Айсулуу эле эмес, апасы кошо күрөшөт...

Айсулуу Тыныбекованын үй-бүлөсү Токио 2020 олимпиадасындаг беттештерин көрүп жаткан учур
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айсулуу Тыныбекованын үй-бүлөсү Токио 2020 олимпиадасындагы беттештерин көрүп жаткан учур
    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Токиодо Айсулуу күрөшөт деген күнү таң эрте Кочкорго жеттим. Кыйынчылыгынан кызыгы көп эки күндү баяндап берейин.

3-август күнү саат сегизде Айсулуунун күрөшү башталат экен деп баары кулак түрүп турган эле. Жолум болсо экен деп үрүл-бүрүлдө Бишкектен кар жатпас кара Кочкорго сапар тарттым. Барып алып үйүн таппай адашып жүргөнүмдү, 2-3 мүнөттөн кийин эле күрөш башталат деп шаштымдын кеткенин айт. Мына сегиз болгону жатат дегенде үйдү таап, чуркаган бойдон эптеп кирип бардым. Кирсем эле жайбаракат, эч нерсе болбогондой бир эже суу сээп, коро шыпырып жүрөт. Шашып учурашып,

- Айсулуунун үйү ушулбу десем,

- ооба деп жооп берди.

Чыдамым түгөнүп,

- эмнеге күрөшүн көрбөйсүз, үйдө ким бар? - дедим.

- Мен көрбөйм, үйдө эч ким жок десе болобу.

Башка эле аты уйкаш бирөөнүн үйүнө келип алган окшойм да деген ой кетти. Болбосо кантип эле эжеси же жеңеси мынчалык бейкапар жүрмөк эле деп кайра тактап сурадым.

- Ооба, Айсулуу Тыныбекованын үйү ушул - деп кайталады.

- Ата-энеси кайда?

- сарайда эле.

Сарай 10-15 чакырым аралыкта экен.

Шашканымдан "эже, жол көрсөтүп коюңузчу, кайра эле жеткирип келем" дедим. Жетелесем да болгудай эмес, кайра көчөгө чуркап чыгып, кошуналарынан сарайга барчу жолду сурамак болдум. Эже дагы кошо чыкты. Бир үйгө барсак жооп болгон жок. Ичимден буркан-шаркан түшүп кеттим. Аңгыча ал эже телефон чалып, менин келгенимди бирөөгө түшүндүрүп жатты. Азыр он мүнөттө келишет экен деп койду. Ошондогу он мүнөттүн өтмөгү укмуш кыйын болду да...

Мен биринчи кезиккен аял чындап эле Айсулуунун бир тууган эжеси болуп чыкты. Ал башынан эле сиңдисинин беттештерин көрбөйт экен.

- Эмнеге?

- Чыдап, көрүп олтура албайм, жеңди дегенден кийин гана көрбөсөм, тим эле кайнап кетем - деп жооп берди.

Айсулуу Тыныбекова Токио 2020 олимпиадасынын күмүш медалына ээ болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айсулуу Тыныбекова Токио 2020 олимпиадасынын күмүш медалына ээ болду

Биз ойлогондой эле Айсулуу жалгыз күрөшпөйт экен. Атасы, апасы, эжелери, байкеси - баары биригип, килем үстүнө чыккандай эле билек түрүнүп, кошо көл-шал түшүп толгонот тура. Өзгөчө Гүлпар апа кызы экрандын ары жагында, өзү бери жагында күрөшүп жатканын көрдүм. Бул сыртынан байкагандагым эле. Эми ичинде кандай толгонуу болуп жатканын өзүңүз болжоп көрүңүз. Кептин кыскасы он жылдап кызын сүрөөнгө алам деп жатып мурунку педиатр азыр Айсулуунун алыстагы машыктыруучусуна айланыптыр.

"Тегеретип кет кызым, колуңду бербе, чийинден чыгар, чыдап кой, көтөр башты, тулкусун бас", - деп сүрөгөндөрү анын нагыз далили.

Айсулуунун ар бир күрөшү сайын үйүндөгүлөрдүн жүзүнөн чыңалууну, тынчы кеткенден улам тыбырчылаган манжаларды, экранды теше тиктеген көз карашты, керек болсо дем албай тынып калган, жеңиш сайын жадыраган кабактарды көрүп жаттым. Ара-чолодо Айсулуунун бала чагынан тарта түрдүү соболдорду бере бердим.

