Көмүр ордуна көк суутек: жапон өкмөтүнүн пландары ишке ашабы?
Руперт Уингфилд-Хейз
Би-Би-Си, Токио

2011-жылы болгон Фукусимадагы кырсык жапон коомчулугунда өзөктүк энергияга терс көз карашты калыптандырган. Жаңы энергия булагы көмүрдөн арылууга жардам береби? Жапон активисттери коркуп жатышат.
Күздүн жылуу күнү. Мен дөңсөөдөн Токио булуңун карап турам. Жанымда жетимиштен ашкан Такао Сайки мырза турат. Ал өзүн дайыма токтоо, сылык алып жүрөт. Бирок бүгүн Сайки ачуулуу.
“Бул жөн эле күлкүлүү”- деп Сайки мага англис тилинде кайрылды.
Анын ачууланган себеби булуңдун көрүнүшүн тоскон гигант курулуш. Бул 1,3 миллион киловатт күч бере ала турган, көмүр менен иштеген электр станция.
“Биз эмнеге электр энергиясын алуу үчүн кайра эле көмүрдү колдонуп жатабыз! Бул станция эле жылына жети миллион тонна көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат”,- деди биздин чакан топко кошулган Такао Сайкинин досу Рикуро Сузуки.
Бул эки кишинин айткандары жүйөөлүү. Учурда көмүрдүн климатка тийгизген терс таасири тууралуу бүткүл дүйнөлүк тынчсызданып жаткан маалда, Жапония көмүрдү керектөөнү көбөйтпөй, кыскарта алабы?
Эмне үчүн кайра эле көмүр?
Мунун жообу - 2011-жылдагы Фукусимадагы өзөктүк катастрофа.
2010-жылы өлкөгө энергиянын үчтөн бир бөлүгүн атом станциясы берип турган. Ушундан улам жаңы станциялардын курулушу жөнүндө пландар айтылган. Бирок чоң кырсыктан кийин Жапониянын бардык атомдук электр станциялары токтоп калды.
Арадан он жыл өтсө да, Фукусима окуясы унутула элек. Атомдук электр станцияларын кайрадан иштетүү сунуштары айтыла баштаганда коомдо нааразылык, каршылык жаралды.
Фукусима окуясынан кийин Жапонияда жаратылыш газы менен иштеген электр борборлору чоң кубаттуулукта иштеп жаткан. Бирок газ кымбат.

