Чиркөөдөгү кол салуу: Франция армияны мобилизациялайт

Эммануэль Макрон диний экстремизмге өтө катаал чара көрүлөрүн убада кылды

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эммануэль Макрон диний экстремизмге өтө катаал чара көрүлөрүн убада кылды

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Ниццага келди. Ал өлкө кайрадан террордук чабуулдун коркунучуна кабылды деп билдирүү жасады. Ниццадагы чиркөөдө сыйынуу жүрүп жаткан маалда кол салуу болуп, бир нече киши бычакталып, үчөө каза тапты.

"Франция өзүнүн баалуулуктары үчүн күрөштө артка тартпайт жана террордун алдында руху майтарылбайт. Сөз эркиндиги жана пикирин эркин билдирүү - республиканын негизин түзгөн принциптерден",-деди Макрон.

Өлкө президенти аскердик мобилизация жарыялоону жана чиркөөлөрдү күчөтүлгөн кайтарууга алууну буйруду.

Ниццадагы католиктердин чиркөөсүндө үч кишини бычакталып өлтүрүлдү. Кол салууга шектүүлөрдүн биринин өздүгү аныкталганы белгилүү болду. Жергиликтүү басылмалар шектүү бир ай мурун Европага Тунистен келгенин жазууда.

полиция

Сүрөттүн булагы, Christian Estrosi

20-сентябрда ал Италиядагы качкындарды кабыл алуучу башкы борборлордун бири жайгашкан Лампедуза аралына келип, 9-октябрда Италиянын Бари шаарындагы мигранттар убактылуу кармалган борборго түшкөн. Кол салуу болгон күнү Италиядан поезд менен Францияга келген экен. Жанында Кызыл чырым уюмунун италиялык бөлүмүнө таандык документи болгон.

Франциянын террорго каршы күрөшүү боюнча прокуратурасы Ниццадагы темир жол бекетинде шектүү кийимин алмаштырганы видео байкоого түшүп калганын ырастады. Ал бекеттен ары чиркөөгө жөө басып барган.

Кармоо учурунда ага ок тийип, ооруканага түштү. Жанынан бычак жана эки телефон, Куран китеби чыкты.