Энергетикалык кризис: Кыргызстанда жарык үнөмдөө башталды
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстанда үч күндөн бери электр энергиясын үнөмдөөнүн жаңы тажрыйбасы ишке ашырылып жатат. Тактап айтканда, кечки саат 7ден 00:00гө чейин кафе-ресторан, мончо, парк жана көчөдөгү жарыктарды өчүрүү рейддери жүрүүдө.
Бишкектеги “Сармерден” ресторанынын ээси Дүйшөмамбет Орозалиев жаңы эрежеге ылайык, имараттын сыртындагы жарыктарды өчүрүүгө туура келгенин айтат.
“Калганын өчүрө албайм, ресторанымдын аталышын өчүрсөм, кардарлар чыкпай калат. Бирок келип жарыкты өчүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин өткөзүп кетишти. Сууну үнөмдөш керек деп атат, кышкысын такыр свет өчүп калса, бизге деле жаман, кошумча чыгым. Баш ийип жатабыз”, - деди Орозалиев.
Бул текшерүүлөрдүн катардагы абоненттерге тиешеси жок. Бирок коомдук жайларда, көчөлөрдө түндөсү жарыкты өчүрүп, караңгы бойдон калтыруу коомчулукта кылмыштуулукка алып келбейби деген чочуулоолорду жаратып жатат.

Сүрөттүн булагы, Social media
Энергетика жана өнөр жай министрлиги кечкисин коомдук жайларда жарык өчүрүүнүн жол-жобосу жөнүндө түшүндүрмө берди. Аталган министрликтин өкүлү Айбек Айдаралиев билдиргендей, мисалы, кечинде көчөлөр биротоло капкараңгы болуп өчүрүлбөйт.
“Бир көчөнү эки бетинен тең жарыктандырган жерлер бар. Ошолордун оң же сол жагын өчүрүп, бир гана жагын калтырабыз. Көчөлөр жарык эле бойдон калат”, - деп түшүндүрдү Айдаралиев.
Ал эми имараттардын сыртын түнкүсүн жарыктандырып, жарнама иретинде жарыктандыргандар толугу менен өчүрөлмөкчү. Ошондой эле, соода борборлору, андагы лифттер баары ишин уланта берет.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Электр энергия болот. Болгону өтө деле керек эмес, энергия короткучтарды өчүрүп туралы деп жатабыз. Туура түшүнүү менен кабыл алсак”, -деди аталган министрликтин өкүлү.
Кыргызстанда быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,295 млрд кубометрди түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 2,9 млрд кубометрге аз болууда.
Эгер суунун көлөмү кышында 6 млрд кубометрге түшсө, ГЭС иштебей калат. Андыктан кыргыз өкмөтү энергияны үнөмдөө чараларына өтө баштады.
Улуттук Энергохолдингдин жетекчиси Талайбек Байгазиев ысырапчылыкты азайтуу керек дейт. Анын айтымында, Кыргызстанда электр энергиясын колдонгон баш-аягы 1,5 миллион абонент бар.
“Ар бир жаран азыркы көйгөй бир эле энергетика тармагынын эмес, калктын көйгөйү экенин түшүнүшү керек. Эл менен иштеп жатабыз. Эгерде былтыркыдай эле электр энегиясын колдонсок, январь-февралда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азаят”, - дейт Байгазиев.
“Бир киловатты иштеп чыгуу үчүн бир литр керектелсе, эки литрден керек болуп калат. Суунун көлөмү канчалык төмөн болсо, суу ошончолук көп коромжу болот”.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Ушу тапта Кыргызстанда суткасына 30 млн. кВт/саат керектет. Анын үчтөн экисин Кыргызстан өзү өндүрсө, калганы коңшу өлкөлөрдөн алынып келинет. Анын үстүнө жыл сайын электр энергиясын колдоонуу өсүп жатат.
Мындай жүрүштө быйыл кышкысын кезеги менен жарык өчүрүүлөр орун албайбы деген кооптонуулар бар. Бирок Улуттук электрохолдинг эгер үнөмдөө ишке ашса, андайга жол берилбей деп ишендирүүдө.
“Катуу суук келгенге чейин көмүр отунун эрте камдап алсак. Октябрдан тарта калкка көмүр ташуу башталат. Энергеика министрлиги, “Кыргызкөмүр” жана көмүр өндүрүүчү компаниялар бизге колдоо көрсөтүп, элди камсыздап берет деп ишенем. Мүмкүнчүлүк болсо эле электр жылытуулардан газга өтсөк. Бул арзан дагы”, - деп кошумчалады Байгазиев.
Ал ортодо социалдык тармактарда Бишкектин айрым райондорунда жарык көп өчүрүлө баштаганы тууралуу талкуулар жүрүүдө.
Былтыр да кезеги менен жарык өчүрүүлөр орун албайт деген убадаларга карабай, улам свет өчүрүлө бергендиктен Бишкектин чет жакасындагы Ак-Жар жана Ак-Босого жаңы конушунун тургундары нааразылык иретинде жолду бууп, машиналарды өрттөшкөн эле.

Сүрөттүн булагы, Kloop
Быйыл андай кырдаал жаралбашы үчүн жетпеген электр кубатын мамлекет каяктан алат деген өзүнчө суроо турат.
“Тегеребизден ала коёлу десек, аларда дагы дефицит. Казакстанда, Өзбекстанда да азыр бул жаатта кыйынчылык болуп жатат, бүт резервдерин пайдаланып койду. Магистралдык желелерге азыртан эле күч келе баштады. Кыштан кантип чыгабыз деп аларда да көйгөй чоң”, - дейт Улуттук Энергохолдингдин жетекчиси Талайбек Байгазиев.
Кыргызстанда энергетика тармагы эчен жылдан бери кризиске батып, андан чыгуунун бир жолу катары тарифтерди көтөрүү сунушталып келет.
Энергетика жана өнөр жай министрлиги быйыл жайында энергиянын бир кВт/саатын катардагы абнонеттерге 1 сом 9 тыйындан эсептөөнү демилгелеген.
Эгер абонент бир айда 1000 кВт/сааттан ашык электр энергиясын жакса, андан аркы баа 2 сом 52 тыйындан саналмак.
Бирок бул чечим коомчулукта нааразылык жаратып, жаңы тарифтерди киргизүү улам кийинкиге жылдырылып келет.







