"Саясий исламга орун жок": Макрондун Франциядагы мусулман лидерлерине талабы

Пакистандагы демонстрация

Сүрөттүн булагы, MONIRUL ALAM?/EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көптөгөн мусулман өлкөлөрүндө Франция президентине каршы демонстрациялар өткөн

Президент Эммануэль Макрон Франциянын Мусулмандар кеңешине (CFCM) республикалык баалуулуктар хартиясын кабыл алууну сунуштап, 15 күн убакыт берди.

Хартияда ислам саясий кыймыл эмес, дин экени белгиленип, мусулман коомчулугунун ишмердүүлүгүнө чет элдик кийлигишүү болбошу керектиги айтылат. Дин мектептен, мамлекеттен сырткары деп белгиленген.

Шаршембиде кечинде Елисей аксарайында президент Макрон менен ички иштер министри Жеральд Дарманен Франциянын Мусулмандар кеңешинин сегиз лидери менен жолукту.

Эки принципти катуу кармануу тууралуу сөз болгон: саясатташкан исламдан баш тартуу жана сырткы өлкөлөрдүн кийлигишүүсүнө жол бербөө. Бул тууралуу Le Parisien басылмасына өкмөттүк булактары кабарлаган. Жолугушууда имамдардын Улуттук кеңешин түзүү тууралуу маселе көтөрүлдү.

Франция мусулмандарынын лидерлери имамдардын Улуттук кеңешин түзүүгө макул болду. Кеңештин мүчөлөрү гана динаятчы катары ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө расмий уруксат алат. Эгерде шарттарды бузса, анда аккредитациясы кайра артка чакыртылат.

Францияда 5,7 миллион чамалуу мусулмандар жашайт. Бул өлкө калкынын 8,8 пайызга чамалуусун түзүп, Европа өлкөлөрүндөгү эң жогорку көрсөткүч.

Президент Макрон Франциядагы "ислам жикчилдерине" каршы күрөшүүнүн жаңы чараларын жарыялады. Ага ылайык, диний түшүнүктө менен мамлекеттик кызматкерди коркутуп-үркүткөндөр катаал жазага тартылат. Баланы үй шартында окутуу менен чектөөгө жол берилбейт. Ар бир балага мектепке барып жатканын тастыктаган идентификациялык номер берилет. Азыркы маалда Францияда үйдө окутууга уруксат берилген. Бирок кийинки окуу жылынан буга тыюу салына турган болду. Муну аткарбаган же бузган ата-энелер алты айга чейин абак жазасына тартылат. Жаңы мыйзам долбоору 9-декабарда талкууга чыкмакчы.

XIX кылымдын соңунан бери француз коомундагы светтик мүнөз конституциялык түзүмдүн жана улуттук иденттүүлүктүн негизги принцибине айланган. Франция светтик мамлекеттин жана сөз эркиндигинин принциптеринен эч качан баш тартпай турганын айтып келүүдө.

Сентябрдын башында Франциядагы Charlie Hebdo журналы Мухаммед пайгамбардын карикатурасын кайра басууну чечкен. Муну менен басылма 2015-жылы журналга теракт уюштургандардын үстүнөн сот иши башталганын белгилеген.

Мусулмандар арасында кескин нааразылыкты пайда кылган мындай карикатура биринчи жолу 2005-жылы Данияда басылган. Кийин аны 2006-жылы Charlie Hebdo кайра баскан.

2015-жылдын 7-январында сатиралык журналдын Париждеги кеңсесине кол салуу болуп, 12 киши өлтүрүлгөн. Басылманын алдыңкы сүрөтчүлөрү жана журналисттери каза тапты. Андан кийин дүкөндөн дагы беш киши ушул топтун колунан ажал табат. Кол салууга катыштыгы болгон делген 15 айыпталуучунун үстүнөн сот ушул жылдын сентябрында башталды. Мына ушуга байланыштуу журнал пайгамбардын карикатурасын кайра баскан.

Image shows Emmanuel Macron

Сүрөттүн булагы, Reuters

2-октябрда президент Макрон Францияда жашап жүргөн мусулмандардын кайсыл бир бөлүгү "өзүнчө коомго" айлангысы келгенин сынга алып, декабрда парламентке "ислам жикчилдерине" каршы мыйзам сунуштай турганын билдирген эле.

16-октябрда Париждин жака-белиндеги Конфлан-сен-Онорин аймагында тарых мугалими Сэмюэль Патинин киши колдуу каза тапкан окуясы катталды. Анын жашаган үйүнөн башын кыйып өлтүрүп кетишти. Кол салган 18 жаштагы Абдулак аттуу адам болуп чыкты, ал Москвада төрөлүп, кийин Франциядан качкын макамын алып жашап жаткан экен.

Патини өлтүрүп кетердин алдында аны сабакта Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөтүп жаткан үчүн сынга алган видео мечиттин "Фейсбуктагы" баракчасында жарыяланган болчу.

Президент Макрон тарых мугалими Самюэль Пати көзү өткөндөн кийин Ардактуу легион ордени менен сыйлоо тууралуу жарлык чыгарды. Ардактуу легион ордени Франциядагы эң жогорку мамлекеттик сыйлыктардын бири, 1802-жылы Наполеон Бонапарт тарабынан негизделген.

Буга жооп кылып Түркиянын президенти Эрдоган француз лидеринин дарегине катуу сөздөрдү айтып чыккан. Француз мусулмандарынын абалын нацисттердин тушундагы жөөттөрдүн абалына салыштырган. Ал түрк коомчулугуна кайрылып, француз өндүрүшүндөгү товарларга бойкот жарыялоого чакырык салган эле.