Өкмөт Австралиядан келген, көмүр менен иштеген 22 жаңы электр борборун куруу чечимине келди. Экономикалык жактан алганда, бул туура кадам. Бирок экологияга олуттуу зыян тийгизет. Эл аралык коомчулук, активисттер климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жапон бийлигине катуу сын айтып, кысымды күчөтүүдө.
“Жапон энергетикалык компанияларынын көмүр менен иштеген электр станцияларына жумшаган инвестициялары акыры жоготууларга алып келиши толук мүмкүн. Бул Жапония үчүн олуттуу көйгөй болот”,- деди Гётеборгдогу Чалмерс технологиялык университетинин профессору Томас Кабергер.
Жапониянын суутек экономикасы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Шамалга жана күндүн энергиясына таянган Европадан айырмаланып, Жапония зыяндуу газ бөлүп чыгарбаган суутек жана аммиакты колдонууну туура көрөт. Жаңы курулуп жаткан станцияларда жаңы отунга өтүүнүн техникалык мүмкүндүгү бар деп айтылууда.
Мисалы, Жапония “суутек экономикасы” боюнча дүйнөдөгү биринчи өлкө болууну кыялданат.
Бул жерде автогигант деп саналган Toyota чыга келет.
Башка бир күнү Токионун борбордук бөлүгүндөгү унаа саткан жайга бардым. Булар суутек менен жүргөн машиналар. Чоңдугу “Лексуска” тең болгон, булгаары отургучтары жарашкан “Тойота Мирай” деген унаага отуруп, “стартты” бастым.
Унаа айдаганга оңой, үнү чыкпайт, болгону асфальтта тамчы сууларды калтырышы мүмкүн.
“Мирай” жапон тилинде “келечек” дегенди билдирет. Бул зыяндуу газ чыгарбаган дүйнөдөгү биринчи Toyota. Анын электр кыймылдаткычы бар, башка электр унааларынан айырмаланып, унаанын алдында оор батареялары жок. Анын ордуна капоттун астында күйүүчү элемент, арткы орундукта алдында суутек жайгашкан.
Күйүүчү элементте суутек кычкылтек менен аралашканда, ал электр энергиясын бөлүп чыгарат. Ушул эле технология “Аполлон” космостук кемесин жүргүзүүдө, учурууда колдонулган.
Азырынча суутек менен жүргөн унааны сатып алгандар аз. Суутек кыймылдаткычы батарея менен жүргөн машинага караганда кымбат жана татаал. Электр унааларын чыгаруу жаатындагы белгилүү ишкер Илон Маск бул идеяны келесоолук деп атады.
Toyota компаниясынын PR бөлүмүнүн башчысы Хисаси Накай андай эмес дейт.
“Түрдүү пикирлер бар экенин билем. Бирок биз суутектин энергия булагы катары натыйжалуулугуна жана келечегине ишенебиз. Биз андан максималдуу пайда алуу үчүн бул технологияны алдыга сүрөйбүз”, - деди ал мага.
Хисаси Накайдын айтымында, Toyota суутек күйүүчү элементтерин унаага гана колдонбостон, үйлөрдө, кеңселерде, фабрикаларда иштей турган кылып түзүүнү пландап жатат.
Бирок Жапония мынчалык көлөмдөгү суутекти кайдан алат?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жашыл суутек
Кайра жаралуучу булактардан алынган энергияны пайдалануу менен суудан суутек алуу бизге “жашыл суутек” деп аталган нерсени берет. Электролиз процесси (Н2Ону суутек менен кычкылтекке бөлүү) көптөн бери белгилүү, бирок азырынча муну өнөр жай масштабында колдонуу өтө кымбат.
Бүгүнкү күндө суутектин басымдуу бөлүгү жаратылыш газынан жана көмүрдөн алынат. Бул арзан, бирок абага зыяндуу көмүр кычкыл газын пайда кылат. Бирок аны “кармап”, “байлап”, “көмүп” койсоң, көксөгөн көк суутекти аласың.
Жапондор мына ушуну каалап жатышат.
Быйыл Жапония менен Австралия Виктория штатында лигнитти (күрөң көмүр) суутекке айландыра ала турган завод кура баштады. Суутек -253 градуска чейин муздатылат, суюк абалда атайын транспорттук кемеге салынып, Японияга жөнөтүлөт.
Ошондо пайда болгон көмүр кычкыл газы эмне болот? Ал атмосферага чыгат, бирок долбоордун катышуучулары келечекте аны кармап, океандын түбүнө көмүүгө убада беришүүдө.
Климаттын өзгөрүшүнө каршы турган активисттер бул долбоорго карышылык көрсөтүүдө. Алардын айтымында, бул технология толук сыноодон өткөн эмес. Ошондуктан Жапония ондогон жыл бою чоң көлөмдөгү көмүрдү казып алып, абаны зыяндуу бойдон калтырышы мүмкүн.

“Техникалык жактан алганда муну жасаса болот, бирок суутекти өндүрүүдө казып алынган отундун калдыктарын көмүү аны кадимки жол менен күйгүзгөндөн кымбатыраак болот. Азыр планетанын көп жеринде кайра жаралуучу булактардан энергия алуу, кадимки станциялардан энергия алганга караганда арзаныраак”, - деди профессор Томас Кабергер.
Кабергердин айтымында, жапон өкмөтү он жыл мурун көк суутекти негизги стратегия катары тандап алган. Ал учурда кайра жаралуучу булактардан энергия алуу анча эффективдүү эмес болчу. Азыр баары өзгөрдү, ошондуктан өкмөт өз чечимине өзү туткун болуп калды:
“Жапон компаниялары атаандаштыкка жөндөмдүү болуу үчүн арзан энергияга муктаж, алар эл аралык коомчулуктан четтеп калбоо үчүн таза энергияны колдонушу керек болот. Убакыттан кечигип калуу аларга кымбатка турушу мүмкүн”.
Ошол эле учурда Токио булуңунун жээгинде курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Станция 2023-жылы ишке кириши керек. Анын иштөө мөөнөтү 40 жылга эсептелген.
“Мен Жапониянын жасап жаткан иштери үчүн уялам. Мен абдан кыжырданып турам. Башка өлкөлөрдө жаштар көчөгө чыгып, карышылык көрсөтүп жатса, биздикилер жай баракат жашап жатат. Жаш муун өз пикирин билдириши керек”,- деди тоо боорунда сейилдөөбүзгө кошулган жыйырма бир жаштагы активист Хикари Мацумото. (ErA)












