Charlie Hebdo: пайгамбардын карикатурасын кайра басты

Журналга кол салуунун бир жылдыгында, 2016-жылы дагы башкы бетине пайгамбардын карикатурасы кайра басылган эле

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Журналга кол салуунун бир жылдыгында, 2016-жылы дагы башкы бетине пайгамбардын карикатурасы кайра басылган эле

Франциядагы Charlie Hebdo журналы Мухаммед пайгамбардын карикатурасын кайра басууну чечти. Муну менен 2015-жылы журналга теракт уюштургандардын үстүнөн сот иши башталганын белгиледи.

Мусулмандар арасында кескин нааразылыкты пайда кылган мындай карикатура биринчи жолу 2005-жылы Данияда басылган. Кийин аны 2006-жылы Charlie Hebdo кайра баскан.

2015-жылдын 7-январында бир туугандар 34 жаштагы Саид менен 32 жаштагы Шериф (Ирактагы көтөрүлүшчүлөргө көмөк көрсөткөн деп соттолгон) сатиралык журналдын Париждеги кеңсесине кол салып, 12 кишини өлтүрүлгөн. Басылманын алдыңкы сүрөтчүлөрү жана журналисттери каза тапты. Андан кийин дүкөндөн дагы беш киши ушул топтун колунан ажал табат.

Париждеги Республика аянты, 2015-жыл
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Париждеги Республика аянты, 2015-жыл

Кол салган бир туугандар полиция тарабынан атып өлтүрүлөт. Бирок кол салууга катыштыгы болгон делген 15 айыпталуучунун үстүнөн сот башталды. Мына ушуга байланыштуу журнал пайгамбардын карикатурасын кайра басты. Ал башкы бетке "Мунун баары ушул үчүн" деген аталыш менен жарыяланат.

Сот иши март айында эле башталышы керек эле. Коронавирус пандемиясынан улам артка жылды. Соттук угуу 10-ноябрга чейин уланат.

Бул соңку үч жылдан бери Франция аймагындагы теракт боюнча өтүп жаткан биринчи сот иши. Сатиралык журналга өч алуу максатында болгон кол салуу француз коомчулугунун үрөйүн учурган. Ушундан кийин сөз эркиндиги боюнча кыймылдар түзүлүп, чоң жүрүштөр болгон эле.

сот залы

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соттук угуу 10-ноябрга чейин уланат.

Сот 14 шектүүнүн ишин карайт. Алардын үчөө сыртынан соттолууда. Тергөө маалыматына караганда бир туугандар Мохаммед менен Махди Белусин жана Кулибали Хаят Бумеддьен редакцияга кол салуунун алдында Сирияга чыгып кеткен. Алар ошол маалда өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топ көзөмөлдөгөн аймакка чыгып кетишкен. Кийинки тагдырлары белгисиз. Ошондуктан аларды сыртынан соттоп жатышат.

Редакцияга кол салган үч радикалга курал жана ок-дары алышына жардам берген деп, Али Риза Польда ысымдуу киши дагы сот жообуна тартылып жатат. Эгер аны сот күнөлүү деп тапса, өмүр боюу эркинен ажыратылат.

Соттолуучуларга мыйзамсыз курал сактоо, террордук уюмга мүчө болуу жана терроризмди каржылоо сыяктуу айыптар тагылды. (AbA)