Кытай өзгөрүүдө: Си Цзинпиндин “жалпы өнүгүү” саясаты дүйнөгө кандай таасир этет?

Кытай

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кытай өз саясаты кеңейип жаткан бай-кедей ажырымын азайтууга багытталганын жана дал ушул нерсе өз экономикасына азыр керек болуп жатканын айтууда. Сынчылар болсо мындай аракет бизнес менен коомду катуураак көзөмөлдөөгө алып барат деп жатышат.

“Жалпы өнүгүүнү” көздөй аракет өлкө ичиндеги адамдарга багытталганы менен ал дүйнө жүзүнө тийгизе ала турганчалык эбегейсиз чоң таасирге ээ.

Жалпы өнүгүүнүн көрүнүктүү таасирлеринин бири Кытайдын корпоративдик артыкчылыктарын жергиликтүү базарга багыттоодо байкалды.

Ири технологиялык “Алибаба” (Alibaba) компаниясы өткөнкү жылдарда глобалдык профили өсүп, азыр эми Кытайдын жалпы өнүгүү демилгесин жайылтуу үчүн $15,5 млрд көмөк көрсөтүүгө даяр. Компаниянын башчысы Дениел Чжандын жетекчилиги менен максаттуу топ да түзүлгөн.

Фирма өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнөн пайда аларын айтат. “Эгерде коом жакшы болсо жана экономика жакшы болсо, анда Алибаба да жакшы болот”, - дейт компаниядагылар.

Атаандаш технологиялык алп Tencent дагы карап турган жок. Жалпы өнүгүүгө ал $7,75 млрд бөлүп берерин убадалады.

“Бул байларды тоноо дегендик эмес. Бул коомдук түзүлүштү кайра карап, орто классты куруу. Биз акыры керектөөчү бизнес чөйрөсү болгон соң бул бизге да жакшы”, - деди Кытайдын ири компаниясынын өкүлү жекече сүйлөшүүдө.

Алибабанын жетекчиси Дениел Чжан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Алибабанын” жетекчиси Дениел Чжан “Алибаба Элетти жандандыруу фондунун” ачылыш салтанатында сүйлөп жатат

Шаан-шөкөт тармагы жоготууга учурайт

Эгерде жалпы өнүгүү Кытайдын пайда болуп жаткан орто классына көбүрөөк көңүл бурууну туюнтса, анда аталган керектөөчүлөрдү тейлеген дүйнөлүк бизнес үчүн бул жыргалчылык дегенди билдирет.

“Жаштардын жумуш табуусуна көңүл бурулуп жатканын көрүп жатабыз, бул жакшы”, - деди Евробиримдиктин Кытайдагы Соода палатасынын директору Йорг Вуттке.

“Эгерде алар өздөрүн бул өлкөдөгү социалдык мобилдүүлүктүн бир бөлүгү катары сезип жатышса, бул биз үчүн жакшы. Себеби, качан орто класс көбөйгөндө, мүмкүнчүлүктөр дагы көбөйөт”.

Кытайдын орто классы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдын орто классы өсүп, шаан-шөкөт буюмдарын көбүрөөк сатып ала баштады

Бирок, шаан-шөкөт тармагына тийиштүү болгон бизнеске көп деле жакшы болбошун эскертет Йорг Вуттке.

“Дүйнө жүзү боюнча шаан-шөкөт тармагындагы Кытайдын керектөөсү болжолдуу 50% түзөт. Эгерде Кытайдын байлары Швейцариянын сааттарын, Италиянын галстуктарын жана Европанын акыркы үлгүдөгү машиналарын азыраак сатып алып калса, анда бул өнөр жай тармагын соккуга учуратат”.

Бирок Йорг Вуттке Кытайдын экономикасы жарандарынын орточо тапкан кирешесин көбөйтүү үчүн өтө деле ашыкча реформалоого муктаж эмес экенин моюндайт. Деген менен жалпы өнүгүү максатка жетүүнүн эң натыйжалуу жолу болбой калышы мүмкүн экенин айтат ал.

