Коронавирус: күнүнө 42 миң кишиге вирус жуккан Франция, абал курчуп бара жаткан Кыргызстан

медработница берет анализ на ковид у человека за рулем автомобиля

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коронавирустан 31 миллион киши сакайды, 1,1 миллиондон ашуун адам көз жумду

Дүйнөдө Covid-19 вирусуна кабылгандар саны 41,5 миллион кишиден ашты. Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, орточо эсеп менен алганда күнүнө 400 миң киши вирусту жуктурууда.

Коронавирустан 31 миллион киши сакайды, 1,1 миллиондон ашуун адам көз жумду, 75 миң бейтап оор абалда.

Учурда эң көп жабыркаган беш мамлекет АКШ, Индия, Бразилия, Орусия жана Испания бойдон калды. Аргентинада дагы вирусту жуктургандар саны бир миллиондон ашты. Бул чекке Колумбия менен Франция дагы жакындап калды. Бир учурда вирустун очогу саналган Кытай 54-орунга жылды.

Медработники во Франции

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Францияда күнүнө 42 миң кишиге вирус жукту

Франциянын өкмөтү коркунучтан улам 38 аймагына коменданттык саат киргизди. Тургундар кечки саат 21.00дөн тарта 06.00гө чейин көчөгө чыга албайт. Бир гана жумушка бараткан же келе жаткандарга жана медициналык жардамга муктаж болгондорго гана көчөгө чыгууга уруксат берилди. Эрежени сактабагандарга 135 евро айып пул салынат.

"Экинчи толкун келди жана абал абдан оор",-деп айтты Франциянын премьер-министри Жан Кастекс. Францияда коменданттык саат жума күнү күчүнө кирет.

Жазында Европанын көп мамлекеттери вирустун жайылышы менен алпурушуп жатканда Чех Республикасы санитардык эрежелерди сактап, абалды көзөмөлдөп турууга жетишкен. Бирок эми Чехия Европада вирустан улам өлүм-житим эң көп болгон мамлекетке айланды. Жаңы чектөөлөргө ылайык, тургандар ишке жана дүкөнгө баруу үчүн гана көчөгө чыга алат.

Мындай кадамга Ирландия менен Италияда дагы барды. Бирок азырынча айрым гана аймактарга карантин киргизилди. Германияда бир күндүн ичинде 11 287 жаңы учур катталды. Бул коронавирус пандемиясы башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Германиядагы мурдагы антирекорд эки эсе аз эле.

солдаты на площади во Франкфурте

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Германия медициналык кызматкерлерге көмөк көрсөтүү үчүн армияны тартты

Кыргызстан болсо абал курч бойдон, айдын башынан бери вируска кабылгандар саны үч эсеге өстү. 23-октябрга карата 582 жаңы учур катталды, 4 адам каза тапты. Бишкек менен Ош коронавирустун очогу бойдон калууда. Вируска кабылгандардын саны күндөн күнгө өсүп жатат, бирок көчөлөрдө беткап кийип жүрүү, аралыкты сактоо сыяктуу эрежелерге көңүл бургандар аз.

Вирус

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO/AFP via Getty Images

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустун жаңы толкунуна жер-жерлерде стационарлар, дарыгерлер жана дары-дармектер жагынан толук даярдык бар деп Би-Би-Сиге билдирди.

"Азыркы кезде мен ар бир ооруканага барып, канча оорулуу түшөт деп прогноз кылып бүттүм. Стационарлар оорулууларга даяр. Эки айлык, үч айлык жекече коргонуу каражаттары даяр. Дары-дармек даяр. 29621 адис атайын окуудан өтүп, даяр. Азыркы кезде саламаттык сактоо тармагы COVID-19 менен ооругандарды дарылоого толук даярбыз",-деди Алымкадыр Бейшеналиев.