Кытайда жаш балдардын онлайн оюндарына бир саат чектөө коюлду
Кытайдын видео оюндарды көзөмөлдөө уюмунан айтышкандай, 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө жума, дем алыш жана майрам күндөрү онлайн оюндарды бир саатка чейин ойноого уруксат берилет.
Басма сөз жана басып чыгаруу боюнча улуттук башкармалыктан мамлекеттик Синхуа маалыматтык агенттигине билдиришкендей, оюн ойноого кечки 8ден кечки 9га чейин гана уруксат берилмекчи.
Ошондой эле, мекеме оюн компанияларын дагы белгиленген мөөнөттөн башка убактарда балдардын оюн ойнобоосун көзөмөлдөө боюнча көрсөтмө берген.
Ушул айдын башында мамлекеттик медиа компания онлайн оюндарды “рухий апийим” деп атаган болчу.
Көзөмөлдөө уюмунан билдиришкендей, белгиленген убакыттардын сакталышын текшерүү үчүн онлайн оюн компанияларын тескөө дагы көбөйөт. (EA)

Сүрөттүн булагы, Getty Images








