Франция президентине каршы жүрүштөр: мусулмандарды нааразы кылган эмне?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Франциянын президенти Эммануэл Макронго каршы акциялар бир катар өлкөлөрдөгү мусулман коомчулугу тарабынан өткөрүлдү. Пайгамбарды шакаба сүрөткө тартууга жол бербөө, исламга каршы чакырыктарды токтотуу талаптары Кыргызстанда дагы көтөрүлдү.
Дем алыш күнү баш калаа Бишкекте без жүздөй киши акцияга чогулган. Анын алдында Ошто жана Жалал-Абадда ушундай жыйындар өткөн эле. Кара-Суу шаарындагы аялдардын жүрүшү милиция тарабынан токтотулду. Ош облустук ички иштер башкармалыгы түшүндүрүү иштеринен кийин акцияга чогулгандар тарап кеткенин билдирди. Алар жөө жүрүш тууралуу алдын ала билдирме берген эмес деди милиция.
Франциянын президенти Макрон, өз кезегинде дүйнө жүзүндөгү мусулмандар эмнеге нааразы болгонун түшүнүп турганын, бирок аны зомбулукка барууга жүйөө катары колдонуу катачылык экенин белгиледи.
"Мен ачууланып жаткандардын сезимдерин түшүнөм жана аны урматтайм. Бирок менин алдында эки чоң көйгөй турат: тынчтыкты даңазалоо жана укукту коргоо. Бүгүнкү күнү Исламды бурмалап, динди коргоп жатам деген жүйөөгө жамынып зомбулукка барып жатышат",-деди Макрон.
Нааразылыкка эмне себеп?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сентябрдын башында Франциядагы Charlie Hebdo журналы Мухаммед пайгамбардын карикатурасын кайра басууну чечкен. Муну менен басылма 2015-жылы журналга теракт уюштургандардын үстүнөн сот иши башталганын белгилеген.
Мусулмандар арасында кескин нааразылыкты пайда кылган мындай карикатура биринчи жолу 2005-жылы Данияда басылган. Кийин аны 2006-жылы Charlie Hebdo кайра баскан.
2015-жылдын 7-январында бир туугандар 34 жаштагы Саид менен 32 жаштагы Шериф (Ирактагы көтөрүлүшчүлөргө көмөк көрсөткөн деп соттолгон) сатиралык журналдын Париждеги кеңсесине кол салып, 12 кишини өлтүрүлгөн. Басылманын алдыңкы сүрөтчүлөрү жана журналисттери каза тапты. Андан кийин дүкөндөн дагы беш киши ушул топтун колунан ажал табат.
Кол салган бир туугандар полиция тарабынан атып өлтүрүлөт. Бирок кол салууга катыштыгы болгон делген 15 айыпталуучунун үстүнөн сот ушул жылдын сентябрында башталды. Мына ушуга байланыштуу журнал пайгамбардын карикатурасын кайра басылган эле. Сот иши март айында эле башталышы керек эле. Коронавирус пандемиясынан улам артка жылып келди. Соттук угуу 10-ноябрга чейин уланат.
Бул соңку үч жылдан бери Франция аймагындагы теракт боюнча өтүп жаткан биринчи сот иши. Сатиралык журналга өч алуу максатында болгон кол салуу француз коомчулугунун үрөйүн учурган. Ушундан кийин сөз эркиндиги боюнча кыймылдар түзүлүп, чоң жүрүштөр болгон.
2-октябрда президент Макрон Францияда жашап жүргөн мусулмандардын кайсыл бир бөлүгү "өзүнчө коомго" айлангысы келгенин сынга алып, декабрда парламентке "исламдык сепаратизмге" каршы мыйзам сунуштай турганын билдирген эле.
16-октябрда Париждин жака-белиндеги Конфлан-сен-Онорин аймагында тарых мугалими Сэмюэль Патинин киши колдуу каза тапкан окуясы катталды. Анын жашаган үйүнөн башын кыйып өлтүрүп кетишти. Кол салган 18 жаштагы Абдулак аттуу адам болуп чыкты, ал Москвада төрөлүп, кийин Франциядан качкын макамын алып жашап жаткан экен.
Патини өлтүрүп кетердин алдында аны сабакта Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөтүп жаткан үчүн сынга алган видео мечиттин "Фейсбуктагы" баракчасында жарыяланган болчу.
Президент Макрон тарых мугалими Самюэль Пати көзү өткөндөн кийин Ардактуу легион ордени менен сыйлоо тууралуу жарлык чыгарды. Ардактуу легион ордени Франциядагы эң жогорку мамлекеттик сыйлыктардын бири, 1802-жылы Наполеон Бонапарт тарабынан негизделген.
Буга жооп кылып Түркиянын президенти Эрдоган француз лидеринин дарегине катуу сөздөрдү айтты. Француз мусулмандарынын абалын нацисттердин тушундагы жөөттөрдүн абалына салыштырган. Ал түрк коомчулугуна кайрылып, француз өндүрүшүндөгү товарларга бойкот жарыялоого чакырык салды.
Бул чакырыктын башка өлкөлөргө да тараганы дароо байкалды. Француз товарлары Иордания, Катар жана Кувейттеги дүкөндөрдүн текчесинен алынган.
Каршы билдирүүлөр Мысырда да жасалууда, "Аль-Азхар" университетинин имамы "исламга каршы багытталган аракеттерди" жазалоону талап кылды. Мысырдын президенти Абдел Фаттах ас-Сиси "өз пикирин эркин билдирүү деген миллиарддаган кишинин ишеним тууралу сөз болуп жаткан жерде токтошу керек эле" деп айтты.
XIX кылымдын соңуна бери француз коомундагы светтик мүнөз конституциялык түзүмдүн жана улуттук иденттүүлүктүн негизги принцибине айланган. Франция светтик мамлекеттин жана сөз эркиндигинин принциптеринен эч качан баш тартпай турганын айтып келүүдө.









