Ташкентте "Камбар-Ата-1" ГЭСи боюнча сүйлөшүүлөр өттү

Сүрөттүн булагы, official
Ташкент шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын энергетика тармагынын өкүлдөрү "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоорун талкуулашты. Жолугушуу 28-30-апрель аралыгында өттү.
Ага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана уюмдарынын делегациялары катышты.
"Катышуучулар бул долбоор бардык тараптар үчүн маанилүү жана экономикалык жактан пайдалуу экенин белгилешти. Ошондой эле өлкөлөрдүн экономикаларынын өнүгүшүнө мультипликативдик таасир тийгизүү менен катар, калк ортосундагы бекем достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөөрү айтылды. Кубаттуулугу 1880 МВт болгон гидроэлектр станциясы өлкөнүн энергетикалык потенциалын жогорулатууда жана аймактагы энергетикалык системалардын туруктуулугун камсыздоодо маанилүү роль ойнойт", - деп айтылат Кыргызстандын Энергетика министрлиги тараткан маалыматта.
Пикир алмашуу учурунда долбоордун макулдашылбаган жоболору конструктивдүү түрдө иштелип чыкканы айтылат. Бирок ал кайсы жоболор экени белгиленген эмес.
Жолугушууда долбоор экономикалык кызматташтыкты күчөтүп, өлкөлөр ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө да өбөлгө болору белгиленген. Энергетика министрлиги "Камбар-Ата-1" ГЭСи Кыргызстан үчүн энергетикалык көз карандысыздыкты чыңдоо жана "жашыл" энергетиканы өнүктүрүү багытында стратегиялык мааниге ээ деп эсептейт.
Жолугушууга Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү байкоочу катары катышкан.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоорун макулдашуу боюнча ишти улантууга жана конструктивдүү диалогду сактоого макул болушту.

Ушундай эле мүнөздөгү сүйлөшүүлөр мындан бир ай мурун, 31-марттан 2-апрелге чейин Бишкекте өткөн. "Камбар-Ата-1" гидроэлектр станциясы (ГЭС) долбоору боюнча иш-чарага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышкан.
Энергетика министрлиги буга чейин"Камбар-Ата-1" ГЭС долбооруна 9 донор 2,5 млрд доллар салууга кызыкдар экенин билдирген.
"Камбар-Ата-1" ГЭСин чөлкөмдөгү үч өлкө – Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан чогуу куруу чечимин кабыл алган. Үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт.
Бул ишкана "Камбар-Ата-1" ГЭСин башкарат жана анын 34% үлүшү Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% үлүш тиет.
"Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган.
ГЭС курулуп бүтсө, 1880 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт.































