ТОКИО-2020: Кыргыз балбандарынын албан ийгиликтери

Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстандыктар Токио олимпиадасында күч сынашып жаткан спортчулар үчүн сүйүнүп жаткан учуру. Анткени бүгүн балбандар Акжол Махмудов күмүш байге, Мээрим Жуманазарова коло байге жана Айсулуу Тыныбекова финалга жолдомо алды.
Акжол Махмудов күмүш медалдын ээси болду
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов бүгүн грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмак категориясында күмүш алды.
Акжол Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, дүйнө чемпионатынын бир нече жолку чемпиону жана Европа чемпионатынын төрт жолку чемпиону венгриялык Тамаш Лоринстен 2:1 эсебинде жеңилип калды.
Спортчу кечээ чейрек финалда азербайжандык Рафиг Гусеиновду 9:1 эсебинде жеңип алган. Ал эми бир нече сааттан кийин жарым финалда армениялык Карапет Чалянды утуп, финалга жолдомо алган.
Акжол Махмудов 22 жашта. Ал кыргыз тарыхында грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эң жаш чемпиону. Эми ал Олимпиаданын күмүш медалынын ээси.
Буга чейин кыргыз спортчуларынан грек-рим күрөшү боюнча финалга Канат Бегалиев гана чыккан.

Балбан кыз Мээрим Жуманазарова коло байге тагынды
Мээрим Жуманазарова Токио Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча 68 кг салмакка чейинки категорияда катышты. Спортчу кечээ болгариялык атаандашын 7:5 эсебинде жеңип, бирок чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудан 2:1 эсеби менен утулуп калган.
Нигериялык спортчу Блессинг Обору жарым финалда монголиялык спортчуну жеңип алганы үчүн Мээрим Жуманазаровага коло байгеси үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк ачылган.
Мээрим бүгүн азербайжандык Элиз Манолова менен жубатуучу беттешти жеңип алган. Андан соң монголиялык Баттсетсег Соронзонболд менен Токио Олимипиадасынын коло байгеси үчүн күч сынашып, 10:1 эсебинде жеңип алды.
Мээрим Жуманазарова 1999-жылы Таласта төрөлгөн. Ал 2020-жылы дүйнө кубогунун жеңүүчүсү болгон, ал эми ага чейин Азиянын коло жана алтын байгелерине ээ болгон. Машыктыруучусу дене тарбияга жана спортко эмгек сиңирген ишмер жана эмгек сиңирген машыктыруучу Нурбек Изабеков.

Айсулуу Тыныбекова алтын медаль үчүн күрөшөт
Кыздар арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын финалына жолдомо алды. Ал 62 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашууда.
Айсулуу жарым финалда украиналык Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде жеңип алды. Ал эми чейрек финалда румыниялык спортчу Кристина Тунде менен беттешип, 6:2 эсебинде уткан. Ага чейин биринчи атаандашы латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде утуп алган.
Асулуу Тыныбекова 1993-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. Ал кыздар арасында эркин күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турат. Айсулууну дене тарбияга жана спортко эмгек сиңирген ишмер жана эмгек сиңирген машыктыруучу Нурбек Изабеков машыктырып келет.

Кыргыз спортчуларын колдоп, бүгүн борбор калаабыздагы аянтка жүздөгөн эл чогулду. Алар спортчулардын атын атап, сүрөп, колдоп турушту.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Олимпиадага грек-рим күрөшү боюнча 97 кг салмакка чейинки категорияда катышып жаткан Үзүр Жусупбеков чейрек финалда мурдагы Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү армениялык Артур Алексанян менен күрөшкөн. Армениялык спортчу кыргыз балбанын 4:1 эсебинде жеңип алган. Жусупбековдон кийин дагы 2 атаандашын утуп, финалга чейин жеткендигине байланыштуу Үзүр Жузупбеков жубатуучу беттешке чыгууга укук алган.
Жусупбеков коло медаль үчүн беттешке чейин Финляндиянын спортчусу Арви Мартин Саволайненди жубатуучу кармашта жеңсе, анда коло байге үчүн иран спортчусу Мухамедхажы Сарави менен күрөшмөк. Тилекке каршы, спортчу 1:4 эсебинде финляндиялык балбанга уттуруп жиберди.
Кыргызстандык спортчу Атабек Азисбеков грек-рим күрөшү боюнча 1/8 финалда венгриялык Виктор Лоринцке 1:6 эсебинде уттурду.
Эгер Виктор Лоринц финалга чейин жете турган болсо, Атабектин коло үчүн таймашууга мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Кыргызстандан жалпы 16 спортчу Олимпиадага жолдомо алган. Мамлекет алтын медаль алгандарга 10 миллион сом, күмүшкө жети миллион сом, коло үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган.
23-июлда башталган Токио-2020 Олимпиада оюндары 8-августта аяктайт.