Кытайдагы Британиянын Соода палатасынын өкүлү Стивен Линч дагы жалпы өнүгүү саясаты соңку 40 жылда болгондой орто классты жаратууга кепилдик бербесин айтат.

Соңку ондогон жылдарда Кытайдын экономикасы кантип тез арада өскөнү жөнүндөгү окуяны айтып берүү ага жагат.

“30 жыл мурда Кытайдагы бир үй-бүлө айына бир жолу бир чыны чүчбара жей алчу. 20 жыл мурда, алар балким бир чыныны аптасына бир жолу жеп калышты. Он жыл мурда болсо, ал күн сайын болуп калды. Азыр: алар машина сатып ала алышат”.

Бирок, Стивен Линчтин айтымында, жалпы өнүгүү конкреттүү бир нерсеге айлана элек. Болгону азырынча Alibaba менен Tencent компаниялары социалдык жоопкерчилик алуу аракеттерин көрсөтүштү.

“Жаңы социализм”

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жалпы өнүгүүнүн өзөгү Кытай коомун бирдей кылуу менен байланыштуу, жок эле дегенде Коммунисттик партиянын оюнча ошондой. Бул болсо дүйнөлүк контекстте социализм түшүнүгүнүн маанисин өзгөртө турган күчкө ээ.

“Партия азыр орто катмардагы жумушчуларга көңүл бурууда. Мисалы, айдоочуларга, мигранттарга жана жеткирүүчү болуп иштеген жигиттерге”, - дейт Бээжиндеги Кытай жана глобализация борборунун өкүлү Ван Хуэйяо.

“Кытай Батыштагы айрым өлкөлөрдөгүдөй бөлүнгөн коомдон оолак болгусу келет. Ал глобалдашуудан артка тартып, улутташууга алып келгенин көрдүк”, - дейт ал.

Бирок Кытайга көп убакыттан бери көз салып келаткан байкоочулардын айтымында, эгерде социализмди Кытай өзгөчөлүктөрү менен баарыбыз үчүн альтернативдик моделге айланта турган болсок (Партиянын каалаганы да ушул), анда жалпы өнүгүү абалдан чыгуунун жолу эмес.

Оксфорд университетиндеги Кытай борборунун профессору Жорж Магнус жалпы өнүгүү Европадагыдай социалдык жыргалчылык моделин билдирбесин айтат.

“Партиянын максаттарына моюн сундурган кыйыр кысым бар. Көп жана “акылга сыйбаган” кирешелерге салык салынып, жеке менчик фирмаларга Партиянын экономикалык максаттарына акча салуу боюнча басым болот. Бирок прогрессивдүү салыкты көздөй чоң деле кадам ташталбайт”, - дейт Магнус.

Утопиялык Кытай

Жалпы өнүгүү Си Цзинпиндин тушунда Кытай бийлигинин жана коомунун кандайча башкарылышынын негизги бөлүгү экени түшүнүктүү.

Анын аркасы менен бирдейирээк коом куруу убадаланып жатат. Бул чоңураак, байыраак орто класстагы адамдар жана алып эле тим болбой берген дагы компанияларды туюнтат.

Партиянын оюндагы жогорудан төмөн көздөгөн кандайдыр бир утопиялык Кытай Батыш сунуштаган моделге туруштук бере алган дүйнөдөгү альтернатива болуп бермекчи.

Бирок артында жаман ой да болуп калышы ыктымал: Партиянын колуна көбүрөөк бийлик жана көзөмөл өтүп кетиши мүмкүн.

Чет элдик бизнестердин иши үчүн Кытай ар дайым оор чөйрө болуп келген. Ал эми жалпы өнүгүү саясаты менен дүйнөнүн экинчи ири экономикасын аралап жүрүү ого бетер кыйындашып кетти. (EA)

Бул Кытайдын дүйнөдөгү өзгөрүп жаткан ролуна көз чаптырган үч бөлүк материалдын акыркысы.