жазган бир колдонуучу.
Мындан улам Ян өз постун өчүрүп салган.
Анын шериги Ван Луяо дагы кыз-келиндердин арасында өткөн 10 метрден пневматикалык мылтыктан атуу боюнча мелдештин финалында бутага тийбей калгандыктан адамдардын катуу сынына кабылган.
“Сени Олимпиадага өлкөнүн алсыздыгын көрсөтүү үчүн жибердикпи?” - дейт дагы бирөө.
Жергиликтүү медианын кабарлашынча, Ванга карата аябай көп сын-пикир жаагандыктан Вейбо 33төй колдонуучунун аккаунтун бөгөттөп салган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Анын шериги Ван Луяо дагы кыз-келиндердин арасында өткөн 10 метрден пневматикалык мылтыктан атуу боюнча мелдештин финалында бутага тийбей калгандыктан адамдардын катуу сынына кабылган.
“Сени Олимпиадага өлкөнүн алсыздыгын көрсөтүү үчүн жибердикпи?” - дейт дагы бирөө.
Жергиликтүү медианын кабарлашынча, Ванга карата аябай көп сын-пикир жаагандыктан Вейбо 33 колдонуучунун аккаунтун бөгөттөп салган.
Олимп оюндарынын атаандаштык табиятын эске алганда, жеңилүү ызасын тартуу бир эле Кытайга мүнөздүү болгон көрүнүш эмес.
Сингапурдун сүзгүч жылдызы Жозеф Скулинг өткөн аптада 100 метрге баттерфлай стилинде сүзүү боюнча байгесин колдон чыгарып жибергени үчүн катуу сынга кабылган.
Айыптагандар ушунчалык көбөйүп кеткендиктен мамлекеттик ишмерлер, анын ичинде президент Халима Якоб дагы спортчуну колдоого чакырган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок Кытайдагы интернет мейкиндигинде чыккан нааразылыктын үнү катуураак угулгандай болду окшойт. Бирок бул Кытай калкынын же интернетти билгендердин көбүрөөк болгонунан улам эмес.
“Кытайдагы жаш ура патриоттордун же болбосо өтө улутчул жаштардын үнү интернетте өтө көп”, — дейт Айова мамлекеттик университетинин саясат таануу боюнча адиси Жонатан Хассид.
“Бир чети алардын үнү катуураак чыкканын себеби, барган сайын мамлекетке жөндүү сын айтуу мүмкүн болбой жатканы”.
Соңку жылдарда Кытайда улутчулдук өсүүдө. Улутчулдуктун глобалдык таасири да күчөп, эл аралык сын-пикирлердин баары улутчулдукту ооздуктоо катары кабыл алынууда.
Кытайдын Коммунисттик партиясынын 100 жылдыгы быйыл 1-июлда белгиленген. Анда Кытай президенти Си Цзинпин сүйлөп, Кытайды эч бир тышкы күчтөр “коркута албайт” деп айтканы бар. Жапонияда Жайкы оюндар дагы аны улай башталып калды. (ЕА)











