Франция: башы алынган мугалим, радикалдарды кармап-камоолор

Сүрөттүн булагы, EPA
Францияда түбү чеченстандык өспүрүм кол салып, башын кыйып өлтүргөн мектеп мугалими Самюэль Пати көзү өткөндөн кийин Ардактуу легион ордени менен сыйлана турган болду. Киши өлтүрүү кылмышы боюнча кармоолор, иликтөө иштери уланууда.
Ардактуу легион ордени Франциядагы эң жогорку мамлекеттик сыйлыктардын бири, 1802-жылы Наполеон Бонапарт тарабынан негизделген.
Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн тарых жана география мугалими Самюэль Патиге ошондой эле илим жана маданияттагы жетишкендиктери үчүн Академиялык пальма ордени дагы ыйгарылмакчы.
Сыйлыкты тапшыруу шаршембиде Сорбонна университетинде өтөт.
Самюэль Патини 16-октябрда Париждин чет жакасындагы жашаган үйүнөн башын кыйып өлтүрүп кетишти. Кол салган 18 жаштагы Абдулак аттуу адам болуп чыкты, ал Москвада төрөлүп, кийин Франциядан качкын макамын алып жашап жаткан экен.
Патини өлтүрүү кылмышы боюнча кармап-камоолор уланууда. Дүйшөмбүдө Пати иштеген мектептен төрт окуучу кармалды.
Кармалгандардын жалпы саны он бешке чыкты. Алардын арасында Патиге кол салган адамдын туугандары жана мечиттин бир динаятчысы бар.
Дүйшөмбүдө полиция радикализмге шектүүлөр жашаган жерлерде кырктай рейд өткөрдү.
Ошол эле учурда шейшембиде бийликтер Пантен районундагы алты мечит жабыла турганын билдирди, бул мечиттерге бир жарым миңдей мусулман дайыма келип жаткан эле.
Патини өлтүрүп кетердин алдында аны сабакта Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөтүп жаткан үчүн сынга алган видео мечиттин "Фейсбуктагы" баракчасында жарыяланган болчу.
Эми ал мечитти жабууга соттун чечими чыгууга тийиш.
Ички иштер министри Жерар Дарманен жергиликтүү бийликтен мечитти жабууну өтүндү.
Андан сырткары министр расмий статус ала элек 231 мигрантты үйүнө кайтарып жибере турганын билдирди. Алардын 180 азыркы учурда абакта.
Өлүмгө өкүм кылган фетвабы?
Көрсө, Пати иштеген мектептеги окуучулар кылмышкерге мугалимди көрсөтүп жардам беришкен экен, ал үчүн алар акча алган болушу да мүмкүн деп билдирди Франс-пресске соттогу булак.
Кармалгандардын арасында Абдулактын ата-энеси, чоң атасы жана 17 жаштагы бир тууганы бар. Ошондой эле мектептеги бир окуучунун атасы жана мечиттин бир кызматкери кармалды.
Ички иштер министри бул эки адамды Патиге "фетва чыгарышкан" деп күнөөлөп жатат. Исламда фетва - диний ишмер тарабынан кайсы бир маселе боюнча чыгарылган чечим.

Сүрөттүн булагы, AFP
"Мен - мугалим"
Патинин өлүмү коомдо абдан курч реакцияны туудурду. Жекшембиде бүтүндөй Франция боюнча маркумду эскерүү жыйындары өттү. Нааразылык билдирип чогулгандардын арасында мусулмандар да болду.
Парижде Плас-де-ла-Републик аянтында "Je suis enseignant" ("Мен - мугалим"), "Мен профессор, сиз жөнүндө ойлоп жатам, Самюэль" жана "Республиканын душмандарына таптакыр аео жок" деген ураандар менен чыгышты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Самюэль Патини Charlie Hebdo журналына болгон террордук кол салуу жөнүндө окуучуларга айтып берип, Мухаммед пайгамбардын сүрөтүн көрсөтүп койгону үчүн гана өлтүрүп коюшканын ислам коомчулугу айыптап жатат.
Пати адатта карикатура диний сезимине катуу тие турган болсо, мусулман окуучуларды аны карабагыла же класстан чыгып тургула деп айтчу экен.
Буга окуучулардын бирөөсүнүн атасы нааразы болуп, Патиге каршы арыз жазган. Активист жана динаятчы Абделхаким Сейриуи менен бирге мугалимди сындаган бир нече ролик тартып чыгарышкан. Ал экөө тең азыр кармалды.
Антитеррордук прокуратуранын башчысы Жана-Франсуа Рикардын сөзүнө караганда, Абдулакокуя болор күнү Пати иштеген мектепке келип, окуучулардан карикатураны сабакта колдонуп жаткан мугалимди көрсөтүп берүүнү өтүнгөн экен. Ал ошондон кийин мугалимдин артынан түшкөн.
Бул Charlie Hebdo журналы басып чыгарган Мухаммед пайгамбардын карикатурасы менен байланышкан соңку айдагы экинчи кол салуу. Сентябрдын аягында Париждин полициясы журналдын кеңсесинин жанында эки адамга бычак менен кол салган, түбү пакистандык бир адамды кармаган. (КС)












