Акжол менен Мээрим Кыргызстандын рейтингин көтөрдү

 65-орун
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Screenshot

Кечээ, 3-августта кыргыз спортчулары Токио-2020 Олимпиада оюндарында алгачкы медалдарын тагынышты.

Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Биринчи Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмак категориясында күмүш алды.

Акжол Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, дүйнө чемпионатынын бир нече жолку чемпиону жана Европа чемпионатынын төрт жолку чемпиону венгриялык Тамаш Лоринстен 2:1 эсебинде жеңилип калды.

Андан соң Мээрим Жуманазарова монголиялык Баттсетсег Соронзонболд менен коло байге үчүн күч сынашып, 10:1 эсебинде жеңип алды. Муну менен ал Кыргыз Республикасынын тарыхында Олимпиада оюндарында алгачкы медаль тагынган спортчу кыз катары калды.

Эске сала кетсек, буга чейин 1988-жылы Сеул шаарында өткөн 24-олимпиада оюндарында Кулчунова Мария СССРдин командасынын курамында 4×400 метр аралыкка эстафеталык чуркоодо биринчи орунду ээлеп, алтын медаль алган.

Акжол Махмудов

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акжол Махмудов беттештен кийин

Бул эки спортчунун медалы Кыргызстанды Токио-2020 дүйнөлүк медалдар рейтингинде 65-орунга чыгарды.

Орто Азия мамлекеттеринен бул рейтингде коңшу Казакстан 3 коло медаль менен Кыргызстандан он орунга ылдый 75-катарда турат. Өзбекстан болсо 2 алтын, 1 коло менен 28-орунда. Түркмөнстан бир күмүш медаль алып, 70-орунда турат. Ал эми Тажикстан азырынча байгеге илинбегенине байланыштуу бул рейтингдин тизмесине кире элек.

Медалдар рейтингинин башында азыр 32 алтын, 21 күмүш жана 16 коло – жалпы 69 медаль менен Кытай турат. Экинчи орунда АКШ жана үчүнчүдө Япония өзү турган учуру.

КР, РК
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Медалдар рейтингинде Кыргызстан 65-орунда, Казакстан 75-орунда
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло медалдарынын ээси Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазарова кечээ беттештен кийин кайрылуу жасашты.

Грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалдын ээси Акжол алтынга бир кадам жетпей калганына өкүнүп жатканын жашырган жок. Ал элинин колдоосуна татыбай, жакшы күрөш көрсөтө албаганын дагы айтты. Бирок соцтүйүндөрүндө анын күйөрмандары Акжолдун “алтынга тете күмүш” алганын белгилешип, ал болгону 22 жашта болгондуктан, алдыда дагы көп алтын аларына ишендирип, кубаттап жатышат.

Азия Бириккен курош уюмунун вице-президенти Мелис Турганбаев дагы Токио олимпиадасынын пресс-атташеси Кабыл Макешовго маек берип жатып, Акжолдун атаандашы 34 жаштагы күчтүү балбан экенин белгилеп, Акжол али жаш, алдыда дагы алтын алчу күн да келерине ишенерин айтты.

Кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча Олимпиаданын коло медалынын ээси Мээрим Жуманазарова болсо, бул мелдешке ал тогуз жыл даярданганын, алтынга аракет кылганын айтып, бирок коло дагы жеңиш жана аны кыргыз элине, агайларына жана ата-энесине арнарын баса белгиледи.

алгачкы спортчу кыз
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мээрим Жуманазарова кыргыз тарыхында Олимпиада медаль алган алгачкы спортчу кыз

Ошондой эле кечээ кыздар арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакка чейинки категорияда украиналык Ирина Коляденкону жарым финалда 10:0 эсебинде жеңип, Олимпиаданын финалына жолдомо алды.

Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 17:55те Айсулуу килем үстүнө япониялык спортчу Юкако Каваи менен алтын байге үчүн күч сынашат.

Кыргызстандан жалпы 16 спортчу Олимпиадага жолдомо алган. Мамлекет алтын медаль алгандарга 10 миллион сом, күмүшкө жети миллион сом, коло үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган.

23-июлда башталган Токио-2020 Олимпиада оюндары 8-августта аяктайт.