Үйдөгү жылуулукту сактоонун төрт арзан ыкмасы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Үйүңүздү энергияга үнөмдүү кылуу кымбатка турушу мүмкүн, а эгерде сиз ал үйдү ижарага алып жаткан болсоңуз, же жаңы жылуулук насосторун жана кош айнектерди сатып алуу үчүн жетиштүү акчаңыз жок болсо, анда ишке ашыруу такыр мүмкүн болбой калышы мүмкүн.
Бирок акчаны үнөмдөгөн айрым арзан чечимдер бар. Үйүңүздө эң көп энергия жоготуп жатышы мүмкүн болгон жерлерди аныктап чыктык жана ушул кыштын эсебинен акчаңызды үнөмдөөгө жана жылынууга жардам бере турган бир нече жөнөкөй чечимдерди ойлоп таптык.
1: Эшиктер
Жылуу аба сиздин үйүңүздөн чыгып кеткиси келет жана бул үчүн мүмкүн болгон кычыктарды табат. Анткен менен анын ордуна муздак аба ичкери тартылып, жел урат. Бул үйүңүздү муздатып, энергияны ысырап кылат.
Эшиктерди жана терезелерди жабуу жетишсиз болушу мүмкүн, анткени кашектердеги боштуктар жылуу абаны сыртка чыгарууга жол берет - бул акчалай чыгымга алып келет. Төмөнкү термикалык сүрөттөрдө сырткы каалганын жел уруп, суук кирип турган жерлерин көрсөтөт.
“Эң суук температуралар кара, кызгылт көк болуп, каалганын тегерек-четиндеги шамал урган жерлер ушул түстөр менен көрсөтүлөт”, - дейт IRT Surveys компаниясынын өкүлү Жеймс Ричардсон. Алар үй ээлерине жылуулук кайда жоголуп жатканын аныктоого жардам берүү үчүн тепловизорлор колдонушат.
Кат салуучу жылчык, көбүнчө ысык абанын чыгуу жолу, бул жерде жылуу эле (кызыл жана сары түстөр) болуп көрүнөт, андыктан ал жакшы жабылып, изоляцияланган болушу мүмкүн.
Бирок бул жерге жөн гана жел тоскуч кыла турган болсок, жөн эле түрүлгөн сүлгүнү менен тоссок деле, муздак желди бөгөттөп коюуга болот. Муну биз буга чейинки жана кийинки сүрөттөрдөн көрө алабыз:
Энергетикалык фирмалар жана энергияны үнөмдөөгө үгүт кылып жүргөндөр сууктан сактануу үчүн эң жөнөкөй чечимдердин бири – муздак желди тоскучтарды колдонуу керек деген пикирде. Терезелерден жана эшиктерден суук өткөрбөй коюу менен бирге, бул сиздин чыгымыңызды кыскартууга жардам берет.

Үйдүн эшигинин алдында оролуп коюлган сүлгүнүн көрүнүшү жакшы болбой калышы мүмкүн, андыктан сиз андай тоскучту өзүңүз жасап көрүүгө аракет кылсаңыз болот.
Шамалды тоскучтар эшиктин туурасын жаап турганын билүү маанилүү. Ал эми тиккенге болбосо, керексиз чүпүрөктөрдүн узун кыркындыларын алып шымдын үстү жагын жана эки учун бууп байлаңыз.
Эгер сиз жинсы шымыңызды кесүүнү каалабасаңыз, анда узун чүпүрөктү алып, түтүккө окшотуп жасап, ичин ошондой эле жол менен толтурсаңыз болот. Сиз ыңгайлуурак формадагы шамал тоскучка ээ болосуз.
Home Energy Scotland кол өнөрчүлүктү чындап жактыргандар үчүн Улуу Британиянын олимп алтын медалын алган суучулдар командасынын саймасы менен же башка кооз саймалуу шамал тоскучтардын варианттарын сунуштайт.