Айсулуунун бала чагы...

Айтылуу балбан кыздын ата-теги Кочкордон. Бирок Айсулуу Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. Себеби, ошол жылдары ата-энеси дарыгер болгондуктан, ал жерде кызмат өтөп жүргөн экен. Майлуу-суулуктар менен кочкорлуктар тамаша чыны аралаш: "Айсулуу биздин кыз", - деп талашып-тартышып калганы дагы ошондон. Кийин кайрадан Кочкорго көчүп келишкен экен.

Айсулуу Тыныбекованын ата-энеси Майлуу-Суу шаарына иштеп барышкан
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айсулуу Тыныбекованын ата-энеси Майлуу-Суу шаарына иштеп барышкан

Чоң апасынын Акыл Карачачы...

Айсулуу дагы башка бир туугандарындай эле чоң энесинин тарбиясын алып, ал кишинин ынагы болуптур. Кенедейинен тири карак, тың, сөздү таап сүйлөгөнүнө ыраазы болгон чоң энеси Акыл Карачач деп эркелетип, атынан чакырчу эмес экен. Гүлпар апа сөз кылгандай, бир ирет соодагер Айсулуунун эжесине акчасын кем санап берип койсо, дароо байкап калган экен. Бул сыяктуу учурлар көп болгонун сөз арасында угуп олтурдум. Айсулуу адегенде спорттук чыйырын каратэден баштап, кийин агасынын таасири менен күрөшкө оогон.

Окуучулук кезинде ар кандай кароо сынактарга барган. Картөшкө эгип, багып, андан түшкөн кирешени мелдештеги керек-жарагына жумшаган учурлары да болгон экен. Бир жолу инисине болушуп эркек баланы уруп койгонун тиги баланын ата-энеси билбей болушуп келген экен. Бирок, кыз баладан тепки жеп калган турбайбы деп болушканы келген ата-эне жылмайып кайра кеткен окуяны да эшиттим. Менимче мындай окуя бир эле жолу болбосо керек...

"Алтын жүк"

Эми темадан көп алыстабай Айсулунун беттештерине келсек. Айсулуу соңку жылдары далысы жерге тие элек, жыгылуу эмне биле элек, барган жеринен баш байгесиз кайтпаган күрөш чебери болуп чыга келди. Эл дагы Айсулуу десе эле алтынды ойлоп калыптыр. Олимпиадада дагы дал ошондой болду. Көпчүлүк "Айсулуунун ала турганы бир гана алтын" - деп туруп алды. Ал тургай кээ бир кесиптештер дагы: "Айсулуудан алтын гана күтөбүз да", - деп байма-бай жарыялай берди. Жакшы тилекке эмне жетсин деңизчи, бирок, ошол эле учурда, боло элек күрөшкө тон бычып, балбан кызга ого бетер жүк үйүп койгон жокпузбу?

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Муну Олимпиада беттештерин дүйнө чемпионунун үйүндө, ата-энесинин кашында олтуруп көрбөсөм мен да түшүнбөй калмактырмын. Көрсө, биз алтын эле алтын деген сайын Айсулууну эле эмес, анын жакындарын кошо санаага салып, ошончо жүк илип салат турбайбызбы. Биз антип ураалап жатканда Айсулуунун жакындары аны көздүн карегиндей сактап, ашыкча сөз менен маанайын бузуп койбойлу, тынчы кетпесин деп түйшөлүп, керек болсо телефон чалгандан дагы этияттап тураарын кайдан билдик? Андыктан ийгиликти аянбай каалап, бирок, аша чаппай турганыбыз оң экен.

Ошентип олимпиаданын күмүшүн тагынып, Токиодон тоолуу Кыргызстанды көздөй келе жаткан Айсулууну, спортчуларыбызды татыктуу тосуп алалы. Айсулуу кыргыз спортунун тарыхында жаңы бийиктикти, жаңы баракты ачты. Бул кубанычтын эпкини миңдеген тестиерлерге намыстын, бийик максаттын, аруу тилектин, жакшы үлгүнүн үрөнү болуп себилгенин унутпайлы. Ак жол сага Айсулуу!