Эрдогандын шакаба сүрөтү Түркияны ардантты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Франциялык Charlie Hebdo журналынын Режеп Тайип Эрдогандын шакаба сүрөтүн жарыялаганы Түркияда кескин нааразылыктарды жаратты. Франция болсо светтик мамлекеттин жана сөз эркиндигинин принциптеринен эч качан баш тартпай турганын айтууда.
"Биз бул шакаба сүрөт аркылуу маданий расизм жана жек көрүүчүлүк үрөөнүн себүүгө болгон жийиркеничтүү аракетти айыптап жатабыз",-деди түрк президентинин расмий өкүлү Фахреддин Алтун. Вице-президент Фуат Октай эл аралык коомчулукту "бул маскаралыкты" айыптоого чакырды.
"Сөз эркиндигине жашырынып алып, силер эч кимди алдай албайсыңар",-деп жазды ал "Твиттер" баракчасына.
Түрк өкмөтүнө таандык "Мишвак" сатиралык басылмасы "Твиттер" баракчасына Charlie Hebdo жана француз президенти Эммануэль Макронго багытталган бир нече сүрөтүн жарыялады.
Charlie Hebdo сатиралык журналы 2015-жылы Мухаммед пайгамбардын карикатурасын чыгарып, кийин журналга кол салуу болгон. Андан12 киши набыт болгон эле. Көптөр аны кээде чектен чыгып кетет деп сынга алып жүрүшөт. Маселен, 2014-жылы Синайдагы авиакырсык, 2016-жылы Апеннин жарым аралындагы зилзала боюнча сүрөттөр нааразылыктарды жаратканы бар.
Түркиянын прокуратурасы Эрдогандын "террорчу" деп жазылган шакаба сүрөтүн "Твиттерге" жарыялап жиберген голландиялык парламент депутаты Герт Вилдерске кылмыш ишин козгоду.
"Мен президент Эрдоганга жөн гана жөнөкөй чындыкты жеткирүүнү каалайм: Нидерланддарда пикирди эркин билдирүү эң жогорку баалуулуктардын бири",-деп жооп кылды премьер-министр Марк Рютте.
Француз-түрк мамилесинин курчушуна Эммануэль Макрондун өз өлкөсүндөгү радикалдуу исламга каршы күрөштү күчөтүү ниетин билдирген чакырыгы себеп болду. Режеп Тайип Эрдоган буга катуу реакция кылды.
XIX кылымдын соңуна бери француз коомундагы светтик мүнөз конституциялык түзүмдүн жана улуттук иденттүүлүктүн негизги принцибине айланган.
Эрдоган болсо исламды Түркиянын мамлекеттик саясатынын бир бөлүгүнө айландырган.
2-октябрда Макрон Францияда жашап жүргөн мусулмандардын кайсыл бир бөлүгү "өзүнчө коомго" айлангысы келгенин сынга алып, декабрда парламентке "исламдык сепаратизмге" каршы мыйзам сунуштай турганын билдирген эле.

Сүрөттүн булагы, EPA
16-октябрда Париждин жака-белиндеги Конфлан-сен-Онорин аймагында тарых мугалими Сэмюэль Патинин киши колдуу каза тапкан окуясы катталды. Анын жашаган үйүнөн башын кыйып өлтүрүп кетишти. Кол салган 18 жаштагы Абдулак аттуу адам болуп чыкты, ал Москвада төрөлүп, кийин Франциядан качкын макамын алып жашап жаткан экен.
Патини өлтүрүп кетердин алдында аны сабакта Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөтүп жаткан үчүн сынга алган видео мечиттин "Фейсбуктагы" баракчасында жарыяланган болчу.
Президент Макрон тарых мугалими Самюэль Пати көзү өткөндөн кийин Ардактуу легион ордени менен сыйлоо тууралуу жарлык чыгарды. Ардактуу легион ордени Франциядагы эң жогорку мамлекеттик сыйлыктардын бири, 1802-жылы Наполеон Бонапарт тарабынан негизделген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Буга жооп кылып Эрдоган француз лидеринин дарегине катуу сөздөрдү айтты. Француз мусулмандарынын абалын нацисттердин тушундагы жөөттөрдүн абалына салыштырган. Ал түрк коомчулугуна кайрылып, француз өндүрүшүндөгү товарларга бойкот жарыялоого чакырык салды.
Бул чакырыктын башка өлкөлөргө да тараганы дароо байкалды. Француз товарлары Иордания, Катар жана Кувейттеги дүкөндөрдүн текчесинен алынган.
Каршы билдирүүлөр Мысырда да жасалууда, "Аль-Азхар" университетинин имамы "исламга каршы багытталган аракеттерди" жазалоону талап кылды. Мысырдын президенти Абдел Фаттах ас-Сиси "өз пикирин эркин билдирүү деген миллиарддаган кишинин ишеним тууралу сөз болуп жаткан жерде токтошу керек эле" деп айтты.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Франциянын Тышкы иштер министрлиги бир катар өлкөлөрдөгү жарандарын этият болууга чакырды. Француздарга каршы маанай күчөп жаткан Индонезия, Ирак жана Мавританияда жүргөн жарандарынын этият болуусун эскертти. (AbA)