2: Терезелер

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Начар орнотулган терезелер же терезедеги айнектер жылуулукту жогото турган жерлердин бири.
Энергия Үнөмдөө Трестинин айтымында, терезелерди эки кат айнек менен алмаштыра албасаңыз, бөлмөдөгү жылуулукту сактоо үчүн оор пардаларды колдонуу керек.
Термикалык сүрөттөр пардалардын жабылышы жылуулукту ичкериде кармап каларын көрсөтөт.
Сиздин күнү бою караңгыда отургуңуз келбеши мүмкүн, андыктан терезени шамалдан коргоо үчүн өзүңүз жасап алсаңыз боло турган пластикалык калканчаларды колдонуңуз.
Кээде алар чач кургаткычтын жардамы менен кичирейтилип керек жерге орнотулат. Кийин аларды алып салууга жана талапка жараша алмаштырууга болот.

3: Чатырдын эшиги

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Чатырыңызды жылуулоо жүндөн жасалган шляпа кийген сыяктуу - сизди жылуу-жумшак сактоо үчүн ылдыйдагы жылуулукту чыгарбай кармап турат. Андыктан, бул эшик башка эшиктер сыяктуу эле көңүл бурууну талап кылат.
Жеймс дагы бул эшиктин айланасында жылуулук жоголуп жатканын көрсөткөн термикалык сүрөткө таң калган. Бирок муну оңой эле оңдосо болот, ал үчүн анын айланасын тыгыз кымтып жылуулоо керек.
Интернеттеги сунуштардын бири - эшикин артына желим баштыкты жабыштырып, аны изоляция кылчу материалдын бир бөлүгү менен толтуруп, анан тыгыз жаап коюу. Ал люкту изоляциялоого жардам берип, аны жапканда четтеринен ылдый түшүп, шамалдын өтүшүн токтотушу керек.
4: Жүрүм-турум

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Энергияны жана акчаны үнөмдөөгө жардам бере турган көптөгөн майда-чүйдө нерселер бар, алар орнотуу, катыруу же жасоонун ордуна жөн гана жүрүм-турумубузду өзгөртүүнү талап кылат.
Көпчүлүк энергетикалык компаниялар акылдуу эсептегичти бекер орнотуп беришет, ал сизге энергияны колдонуу жана сарптооңузду көзөмөлдөөгө жардам берет.
Бирок күнүмдүк жашоодо эч нерсе талап кылбаган жана энергияны үнөмдөөчү башка майда-барат өзгөрүүлөр бар. Анын ичинене жалпы белгилүүлөрү - жуунуга азыраак убакыт коротуу, керексиз жерде жарыкты өчүрүү же термостатты өчүрүү.
Eco-Experts блогу "имаратты эмес, адамдарды жылуулоону" сунуштайт. Эгерде сиз үшүбөсөңүз, борбордук жылытууну дайыма күйгүзүп туруунун кажети жок чыгар. Киши турбаган бөлмөлөрдү жылытпаңыз.
Дагы кошумча идеялар:
Тамак бышыруу учурунда казан-аяктын капкагын жаап коюңуз - ал тезирээк бышат
Тамакты ысытуу үчүн плитаны эмес, микротолкундуу мешти колдонуңуз
Чайнекти ашыкча толтурбаңыз. Толук чайнекти кайнаткандын ордуна чайнекти эки чыны чайга толтуруу бир топ акча үнөмдөйт
Муздаткычыңызды эритип туруңуз - ал натыйжалуураак иштейт
Кичинекей телевизор сатып алыңыз - Age UK мындай дейт: жалпысынан кичинекей телевизорлор азыраак чыгым кылышат, а плазмалык экрандуу телевизорлор көбүрөөк электр энергиясын колдонот.
Жана аягында, бир эски жакшы кеңеш бар – ал ата-энелер тарабынан кылымдар бою кайталанып келет - эгер үшүп жатсаңыз, кошумча катмар кийим кийиңиз – кабат кийимдердин ортосунда жылуу аба кармалып тургандыктан бир нече жука катмар кийим сизди бир калың катмарга караганда жылуураак кармап турат. (DO)












